Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Оппозиция: бийлик түрмөдөгү окуяны бурмалап жатат


"Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясынын" мүчөсү Сатар Каримов менен коштошуу зыйнатында. 21-май, 2019-жыл.
"Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясынын" мүчөсү Сатар Каримов менен коштошуу зыйнатында. 21-май, 2019-жыл.

Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясы" түрмөдөгү тополоңдо өлгөндөрдүн саны бийлик билдиргенден кыйла көп экенин айтууда.

Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясы" коңшу өлкөнүн бийлигин түрмөдөгү тополоңдо өлгөндөрдүн санын азайтып берип жана эмне болгонун так айтпай, маалыматты жашырып жатканы үчүн айыптады. Оппозициялык партия шейшембиде тараткан билдирүүсүндө 19-майдын кечинде болгон окуяда өлгөндөрдүн саны бийлик кабарлагандан кыйла көп экенин өз булактарына таянып жарыялады.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги баш калаа Дүйшөмбүдөн 15 чакырымдай жерде жайгашкан Вахдат районундагы катуу кайтаруудагы түрмөдө чыккан жаңжалда 32 адам каза тапканын билдирди. Алардын үчөө түрмө кызматкерлери, 29у жаза өтөгөндөр деп кабарланды. Курман болгондордун арасында түрмөдө мөөнөтүн өтөп жаткан “Ислам кайра жаралуу партиясынын” үч мүчөсү да бар.

Министрлик ошондой эле жаңжалда өлтүрүлгөндөрдүн 17си "Ислам мамлекети" радикал тобунун мүчөлөрү болушканын билдирди.

Расмий версияга караганда, бул террордук уюмдун түрмөдө жаткан тарапташтары тополоң уюштуруп, алгач колониянын үч кызматкерин барымтага алышып, анан мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Андан соң ушул эле түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан “Ислам кайра жаралуу партиясынын” белгилүү активисттерин жок кылышкан.

Вахдат районундагы түрмө.
Вахдат районундагы түрмө.

Анткен менен бийликтин бул маалыматын көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн болгон жок. Жарым жыл мурда Худжанддагы түрмөдө ушундай эле кандуу жаңжал чыгып, анда жыйырмадан ашуун киши жок болгону кабарланган. Өз билдирүүсүндө "Ислам кайра жаралуу партиясы" бийлик ал жаңжал тууралуу да маалыматтарды жашырып койгонун белгилейт.

Москвадагы саясат таануучу Андрей Серенко эки окуяда тең бийлик күнөөнү “Ислам мамлекети” радикал уюмунун тарапташтарына оодарып жатканы күмөн жаратарына токтолот:

- Расмий маалыматка таянсак, “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун тарапташтары түрмөлөргө көзөмөл орнотуп жатышат. Бул деген тажик түрмөлөрү "жихад академияларына" айланып, ал жакта отургандар радикалдашып баратканын көрсөтүүдө.

Каза болгон колониянын кызматкери Абдужабор Халимов.
Каза болгон колониянын кызматкери Абдужабор Халимов.

​“Ислам кайра жаралуу партиясы” бийлик эки окуяда тең коомчулукка "түшүнүксүз жана так эмес" маалымат бергендиктен, ар кандай суроолор жана шектенүүлөр жаралганын белгилейт.

"Партия тополоң жана анын жыйынтыгы үчүн толугу менен өкмөт жоопкер деп эсептейт. Партиянын жетекчилиги анын түрмөдөгү мүчөлөрүнүн саламаттыгы жана коопсуздугу да бийликтин жоопкерчилигинде” - деп айтылат билдирүүдө.

Тажикстанда "Ислам кайра жаралуу партиясы" 2015-жылы бийлик тыюу салганча негизги оппозициячыл күч болгон. Бийликтин бул кадамын эл аралык уюмдар жана чет жактагы активисттер да айыпташкан.

"Азаттыктын" тажик кызматы кабарлагандай, шейшембиде жаңжалда каза тапкан түрмөнүн үч кызматкеринин сөөгү жерге берилди. Вахдат шаарындагы колонияда бир жыл иштеген майор Абдужабор Халимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Хатлон облусунда болду.

2013-жылы теракт даярдоого айыпталып, 21 жылга эркинен ажыратылган Алимурад Махоновдун сөөгүн коюуга туугандары катышпаганы кабарланды. Ал эми "Ислам кайра жаралуу партиясынын" өкүлү, төрт жыл мурун 26 жылга кесилген Сатар Каримовду акыркы сапарга узатууга жакындарынын катышуусуна уруксат берилди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG