Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Казак сериалы тажикстандыктарды таарынтты


Тажикстан - Дүйшөмбү, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги, 1-август, 2014-жыл
Тажикстан - Дүйшөмбү, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги, 1-август, 2014-жыл

Казакстанда сегиз жыл мурда тартылган “Патруль” аттуу сериал тажикстандыктарды экинчи жолу ачуулантты. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Казакстанга нааразылык нотасын жиберди. 

Казакстанда тартылган “Патруль” аттуу сериал тажикстандык интернет колдонуучулар арасында кызуу талкууланып жаткан чагы.

Фильмде Серик жана Берик аттуу эки башкы каарман капыстан алдынан чыккан бети-башы кир, жүдөө адамды кармап алышат. Кармалган адам же орусча, же казакча билбейт.

Кинодогу полиция кызматкерлери Серик менен Берик аны эмгек мигранты деп ойлоп, полиция бөлүмүнө алып келишет. Дубал сырдатып, машина жуудурушат. Тасманын соңунда гана Тажикстандын элчисин кармап алганын билишет.

"Кузовду гана жууйсуң. Үстүн, капталын бүт жуугун. Түшүндүңбү? Тажикче мыкты сүйлөп калыпмынбы? Оңой тил турбайбы".

Бирок кинодогу каарман тажикче эмес, өзбекче сүйлөйт. Сериалдын дал ушул бөлүгүнө тажикстандык интернет колдонуучулар теригип жаткан чагы. Алар сериал тарткандар ушул кадр менен тажик элин ачыктан ачык шылдыңга алды деп жатышат.

"Сериалдын каарманы өзбекче сүйлөп жатат. Алар болсо “кайсы бир тажик” деп атышат. Силер өзүңөрдү ким деп ойлойсуңар? Кыйын болуп кеттик дейсиңерби? Мен тажикстандык мигрантмын. Орусияга кел, мекендештериң Москвада кантип иштеп жатканын көр. Мен аларды күн сайын көрөм", - деди тажикстандык блогер Юсуф Жураев.​

Бул талашка Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да аралашып, Казакстанга нааразылык нотасын жолдоду.

"Сериалды тарткан В.А.С. продакшн продюсердик борборуна жана сериалга буюртма ТОО көз карандысыз телеканалына карата улуттар аралык кастык жаратуу фактысы боюнча тез арада казак мыйзамдары менен укуктук баа берилишин талап кылабыз".

Чоң чырга тамызгы болгон бул сериал эфирге 2012-жылы чыккан. Ошондо эле нааразылык жаратып, сериалдын авторлору чуулуу эпизодду дароо өчүрүп, тажикстандыктардан кечирим сурашкан эле.

Бирок арадан сегиз жыл өтүп кеткенден кийин кайра эле ошол маселенин көтөрүлүп жатышын сериалдын жаратуучулары карантинден көрүп жатышат.

"Балдар адаштырып алган экен. Бул жерде өзгөчө эч нерсе деле жок. Тажикстан нааразылыгын билдиргенден кийин эле сериалдын ошол бөлүгүн өчүрүп, архивден алып таштаганбыз. Кечирим сураганбыз. Бул тема сегиз жылдан кийин эмне үчүн көтөрүлүп жатат? Себеби, карантин окшойт", - дешти тасманын жаратуучулары.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги тажикстандык кесиптештеринин нааразылык нотасына азырынча жооп бере элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG