Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 14:21

Жерге-Талда жети кишини жуткан кырсык болду


Тажикстандык кыргыз Абдил-Ахат Курбанов. Чүйдө, Сокулуктагы үйүнүн жанында мурдараак тартылган сүрөт.

Тажикстандын мурдагы Жерге-Тал, азыркы Лахш районунда жол кырсыгында каза болгон жети кыргыз өздөрү туулган Кошой айылында жерге берилди. Маркумдардын баары эки үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Окуя 30-сентябрда түнкүсүн ушул кыштактын жакасындагы кыя жолдо болгон. Бул жөнүндө кененирээк маалымат алыш үчүн тажикстандык кыргыз, учурда Кыргызстанда жашаган журналист Абдил-Ахат Курбановду кепке тарттык.

“Азаттык”: Абдил-Ахат мырза, Жерге-Талдагы жол кырсыгы боюнча кандай маалыматтарды ала алдыңыз? Окуя кайсы жерде болуптур, каза болгондордун жана жабыркагандардын так саны белгилүүбү?

Абдил-Ахат Курбанов: Окуя өзү 30-сентябрь күнү кечинде болуптур. Бизге эртеси таңга маал кабар жетти. Азыр Лахш деп расмий аталганы менен биз дагы деле Жерге-Тал деп айта беребиз да. Ошол жердеги Кошой айылына кире бериштеги Кара-Кыя участкасында болуптур.

Илгери мен ошол жерде райондук гезитте иштеп жүргөндөгү кесиптешим бар эле, Асланбек Шарапов деген. Ошол Асланбектин эки иниси Темирбай жана Насир Шараповдор бала-чакасы, үй-бүлөсү менен жогоруда картөшкө өстүрүшкөн экен. Ошонун түшүмүн казып, жыйнап, машинеге жүктөп, күүгүмдө келатышып ушул кырсыкка туш болуп калышыптыр.

Тажикстан, Лахш, Кошой айылы. Кырсык болгондон кийин тартылган сүрөт.
Тажикстан, Лахш, Кошой айылы. Кырсык болгондон кийин тартылган сүрөт.

“Зил” автоунаасынын айдоочусун кошкондо 12 киши болгон экен. Кырсыкты кайдан деп болбойт, маңдайга жазганы экен, машине аңтарылып, дарыяга түшүп кетиптир. Темирбай өзү үч баласы менен, Насир өзү бир уулу менен жана Асланбектин бир уулу мерт болуп калыптыр. Ошентип, бир туугандардын үй-бүлөсүнөн жети киши каза болду. Алар 1-октябрда Кошойдо жерге берилди.

Азыр алардан сырткары дагы беш киши жабыркап, ооруканада жатат. Алар абдан оор абалда, эсине келип-келбей жатышат. Абдан боорубуз ооруп, кабыргабыз кайышып олтурабыз.

“Азаттык”: Азыр эми жабыркагандарга, каза болгондордун жакындарына кандай жардам зарыл болуп турат?

Абдил-Ахат Курбанов: Негизи жакындарын жоготкондор, жабыркагандар өздөрү азыр жардам сураганга акыбалы жок, анысы ойго деле келбей олтурушат. Акыбалы оор.

Алар өздөрү суранган деле жок. ​Жардам боюнча мен өзүм эле демилге көтөрүп жаткандагым. Балким “Азаттыкты” угуп, окуп калган боорукер адамдар аларга бир жардам берүүнү ойлонуп калышаар. Азыр жабыркагандар эсеп же башка нерсе ачууну деле ойлонушкан жок, аны мен балким ошентип уюштуруп кол кабыш кылаарбыз дегеним. Албетте, болуп калса да эми.

Мүмкүн кыргыз өкмөтү тарабынан кандайдыр бир колдоо болуп калабы деген үмүт бар, менде. Анткени сыртта жашаган кыргыздар "Кыргызстан" деп укканда духу көтөрүлүп, Кыргызстанды жөлөнөөр тоо сыяктуу сезишет.

“Азаттык”: “Азаттыктын" тажик кызматы күч органдарына таянып билдиргендей, баштапкы маалыматтарда "айдоочу рулду башкара албай калган" деп айтылып жатат. Бирок сиз билесиз да. Жол өзү кооптуубу же кырсыкка башка да нерселер себеп болдубу?

Абдил-Ахат Курбанов: Кара-Кыянын узундугу деле 200-300 метр эле болушу керек. Кошойдон чыккандан кийин Мыктын-Коргону деп коет. Ылдыйы сай, Көк-Суу дарыясы агып келет. Жол анча коркунучтуу деле эмес. Балким ошо караңгыда, чарчап келатып үргүлөп кеткендир же транспорт бузулуп калгандыр. Ким билет? Бирок жолдун жамандыгынан болду деп айта албайм. Бул жөн гана кырсык болуш керек. Андан башка нерсени издештин кереги жок.

Тажикстан, Лахш, Кошой айылы. Кырсык болгон жер.
Тажикстан, Лахш, Кошой айылы. Кырсык болгон жер.

Эми албетте, ошол жерде же ошонун айланасында мурда деле жол кырсыктары болуп калчу. Аягы өлүмгө алып келген авариялар деле болгон. Бирок алар көбүнчө жаан-чачында, же кышкысын жол муз болуп калганда катталчу.

“Азаттык”: Тажикстанда 55-60 миңдей кыргыз бар экени айтылат. Алар негизинен Жерге-Тал жана Мургаб аймактарын байырлашаары жөнүндө маалымат бар. Сиз өзүңүз да Кыргызстанга көчүп келген киши катары билсеңиз керек, ал жактан Кыргызстанга канча кыргыз биротоло келген?

Абдил-Ахат Курбанов: Негизи Тажикстандан Кыргызстанга келгендер боюнча так статистика жок. Бир көбүрөөк, бир азыраак кылып айтып жүрүшөт. Илгери качып келип жүрүштү, кийин ээн-эркин келип атышты.

Акыркы жолу Кыргызстандагы акыркы парламенттик шайлоодо Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) бир талапкерин колдоп, четтен келген кыргыздар "биздин маселелерди чечип берсе" деп, бир добуштан колдойлу деп чечкенбиз. Ошондо 27 миң киши чыкканбыз. Бул эми шайлоого катышууга укугу барлары да. Каттала электер бар эле, жаш балдары кирбей калган дегендей. Демек Кыргызстандагы тажикстандык кыргыздардын саны ушул сандан көп деп айтууга болот.

“Азаттык”: Каттала албай жүргөндөр тууралуу белгилей кеттиңиз, ал маселле дагы эле чечиле элекпи? Тажикстандан келген кыргыздардын андан башка дагы кандай көйгөйлөрү бар?

Абдил-Ахат Курбанов: Албетте, ошол эле каттоого туруу жана паспорт алуу маселеси дагы эле бар. Көпчүлүгүндө бул маселе чечилди, бирок дагы эле ала электер бар. Өзгөчө жаңы келип жаткандар ошо каттоого туруудан кыйналып жатышат. Мыйзамдар бар, мамлекеттин "кам көрөбүз" деген убадасы бар. Бирок ошол документти бере турган органга барганда убаракерчилик көбөйүп кетүүдө.

Мындан сырткары жер маселеси да бар. Кыргызстандын өзүндөгү жергиликтүү тургундарга да жер тилкеси жетишсиз экенин билебиз. Бирок аларга деле берилип жаткан учурларда четтен келген кыргыздарга да участоктор берилип калса жакшы болмок.

Ал жактан келгендердин арасында жер эле эмес, үй-жайды кабаттап салып, катар-катар саан уй, бука багып, машине мингендери деле жок эмес. Акыйкатта көбү эле жетишип жашайт. Бирок беш кол тең эмес дегендей, жетишпегендерине да мамлекет колдоого алып турса деген өтүнүч бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG