Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Тажик адвокатынын абак мөөнөтү узарды


Дүйшөмбү
Дүйшөмбү

23 жылга кесилген Бузургмехр Ёровго сотту сыйлабады жана бийлик өкүлдөрүнө акарат кылды деген жаңы айып тагылды.

Ал 2015-жылы Кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча айыпталып абакка кесилген. Ёров менен анын тарапкерлери кылмыш иштин артында саясат турат деп эсептешет.

Эки жылдан бери абакта жаткан адвокат Бузургмехр Ёров жаңы жазаны кошкондо жалпысынан 25 жылга соттолмой болду.

“Азаттык” радиосунун тажик кызматына Ёровдун жактоочусу Мавлуд Мамадкулов Жогорку Соттун көчмө жыйыны Дүйшөмбүдөгү Юстиция министрлигинин абагында өткөнүн билдирди:

- Мен коргоп жаткан адам 355-берененин 2-бөлүгүнө (сотту сыйлабагандык) ылайык эки жылга соттолду жана 30-берене менен (бийлик өкүлдөрүнө акарат келтирүү) бир жылга түзөтүү абагына кесилди.

Ёровдун аялы Зарина Набиеванын айтымында, тагылган жаңы айыптар боюнча соттук отурумга жакындарынан эч ким катыша алган эмес.

- Түштөн кийин гана күйөөм менен абактан жолуктум. Ал соттун өкүмү менен макул эместигин жана даттанарын айтты.

Бузургмехр Ёров
Бузургмехр Ёров

Бузургмехр Ёров 2016-жылдын октябрь айында Дүйшөмбү сотундагы акыркы сөзүндө тажик акыны Мумин Каноаттын “Менин агам” деген ырынын “...бул эки-үч акылсыз түркөй…” деген саптарын мисал келтирген. Бул үчүн мамлекеттик айыптоочу Рустам Такдирзод менен кайым айтышкан жана прокурор буга "бийликтин өкүлүн мазактоо" деп баа берген.

Буга чейин Ёров Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясынын активисттеринин жактоочусу болгон. Аны 2015-жылдын сентябрында күч кызматкерлери кармап, көп өтпөй Ички иштер министрлиги “Ёров көз боёмочулук кылган жана жалган документ жасаган” деп шектелип жатканын маалымдаган.

Эки айдан кийин ал айыпталып жаткан эки беренеге дагы үчүнчүсү кошулуп, “экстремисттик ишмердүүлүккө чакырык жасоо” деген айып менен 23 жылга кесилген.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Тажикстанда адвокаттардын камалышына буга чейин да камтамачылыгын билдирген. Анда 2014-жылдан бери коңшу өлкөдө кеминде беш адвокат саясий себептен улам камалганы айтылат.

Тажик бийлиги камалгандардын да, эл аралык уюмдардын да айткандарын четке кагып келет.

2015-жылы 4-сентябрда Дүйшөмбүдө бир нече жерде күч кызматкерлерине кол салуу болуп, сегиз милиционер курман болгон. Бул бийликти басып алуу, куралдуу төңкөрүш аракети деп бааланып, уюштуруучу катары генерал Абдухалим Назарзода атайын операция учурунда өлтүрүлгөн.

Ага каржылык жактан көмөктөшкөн деген айып менен Тажикстандын "Ислам кайра жаралуу" партиясынын 13 мүчөсү камалган. Кийин алардын баары соттолуп, Борбор Азиядагы жалгыз диний партиянын ишмердүүлүгүнө расмий түрдө тыюу салынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG