Линктер

бейшемби, 24-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:13

Тажикстан: мунапыс ордуна жаза


Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандык укук коргоочулар Сириядан кайтып келгендерге куугунтук башталганын билдиришүүдө.

2014-жылы президент Эмомали Рахмондун сунушу менен Жазык кодексине алымча-кошумчалар киргизилген. Ага ылайык, экстремисттик-террордук уюмдардын катарында жүрүп, бирок кийин андай кылганына катуу өкүнүп, мекенине кайтып келгендерге мунапыс берилиши керек. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, өлкөдө мындай мунапыска туш болгондор кайра кармалып, камала башталган.

Садриддин Муллоев.
Садриддин Муллоев.

Садриддин Муллоев Тажикстанга быйыл февралда кайтып келген. Ал мекенинде тыюу салынган «Таблиги жамаат» диний уюмунда жүргөнүн мойнуна алып, буга өкүнөрүн билдирген. Ички иштер министрлигинде иштегендер анын кылганына өкүнүп, өзү сыяктуу «адашып» жүргөндөрдү туулган жерине кайтууга үндөгөн сөзүн, видеотасмага тартып алышкан. Атасынын айтымында Садриддинге мунапыс берилген, бирок жети айдан кийин ага кылмыш ишин козгоп, кайра камап коюшкан.

- Мен аны ТИЗОго түшкөндөн бери көрө элекмин, - деди атасы. - Кичүү уулум ал убактылуу камоочу жайда отурганда үч жолу тамак-аш жеткирип берди. Кечээ барып келгенден кийин Садриддинди Дүйшөмбүдөгү тергөө абагына которушканын айтты.

Укук коргоочу Каромат Шарипов эки жыл мурун бир нече тажикстандыкка мекенине кайтып келүүгө жардам берген. Алар өлкөдө тыюу салынган радикал уюмдарга тиешеси бар деп айыпталганы менен, бийлик аларга коопсуздук менен эркиндикти убада кылган. Бирок, Шариповдун сөзүнө караганда, анын көмөгү менен кайтып келгендердин баарын кармап, түрмөгө камашкан.

Каромат Шарипов.
Каромат Шарипов.

- Сырттан келе албай жүргөндөр биздин уюмга кайрылып, өздөрү суранышкан, - деди укук коргоочу. - Биз бийлик өкүлдөрү менен сүйлөштүк. Бийликтегилер бизге «өз ыктыяры менен кайтып келгендер жазага тартылбайт» деп айтышты. Анан алар кайтып келе башташты. Үйлөрүнө келишет деп күтүп атканбыз. Бирок аларды Дүйшөмбүдө учактан эле кармап кетишти.

2019-жылга чейин Тажикстанга экстремисттик-террордук уюмдардын катарында жүргөн 170тей киши кайтып келген. Алардын канчасы абакта, канчасы эркиндикте экени укук коргоочуларга белгисиз. Укук коргоочу Солижон Жураев бийлик андай маалымат бербей турганын айтты:

Ал жакта өмүрү болбогондор деле ошентип айыпталып жатат.


- Бул фактынын өзү кооптуу. Алардын ошол өлкөлөрдө согуштук операцияларга катышкан-катышпаганы да так эмес. Ал жакта өмүрү болбогондор деле ошентип айыпталып жатат. Соттор көз каранды. Прокуратуранын кысымы менен күнөөсүз адамдарды түрмөгө отургузуп жатат. Мындай фактылар көп, болбогон бир себеп таап камап атышат.

Айрым укук коргоочулардын айтымында, мекенине өз каалоосу менен кайтып келгендерге мунапыс берүү программасын бийлик өзүнө ыңгайлаштырып алган.

2019-жылы мекенине өз эрки менен кайтып келгендер тууралуу маалыматты ИИМ ушул жылдын аягында жарыялайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG