Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:37

Тажик жаранын өлтүргөн орус аскерлери соттолду


Федор Басимов менен Ильдар Сахапов сотто.
Федор Басимов менен Ильдар Сахапов сотто.

Тажикстандагы таксистти өлтүрүүгө айыпталган эки орус аскери абакка кесилди. Орус аскер гарнизондук соту Федор Басимовду 17 жылга, Ильдар Сахаповду 13 жылга эркинен ажыратты.

Ал эми каза болгон таксисттин жакындары айыптууларды өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылышууда.

Орусиянын Тажикстандагы 201-аскер базасынын эки жоокери - Федор Басимов менен Ильдар Сахаповдун үстүнөн чыгарылган өкүмдү Орусиянын аскер гарнизондук соту чыгарды. Орусия аскерлерине жергиликтүү таксист Рахимжан Тешебаевди өлтүргөн деген айып коюлган.

-Тешебаевди атайылап өлтүрүүгө айыптуу деп табылып, Федор Басимов 17 жылга жана Ильдар Сахапов 13 жылга эркинен ажыратылсын. Булар катаал тартиптеги абакка кесилет. Экөөнүн тең аскердик чиндери толугу менен алынып салынсын, - деди Тажикстанга келген Орусиянын аскер гарнизондук көчмө сотунун судьясы Дмитрий Норвинд акыркы өкүмүн угузуп.

Сот мындан сырткары эки айыптууну маркумдун үй-бүлөсүнө 1 млн. рубль өлчөмүндө материалдык кун төлөп берүүгө милдеттендирди. Кун акынын 40% Сахаповго, 60% Басимовго жүктөлдү.

Айыпталуучулардын адвокаты Абдукайым Юсуповдун айтуусунда, Ильдар Сахапов соттун чечимине нааразылык билдирип, жогорку инстанцияга кайрыларын билдирген. Федор Басимов болсо апелляция жазууну эп көргөн эмес.

Мамлекеттик прокурор Александар Корниенко буга чейин айыптууларды 14 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратууну талап кылган эле. Ал эми өлтүрүлгөн Рахимжан Тешебаевдин жакындары күнөөлүүлөрдү өмүр бою эркинен ажыратууну суранып келишкен.

Жабыр тарткандардын жактоочусу Нигора Хаитова сот чечимин комментарийлеп жатып, буларды билдирди:

- Рахимжан Тешебаевди өлтүрүшкөндөн кийин Басимов курман болгон жарандын унаасынан 37 миң 500 рублды алып кеткен. Ошого ал көбүрөөк убакытка эркинен ажыратылып жатат. Бирок биз бул эки аскерди өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылып жатабыз.

Орус аскерлери өлтүрүп койгон тажик таксисти Рахимжан Тешебаевдин мууздалган денеси былтыр көл жээгинен табылган. Ал адамдарды ташып, акча таап тиричилик кылчу. Ошол күнү ал орус аскерлерин жеткирип баратып, чатакташып кеткен.

Каза болгон Тешебаевдин апасы Хикоят Тешебаева сотто каңырыгы түтөп отурду:

- Уулумду эч күнөөсүз эле өлтүрүп коюшту. Аны балдарына мектеп формасын алам деген акчасын жанында алып бараткан жеринен өлтүрүп кетишкен. Эми балдары мектеп формасы турмак, атасы да жок калышты. Үч бала жетим калды. Аялы болсо көзү азиз, майып болчу. Мен болсо 200 сомони пенсия алам. Эми бул балдарын, үй-бүлөсүн ким багат?

Бул Тажикстанда орус аскерлери катышкан биринчи эле окуя эмес. 2009-жылы сентябрда Тажикстанда милициянын капитаны, таксист болуп акча тапкан Амир Муродовдун сөөгү табылган. Белгилүү болгондой, таксистти Тажикстандагы 201-орус аскер базасында кызмат өтөгөн Вячеслав Чернов менен Дмитрий Кучма чырлаша кетип, өлтүрүп салышкан.

Армениядагы Орусиянын базасынын 19 жаштагы аскери Валерий Пермяков аскерден качып башка жакка кетүү үчүн жергиликтүү үй-бүлөлөрдүн биринен жети кишини, анын ичинде жаш балдарды өлтүрүп салган. Ал мыйзамсыз курал алып жүргөнү боюнча соттолгон, бирок адам өлтүрүү боюнча соту боло элек.

Кийинчерээк Армениянын Гүмри шаарындагы орус базасынын аскери башка бир орусиялык жоокерди бычактап өлтүрүп салган.

2012-жылы 1-январда Молдовиянын Приднестровье аймагы менен чек арасында орусиялык жоокер 18 жаштагы Вадим Писарды көзөмөл бекеттен машинасы менен өтүп баратып, баш ийбей койгону үчүн атып салып, ал кийин ооруканада көз жумган.

2014-жылдын 6-апрелинде Крымда орусиялык жоокер Евгений Зайцев Украинанын аскер кызматкери Станислав Карачевскийди атып салган. Бул Орусия Крымды аннексиялап жаткан учур болчу жана андан украин армиясы толугу менен чыгып кете элек эле.

Орусиянын Арменияда, Беларуста, Кыргызстанда жана Тажикстанда аскер базалары бар.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG