Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

Тайганын абагында өткөн жаштык


Орусия Алтай аймагындагы абактардын бири. Архивдик сүрөт.

Бекмамбет Атаканов жаштыгын сталиндик абакта өткөргөн. Миллиондордун башын жуткан ал апаат жазуучунун романдарында чагылдырылган. Бул ирет сүрөткердин “Мадылбек” аңгемеси тууралуу кеп кылaбыз.

"Ал акчага эки кап жүгөрү келчү"

Мезгилдүү басма сөздө берген маектеринин биринде Бекмамбет Атаканов кантип жана кандайча сталиндик абакка түшүп калышынын себебин мындайча түшүндүргөн:

“Мен 1929-жылы Миң-Булак айылында туулгам. Чалдыбар мектебинде 14 жашка чейин окудум. Ал кезде мугалимдер тартыш болгондуктан мени Социализм (азыркы Калинин) мектебине башталгыч класстын мугалими кылып коюшту. Бир жылдан соң кайра өзүбүздүн мектепке келип, дагы бир жыл билим алып, 8-классты бүттүм. 1945-жылы айылыбызда Тотур деген жеңем бар эле, ошол чакырып, “сен да мага окшоп финагент болуп иштебейсиңби?” деп калды. Жок десем болбой улам айта бергенден макул болуп, Киров районунун (азыр Кара-Буура) Грозный айылында финагент болуп иштөөгө өттүм. Элден салык чогултуп жүрүп, 11 миң сом чогулттум. Ал кезде ал акчага эки кап жүгөрү келчү. Ал акчаны районго төгөйүн деп барып уурдатып жибердим. Милицияга барып айтсам, көңүл бурушкан жок. Не кыларымды билбей ыйлап үйгө келсем, атам угуп, катуу урушту. Ошо менен жумушка барбай койдум. Үч күндөн кийин милиция кызматкерлери келип, кармап кетишти. Суракта менин жашыма эки жаш кошуп салышкан экен, сот мени 10 жылга соттоп жиберди. Ичимден “уурдатып жиберсем, чындап кесмек беле?” деп ишенген жокмун. Бирок Фрунзеге алып келип, бир жыл балдар колониясында кармашып, анан Сибирге айдаганда гана бошотот деген үмүтүм үзүлдү”.

Атакановдун уурдатып жиберген 11 миң сому ошол кездеги эки мүшөк жүгөрүнүн акчасы экен, жаалы катуу бийлик 16 жаштагы баланы уурдалган акча үчүн он жылга соттоп атпайбы. Ал кезде талаадан терип алган бир баштык машак үчүн соттолуп кеткендер көп болгон. Катаал мезгил, катаал учур, адам эркиндиги түккө турбаган өкүмзор бийликтин заманы.

“Мадылбек” аңгемесинде айылдагы жети жылдык мектепти аяктап, коңшу айылдагы мектепке мугалим болуп барган өспүрүмдүн турмуш мектебине кантип аралашканы баяндалган. Мадылбек менен мектептин жаш мугалими отурушта таанышкан. Кийин аны үйүнө чакырып, канча ирет Мадылбектикинде мейман болду.

Анан Сибирдин Абагур деген жеринде жолугуп атышпайбы, илкип-калкып үч жүздөй адамды айдап, түн киргенде дарыянын жээгинде токтошкон. “Бекмамбетсиңби?” деген үндү угуп карай салса, Мадылбек. Бул көпчүлүк ичинде жаманы-жакшысы аралаш, ууру-кескилер, кудайдан жөө качкандар, кумарпоздор, канкорлор толтура.

“Карта ойноп адамдын башын сайып ийген жанкечтилерге кошулба, жаман жолго түшсөң ата-энеңди көрбөй каласың, аман калып эптеп курсакты тойгузушту ойло”, - деген ал.

Социалисттик мугалим

Куулук-шумдугу жок бала кезинде каадалуу мугалим болуп калганы деле кызык, билимдүүлөр жетишпей турган чак эмес беле.

"1943-жылы айылдык мектептин жетинчи классын бүтүргөндөн кийин райондук эл агартуу бөлүмүндө инспектор болуп иштеген Досмамбет байкемдин сунушу боюнча “Социализм” деген башталгыч мектепке мугалим болуп барып калдым. (Cогуш мезгилинде жетинчи класстык билими бар балдарды жаштыгына карабай мугалимдик кызматка ала беришчү. Мен анда он беш жаштагы боз бала элем).

Эртең 1-сентябрь деген күнү кире тарткан арабага түшүп, Социализм айылын көздөй жол тарттым. Үйдөн жөнөп баратканда апам мени чоң казатка узатып жаткандай:

- Сен, балам, “өзгө намыс кылсаң, жатка кор болосуң”, – деген накыл сөздү унутпай, эсиңде тутуп жүр. Ошол Социализм колхозунда Кумар эжең бар. Кумардын барган жери оокаттуу, турмуштуу дешет. Күйөөсү көп жылдан бери колхоздун кой фермасын башкарат экен. Намыстанбай Кумардыкына “апче” деп эле бара бер. Замана болсо минтип сур тартып, кылдай кымбатчылык өкүм сүрүп турат. Сенин бөлөк жерде ачка жүргөнүңдү уксам, кантип чыдайм? Чоочун элдин ичинде чыйрак жүр, кагылайын. Аерде кашыңда карап турган буердегидей ата-энең жок”,- деп энелик сөзүн кулагыма куйган.

Жолдо келатканда арабакечтен Кумар эженин үй-бүлөсүнүн жагдайын сурадым. Ал мага алар жөнүндө билгенин айтты.

- Оо, ушу тапта Кумар эжеңдин колунан баары келип турган убак”.

Коңшу айылда жаш мугалимдин Кумар эжесинен башка бара турган да жери жок болчу. Арабакеч жаш мугалимди эжесинин үйүнүн алдына келип түшүргөндө эшик алдында турган кемпирге: “Айбүш апа, сизге кудаңыздын баласын алып келдим. Өзү мугалим экен. Биздин үшкөлдө балдарды окутат экен” ,- деп бакылдап Бекмамбетти таштап жолун улап жөнөй берди. Кемпир жаш мугалим Атакулдун уулу экенин укканда аябай кубанып үйүнө киргизди. Атасын согушка албай, бирок Магнитогорскиге жумушчу батальонуна барып, ден соолугуна байланыштуу айылына кайтып келгенин эшик алдында айтып берген. Азыр ойлосо коңшу айылдагы бир жылдык мугалимдиги өмүрүндөгү эң кызык учур болгон экен.

Көңүлдүү отуруштар

Сибирдин жамгырлуу суук түндөрүндө жатып алып айылдагы мектепте иштеген кези эсине түшөт. Буга башталгыч мектептин биринчи классын беришкен. Түшкө чейин сабагын өтүп коюп кечке бош, мектептен кетпей, кийинки сабагына даярданып, мугалимдер отурчу бөлмөдөн чыкпайт. Баарынан жакшысы Кумар эжесиникинде жашап калганы болду. Сооронбай жездеси жайлоодогу малчылардан бошогондо жумасына үйүнө бир келсе келет, келбесе жок. Кумар эжеси кырмандан качан келип, качан кеткенин кээде туйбай деле калат.

Ошондой күндөрдүн биринде мектептен келатса алдынан Мадылбек чыгып, үйүнө конокко чакырды. “Келгенден бери сени үйгө чакыралбай жүрдүм эле. Меймандар менен чогуу олтуруп үйдөн тамак ичип кет” деди. Мадылбектин коноктору райондон келчү чоңдор экен.

"Меймандары кеч келишти. Согуш мезгилинде минип жүрүүгө азыркыдай ар түркүн маркадагы жеңил машинелер кайдан болсун. Райондун чоңдору жалгыз ат чегилген пружиналуу трашмаңке араба минишчү. Райондон күткөн меймандары үч адам экен. Үчөө тең аялдары менен келишти. Ошондо чачтарын желкесинен кыскартып кырктырган кыргыз келиндерин биринчи көрүшүм. Болбосо ал убакта күйөөгө чыга элек кыргыздын кыздары эки жаагын бастыра саамай өрүшүп, качан гана турмушка чыкканда чачтарын эки өрүм кылып артына ташташчу. Кыз менен келиндин айырмасы ошол чач өрүүдөн ажыратылчу эле. Айылдан бөлөк эч жакка чыкпай, шаар көрелектенби, кандайдыр ал эки келиндин чунайта кырктырып салган чачтары мага өөн көрүндү.

Мадылбектин жаш келинчеги дасторкондун үстүнө жаңы союлган койдун этинен куурулган куурдак апкелип койду. Анын артынан шыгырап арак куюлган бөтөлкөлөр келди. Меймандар арак ичише баштады. Күйөөлөрү менен жарыша аялдары да арак ичишет экен. Ошондо жаш келиндердин эркектер менен кошо жарыша стакан кагыштырып арак ичкендери да мени таң калтырды.

Аракка кызый түшкөндөн кийин бири-бирине азил-тамаша сөздөрдөн ыргытышып, каткырык-күлкүлөр чыкты".

Ичкиликке кызыган меймандар башталгыч мектеп мугалими черткен күүгө деле анча кызыкпады. Меймандардын бири ыктыта отуруп, “жакшы чертет экенсиң” дегени болбосо, калгандарынын комуз менен иши деле болбоду.

Бул комуз Мадылбек экөөнүн турмушунда кийин бир эсте каларлык окуяга себепкер болду. Сибирдин суугунда кесилген карагайдан абактагы бир кыргыз келиштире комуз чапса, анысын чокморбаш деп зонанын эшик кайтаруучусу киргизбей коюп атпайбы. Мадылбек ортого түшүп, лагердин начальниги “бул кыргыздын музыкалык аспабы, кире берсин” деп уруксат бергенде кыргыздардын сүйүнгөндөрүчү!

Кийин да Мадылбек жаш мугалимди “комуз чертип берсин” деп ээрчитип кетип жүрдү. Кудагыйдын “жаш баланы кайдагы арак ичкендердин арасына алып барып олтурганыңарды койсоңорчу. Өзүңөр эле болбойсуңарбы мейманыңар менен” деп кейигени кулак сыртынан кетип, Мадылбек чакырганын токтотподу. Ошондой шаңдуу отуруштардын биринде да ал Бекмамбетке арак сунбады, ич деп кыстабады. Меймандардын арасынан ичсин деп чыккандарын тыйып койчу. Келечегинен үмүт кылып жаман адаттан алыс болсун деген окшойт...

Анан бу Сибирде жамгыр бир башталса эки-үч күнсүз токтобойт. Андайда камактагылар барактан чыкпай, ченеп берчү нанын этият жеп, эки маал көк сорпосун ичип, зона ичинде жамгырдын үнүн тыңшап жатышат. Абактагылар турган дөңдүн жанынан мелмилдеп Том дайрасы агып өтөт.

Алар карагай даярдашат. Муз эрип дарыя ачылганда даярдаган карагайларды машинелер ташып келип, аларды кабат-кабат кылып тизишет да, суу менен агызышат. Кышкысын кыйылган карагайларды жээкке чогултушуп, жыйнап коюшат. Иш оор, бирок көнүп калышкан. Алдуу-күчтүү, ишти жакшы аткаргандарга нанды көбүрөөк беришет.

Эки жердеш ага-ини ынак сырдаш болуп кетишти. Бекмамбет бечара болбогон иш менен он жылга кесилген. Өзү ошентип ойлойт, бирок тээ алыскы Маскөөдө отургандар антип ойлошпойт экен. Бир кап жүгөрүбү, эки каппы, социализм байлыгына кол салгансың, ополтоо акчаны уурдаткансың дешип кабакты чытыган соту да, актооч, каралоочусу да жагдайды жакшылап иликтеп, жеңилдетчү себеп табышпады.

А сот тууралуу кепти мугалимдигинен бошонуп, айылга келип сегизинчи класста окуп жүргөндө укту. Кумар эжесинин атасы, Күйүкбай абасы таң заардан атасына келиптир. Айтымда күйөө баласы, кызы, колхоз башкармасы бүркөрөргө сурак берип жаткан экен. Суранычы: “мага караганда закүндү билесиң” деп, маанайы чөгүп басынып калыптыр. Атасы “кызыңдын эки баласы бар, ошол жазасын жеңилдетиши мүмкүн” деди. Башка эмне айта алат! “Өкмөт өзү акыйкаттап алар” деп мүңкүрөп отуруп калган тууганын жооткотуп узаткан.

Арадан анча деле көп убакыт өтпөй окууну бүткөн баласы финагент болуп иштей коймокчу болуп, салыкка деп чогулган 11 миң сомун ыймансыз бирөөлөргө райондун борборунан уурдатып үйүнө ыйлап келерин, аргасы кеткен атасы арманын кудайга айтып ыйлап-боздоп калары, өспүрүм баласы он жылга абакка кесилип, алыскы Сибирге айдалары ойго келе элек кез эле.

Мадылбекти коомдук мүлккө кол салгансың деп соттоп, анын төрт жылын атууга кетчүлөр камерасында жатып, өмүрүнүн тең жарымы сары санаа, үзүлбөгөн үмүт менен өткөнүн кийин укту. Атуу жазасы он жыл абакка өзгөртүлгөнүн укканда кандай сүйүнгөнүн сөз менен айтып жеткириш кыйын.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG