Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Тимошенконун тарапкерлери Киевге барат


Украин Радасында оппозициячыл депутаттар сессия учурунда Юлия Тимошенкону жана Евроинтеграцияны жактаган футболкачан жүрүшөт. Киев, 8-ноябрь 2013
Украин Радасында оппозициячыл депутаттар сессия учурунда Юлия Тимошенкону жана Евроинтеграцияны жактаган футболкачан жүрүшөт. Киев, 8-ноябрь 2013

Европа биримдиги Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенконун Германияга дарыланууга койо берилүүсүнө далалат кылууда.

Ал үчүн Европа парламенти атайын миссиясынын мандатын 28-ноябрда Вильнюста ачылчу Чыгыш өнөктөштүк саммитине чейин узартты. 13-ноябрда Украин парламенти Тимошенкого тыш өлкөгө барып дарыланууга уруксат берген мыйзам долбоору боюнча бир бүтүмгө келе албай койду. Вильнюс саммитинде Евробиримдик Украина менен ассоциациялык мүчөлүк тууралуу келишимге кол койуу маселесин чечет деп боолгонууда.

Украин парламенти экс-премьер-министр Юлия Тимошенконун Германияга барып дарылануусуна макулдук береби, азырынча беймаалым. Тимошенко кызматын кыянат пайдаланып, казынага ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталып, 2011-жылы 7 жылга соттолгон. Азыр Харьковдо ооруканада кайтарууда жатат. Виктор Януковичтин 2010-жылкы президенттик шайлоодогу негизги атаандашы болгон Тимошенконун сотун ал өзү жана Батыш саясий өч алуу катары баалаган.

Парламент талаштуу маселени 19-ноябрда кайра колго салат. Ага чейин Евробиримдиктин миссиясынын башчылары: Польшанын экс-президенти Александр Квасьневский жана Европарламенттин мурдагы төрагасы Пэт Кокс Киевге барып, украин депутаттарды көндүргөнгө аракеттенишет. Бул экөөнүн ушул миссия менен Украинага 27-жолу барышы болот.

Пэт Кокс шаршемби күнү Брюсселде кабарчыларга айтканга караганда, алар керектүү мыйзам кабыл алынарына жарым-жартылай гана ишенет:

- Биз Киевге келерки жумада номур 27-миссия менен кайра барып, ийгиликке жетүү үчүн адамдар менен зарыл убакыт болуп, бардык керектүү иштерди бүтүшүбүз керек. Биздин чыдамкайлыгыбыз чоң сыноодон өттү. Биз абдан чарчадык, бирок биз жакшы ыкласыбыздан кайтпайбыз.

Мартабалуу эки саясатчы акыркы ирет Украин парламентинин 13-ноябрдагы эртең мененки сессиясында болушту. Александр Квасьневский бул сессиядан кийин жасаган билдирүүсүндө Юлия Тимошенконун тагдырын чечүү үчүн 19-ноябрда “акыркы шанс” болорун эскертти:

- 19-ноябрда зарыл ишти жасаганга соңку шанс болот. Миссия бардык иштер биз өнөктөштөр менен талкуулаганга ылайык болот деп үмүт кылат. Бул саясий жактан өтө чиелешкен иш экенин түшүнөбүз, бирок мунаса тапканга жакшы ыклас жетиштүү жана Европа биримдиги менен келишимге кол койууну каалаган бардык тараптар көмөктөшөт деген үмүттөбүз.

Ал эми Германиянын тышкы иштер министри Гвидо Вестервелленин айтымында, Тимошенконун дарылануусуна мүмкүндүк берчү мыйзамды кабыл алууга зарыл убакыт түгөнүүдө. Маселени создуктурбай чечүү керек экенине Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Литва да көңүл бурду. "Президент Янукович өлкөсүнүн тагдырына жооптуу лидер экенин көрсөтүү үчүн талап кылынган чечимди кабыл алышы абзел”, - деп билдирди Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичюс.

Юлия Тимошенкону Германияга дарыланууга жөнөтүү - Украина үчүн Биримдик менен Вильнюста Ассоциациялык мүчөлүк жөнүндөгү келишимге кол койуу багытында жасалган алгачкы кадам болору айтылууда.

Украин оппозициясы президент Януковичти эч качан Евробиримдик менен келишимге кол койууну биринчи орунга койгон эмес деп күнөөлөп жүрөт. Анын 9-ноябрда Москвада президент Путин менен жашыруун сүйлөшкөнү да катуу сындалды.

Москва Украинанын Бажы үчилтигине кошулуусун каалайт жана Киев непада Брюссель менен жакындачу кадам жасаса, экономикалык контр-чара колдонуларын эскерткен.

Украин премьери Микола Азаровдун 13-ноябрда өкмөт жыйынында айтышынча, Украина үчүн Орусия менен мамилени нормалдаштыруу күн тартибинде биринчи орунда турат.

XS
SM
MD
LG