Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Тимошенконун оорусу - Януковичтин түйшүгү


Юлия Тимошенкону абактан чыгарууга жана саясий репрессияны токтотууга чакырган демонстрациядан бир көрүнүш. Киевдин Төбөлсүздүк майданы. 25-февраль 2013
Юлия Тимошенкону абактан чыгарууга жана саясий репрессияны токтотууга чакырган демонстрациядан бир көрүнүш. Киевдин Төбөлсүздүк майданы. 25-февраль 2013

Украина менен Европа Биримдигинин мамилеси, Батыш серепчилеринин баамында, даңгыр жолдой тегиз эмес.

Биримдик, бир жагынан, 45 млн. калктуу өлкө менен экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө кызыкса, экинчи жактан, Украина экономикада, саясатта жана сот системасында реформаларды тездетүүсүн каалайт.

Батыш Украинадагы адам укугу жаатындагы оркойгон кемчилик катары адамдарды ылгап соттоону, анын айкын мисалы катары мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко менен экс-ички иштер министри Юрий Луценконун ишин бетке тутушат.

Украина - Евробиримдик ортосунда 25-февралда Брюсселде өткөн жыйыны мурдагы саммитерден бир аз өзгөчө болду. Эгерде Украина ассоциациялык келишимдин негизинде Биримдик менен эркин соода мамилесин түзгөнгө дилгир болсо, анысын май айына чейин иш жүзүндө көрсөтүүгө тийиш. Бул президент Янукович экономикалык реформадан башка да саясий жана сот системасында олуттуу өзгөрүүлөрдү жасашы абзел дегенди түшүндүрөт.

Арийне, расмий Киев реформаны эки ай ичинде жасап жибере албайт. Бирок экс-премьер-министр, оппозициядагы "Батьківщина" партиясынын ана башы Юлия Тимошенкону түрмөндөн тыш жактагы ооруканага которушу мүмкүн. Анткени 2011-жылдын октябрынан бери абакта отурган Тимошенконун саламаттыгы бир кыйла оор. Ал 2009-жылы Москва менен газ келишимин түзүүдө Украинанын кызыкчылыгын эске алган эмес деп айыпталып, жети жылга кесилген. Тимошенко өзүн акмын деп, атаандашы Янукович аны саясий күрөштөн четтетүү максатын көздөп, каматкан деп эсептейт.

Украин оппозициясынын президент Виктор Януковичтин бет кебин кийген мүчөсү саясый репрессияны токтотууну жана Юлия Тимошенконун абактан чыгарууну талап кылган Киевдеги демонстрация кезде. 25-февраль 2013
Украин оппозициясынын президент Виктор Януковичтин бет кебин кийген мүчөсү саясый репрессияны токтотууну жана Юлия Тимошенконун абактан чыгарууну талап кылган Киевдеги демонстрация кезде. 25-февраль 2013
52 жаштагы экс-премьердин соту 4-мартта Киевде кайра уланат. Ал бул ирет салыкты жашырган жана казынага кол салган деп күнөөлөнүүдө.

Бейшемби күнү Тимошенконун абалын текшерген германиялык доктурлар тобу омуртка дарты бар экс-премьер ордунан козголтпой дарылануусу керек экенин эскертишти.

Берлиндеги “Шариете” клиникасынын башкы дарыгери Карл Маркс Айнхойпл бейшемби күнү: “Биринчиден, Тимошенко айым кесел. Экинчиден, ал медициналык дарылоого муктаж. Биз дарылоону мүмкүн болушунча стационардык шартта улантууну сунуш этебиз”, - деп билдирди.

Ошол эле учурда Айнхойпл сотко Тимошенко барабы же жокпу, анысы кесел өзү жана адвокаттар чеччү маселе деди: “Биз өз кардарыбызга соттук угууга бар же барба деп кеңеш бере албайбыз. Мындай чечимди пациент өзү жана анын адвокаты кабыл алыш керек. Эгер оорулууну Харьковдон Киевге жеткирүү зарыл болсо, ал үчүн сөзсүз атайын транспорт колдонулуш керек деп ойлойбуз”.

Киев, 5-август, 2011-жыл
Киев, 5-август, 2011-жыл
Ал эми Украинанын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Александр Качурдун маалымдашынча, жергиликтүү доктурлардан турган комиссия сунуш кылынган көнүгүүлөрдү Тимошенко ооруканадан сыртта деле жасаса болот деп эсептейт:

“Биздин оюбузча, германиялык доктурлардын сунушунда физикалык көнүгүүлөрдү ооруканадан тыш жакта жасоо мүмкүн деп айтылат. Украиналык комиссия ушундай тыянакка келди. Биз германиялык коллегаларыбыздын пикирин сыйлайбыз. Биз алардын эки күн арасында жарыялануучу расмий бүтүмүн күтөбүз жана анын негизинде атайын чечим кабыл алынат”

Тимошенко өзү 4-марттагы сотко баргысы келгенин айтууда. Бул сот көпкө созулары калетсиз. Украин бийликтери адам укугун коргоочулар жана Батыш ашыкча чуу көтөрбөсү үчүн сотту кийинкиге которушу же Тимошенкону дарылоо шартын өзгөртүшү; андан тышкары саясий жана сот реформасына зарыл иштерди да ыкчамдатышы мүмкүн. Анткени, серепчилердин айтымында, Украин бийликтери Евробиримдик 25-февралда убада кылган 800 млн. долларга муктаж. Ал эми Москванын газдын баасын арзандатып, Бажы союзуна кошуу азгырыгына украин жетекчилиги кандай туруштук берээри белгисиз.

XS
SM
MD
LG