Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:15

"Тойдо да аңдышат". Түркияда кысымга кабылган түркмөндөр


Анкара шаары. 2018-жыл
Анкара шаары. 2018-жыл

Түркияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга жана качкындарга каршы масштабдуу рейддер уланууда. "Азаттыктын" Түркиядагы булактарынын айтымында, анда негизинен "бутага" эркектер алынып жатат. Учурда депортациялоо борборлорунда кеминде 1500 түркмөнстандык кармалып турганы кабарланды.

Депортациялоо борборлорунда түркмөн мигранттар көп

Түрк полициясы соңку бир айда он миңдеген чет өлкөлүктү кармап, депортациялоо борборлоруна жибергени утур-утур кабарланып келет. Алардын басымдуу бөлүгү түркмөнстандык мигранттар.

"Коомдук транспорттордон түшкөндө эле полиция токтотуп, документтериңди текшерет. Бизди үйгө, фабрикаларга, жада калса үйлөнүп жаткан жерге барып, карап турушат", - деди атын атагысы келбеген түркмөн жигит.

Атайын рейддер негизинен чет өлкөлүк эркектерге, айрыкча сириялык жана оогандык мигранттарга багытталганы байкалууда. Бирок түрк полициясы көчөдө аялдарды токтотуп, алардын документтерин дээрлик текшербейт.

"Учурда Түркиядагы депортация борборлорунда камакта жаткан кеминде 1500 түркмөн жаранынын 97% эркектер, 3% гана аялдар. Кармоо иштери уланууда", - деди кырдаалдан кабардар ишенимдүү булак.

Миграция депaртаменти. Измир шаары. 8-апрель, 2016-жыл
Миграция депaртаменти. Измир шаары. 8-апрель, 2016-жыл

"Азаттык" бул маалыматты Түркиянын Миграция департаментинен азырынча ырастай элек.

Буга байланыштуу Стамбулдун Силиври жана Тузла аймактарындагы депортация борборлору менен телефон аркылуу байланышуу аракетинен майнап чыкпады.

Түркиянын депортация борборунда кармалган түркмөнстандык мигранттардын көбү "Түркмөнстанга кайтпайбыз" деп арыз жазып жатканы кабарланды.

"Түрк өкмөтү арыз менен кайрылгандардын көбүн Түркмөнстанга депортация кылбайт. Алар бир жылга жакын кармалып, андан кийин Түркияда калуу үчүн бошотулат. Мындан улам көптөгөн түркмөн жарандары Түркмөнстанга кетпеш үчүн жабыла арыз жазууда", - деди биздин булак.

"Мыйзамсыз жүргөндөрдү аныктап, депортация кылабыз"

28-майда Режеп Тайып Эрдоган президенттикке кайра шайланып, 4-июнда жаңы ички иштер министри Али Йерликая кызматка киришкенден кийин түрк бийлиги мыйзамсыз мигранттарга жана качкындарга каршы күрөшүн күчөттү.

Эрдоган мыйзамсыз мигранттар көйгөйүнө 22-августта да токтолуп, "чек арада жана өлкө ичинде адам аткезчилигине каршы көрүлгөн чаралар дагы күчөгөнүн" айтты.

"Жыл башынан бери 143 миң мыйзамсыз мигранттын өлкөбүзгө киришине бөгөт койдук. Өлкөбүздө мыйзамсыз жүргөн же кылмышка аралашкандарды тез арада аныктап, депортация кылабыз. Бул алкакта акыркы 2,5 айда кармалган 61 миң мыйзамсыз мигранттын 25 миңи депортация болду", - деди Эрдоган.

Ошол эле күнү ички иштер министри Али Йерликая Стамбулда акыркы бир айда 21 миң мыйзамсыз мигрант депортация болгонун айтты.

Соңку жылдары Түркияда мыйзамсыз мигранттардын, качкындардын саны жана алар кирептер болгон кылмыштар кескин көбөйүп, бул жагынан түрк элинин нааразылыгын жаратууда.

"Зафер (Zafer) партиясы бийликке келет, качкындар үйүнө кетет" деген ураанды карманган оппозициячыл партиянын лидери Үмит Өздаг 1-сентябрда Түркияга кирген ооганстандык качкындар Кастамону аймагында маңзат сатып жаткан жеринен кармалганын Твиттерден билдирди.

Мамлекеттик маалымат каражаттары полиция коомдук жайларды, транспортту, соода борборлорун жана көчөлөрдү кыдырып, чет өлкөлүктөрдү текшерип жатканын байма-бай чагылдырып келет.

Өзгөчө Стамбул, Анкара баштаган ири шаарларда жашаган чет өлкөлүктөрдүн документтери текшерилип, кармалгандардын дээрлик көпчүлүгү оогандыктар жана сириялыктар экени айтылууда.

Белгилей кетсек, Түркия дүйнөдө качкынды эң көп кабыл алган өлкө. БУУнун Качкындар агенттигинин (UNHCR) маалыматы боюнча ушул тапта түрк жергесинде 4 миллионго чукул сириялык баш калкалайт. Алардын 100 миңдейине туруктуу жашоого уруксат берилсе, дагы 150 миңдейи түрк жарандыгын алган. Өлкөдө сириялыктардан башка расмий качкын статусун алган 100 миңдей ооганстандык бар экени айтылат. Анткен менен серепчилер дагы 500 миңдей ооган качкыны мыйзамсыз кирип, кооптуу жагдай жаратып жатканын айтып келет.

Депортацияланган түркмөндөр мекенинде суракка алынууда

Түрк бийлиги кармалгандардын жана депортациялангандардын жарандыгын, улутун ачык айтпайт. Бирок алардын арасында түркмөнстандыктардын саны арбын экени айтылууда.

Расмий маалыматтарга караганда ай башында Түркиядан миңден ашуун түркмөн жараны депортация болгон.

Адаттагыдай эле расмий Ашхабад мигранттар кептелген жагдай тууралуу ооз ачпайт. "Азаттыктын" бул боюнча Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинен, Анкарадагы элчилигинен жана Стамбулдагы консулдугунан телефон аркылуу комментарий алуу аракети оң натыйжа берген жок.

Бирок 2-августта "Азаттыктын" өлкөнүн ар кайсы тармактарындагы булактары Түркиядан депортацияланып өлкөгө келген түркмөндөр үчүн атайын карантиндик зоналар түзүлүп, медициналык текшерүүлөр уюштурулуп, кармалган жарандарды суракка алуу иштери жүрүп жатканын кабарлады.

22-августта көз карандысыз "Хроника Туркменистана" басылмасы түркмөн бийликтери Түркиядан депортацияланган жарандарынын жыныстык жол менен жугуучу жугуштуу ооруларга чалдыкканын текшерип жатканын жазды.

Түркмөн бийлиги чет өлкөлөрдө мыйзамдуу же мыйзамсыз жүргөн түркмөндөрдүн саны жана алар туш болгон көйгөйлөр тууралуу маселе көтөрбөйт.

Түркиянын Миграция департаментинин 24-августтагы маалыматында, бул өлкөдө 204 161 түркмөн жараны мыйзамдуу жашайт. Департаменттин өткөн жылдын 1-сентябрындагы маалыматында, Түркияда 230 миңден ашуун түркмөн мыйзамдуу жашап жүргөн. Бул статистика бир жылга жетпеген убакыт ичинде Түркияда мыйзамдуу жашаган түркмөн жарандарынын саны 26 миң адамга азайганын көрсөттү.

Укук коргоочулар жана серепчилер Түркияда жашап иштеген түркмөнстандыктардын саны расмий берилген сандан алда канча көбүн, алардын дээрлик көпчүлүгү мыйзамсыз жашап жатканын айтууда.

Ал эми Түркиядагы депортациялоо борборлорунда кармалып тургандардын арасында кыргызстандыктар да бар экени айтылып келет. "Азаттык" буга чейин алардын айрымдары менен кабарлашып, көйгөйүн чагылдырган.

Расмий маалыматка ылайык, Түркияда 25 миңдей кыргызстандык жашап, окуп жүрөт. Алардын 3 миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, көбү бир жылдык туристтик виза менен барган. Соңку жылдары Түркияда визанын бул түрү да берилбей калганы кез-кезде айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG