Линктер

жекшемби, 17-февраль, 2019 Бишкек убактысы 19:39

Жашоону "үйрөткөндөрдүн" доору келди


Бишкектеги китеп дүкөндөрдүн бири.

Бишкекте ар кайсы багытта ийгиликке сүрөгөн тренингдер көбөйдү. Алардын арасында бай болууну, бактылуу болууну, чечен болууну үйрөтүүчүлөр басымдуулук кылат. Адистер бул тармак талап болгону үчүн өнүгүп жатканын айтышууда.

Коомчулукта мындай окуулардан улам ийгиликке жетишкендер да, акчасы куру бекер кеткенине өкүнгөндөр да бар. Бул муктаждыкпы же бизнеспи?

Соцтармактарда ар кандай багыт боюнча машыктыруучулардын жарнамалары көп. Алар тандап алган тармагына карата ар кандай баада. Айрыкча тез эле байып кетүүнүн, ийгиликтүү ишкер болуунун жана бактылуу үй-бүлө күтүүнүн сырларын үйрөтүүчү окуулардын баасы бир топ кымбат.

Анткен менен буга чейин тренерлердин биринде менежер болуп иштеп келген Назгүл Бостонбаеванын айтымында, мындай окууларга катышкандардын баарынын эле турмушу өзгөрүп кетпейт.

Назгүл Бостонбаева.
Назгүл Бостонбаева.

- Бул киреше берүүчү тармак болуп калды десек болот, - деди ал. – Себеби, жалпы тренинг үчүн бир эле жолу даярданат экен да, Жалал-Абадда, Ошто, Бишкекте ошол эле баяндамасын кайталай берет экен. Жаңыча изилдөөлөрдү, иликтөөлөрдү, практикалык ыкмаларды өтө аз колдонушат. Бир эле катышуучуну айтайын. Ал төрт-беш жолу алдыңкы орунда отуруп, кымбат акча төлөп тренингге катышты. Төрт-беш жолу сертификат алды. Ал менин жеке таанышым эле. Анын турмушунда эч кандай деле өзгөрүү болгон жок.

Назгүл байыгысы келгендер баш көтөрбөй иштесе, чечен болгусу келгендер көп китеп окуса эле ийгиликке жетишет деп эсептейт.

Шыктандыруучулар, мисалы, чечендик өнөр үйрөтүү үчүн айына үч миң сом алат. Ал эми эки сааттык алтын шилекейин миң сомдон үч жүз долларга чейин саткандар бар. Орточо эсеп менен алганда кыргыз тренерлери ар бир барган жеринде бир кишиден миң же эки миң сом алып, эгер сабагына отуз киши катышса бир саатта алтымыш миң сом таап өз капчыгын кампайтып алат.

Деген менен ийгиликтүү ишкерлердин бири Улан Турдалиевдин пикиринде, жашоого дем берген, ар кандай тармак боюнча чеберчилик саатын өтүп жүргөн кыргыз тилдүү адистер эми гана пайда болуп, эми гана өнүгүп жатат.

Улан Турдалиев.
Улан Турдалиев.

- Бизде жаңы шартта - базар экономикасынынын шартында жашап кетүү, иш жүргүзүү, ой жүгүртүү эми гана калыптанып келатат, - деди ал. - Мындай убакта бизнес-тренерлер, коучтар дейбизби, «жашоого үйрөтөм, бактылуу кылам, чечен кылам, миллионер кылам» дегендер көбөйдү. Себеби ага талап бар.

Улан өзү тренингдерге катышпаганы менен дем берүүчү китептерди көп окуганын, кыргыз тилдүү коучтардын өнүгүп жатканы жакшы көрүнүш экенин кошумчалады.

Балдарды коргоо фондунун адиси Кумар Эргешова көптөгөн тренингдерге катышып жүрөт.

Кумар Эргешова.
Кумар Эргешова.

- Тренингдердин пайдасы менен мен өз жашоомду жүз пайыз өзгөрттүм, - деди ал. - Биринчи кезекте кесибимди алмаштырдым. Азыр мен өз ордумду таптым деп ойлойм. Мурда болор-болбос нерселерге эле санаа тарта берчүмүн. Азыр менин ички ишенимим аябай бекем. Андыктан көп санаа тартпайм. Бирөөлөргө болгон таарынычты сактап жүрө бербей көңүлдөн алып салганды үйрөндүм.

Эргешова тренингдердин сапаты аны өткөргөн адистин билимине, тажрыйбасына байланыштуу болорун белгиледи.

Психологдор бул тема боюнча эки ача пикирде. Бир даары азыр коомдо эмне кыларын, ким менен сүйлөшөрүн, ишти эмнеден баштаарын билбей депрессияга кабылган адамдар көп экенин, мындай шартта аларга ар кандай тренингдерге катышуу чоң жардам берерин айтышат.

Ошол эле учурда мындай окуулар ансыз да түйшөлүп турган жарандарга тескери таасир этерин айткан психологдор да бар. Мындай пикирди тутунгандардын бири - Самат Аалканов.

Самат Аалканов.
Самат Аалканов.

- Заман өткөн сайын адамдарды ишке тартуу муктаждыгы азайып, ар бир киши өзү «мен киммин, эмне иш кылам, кантип жашайм» деп ойлоно баштайт, - деп түшүндүрдү адис. - Мына ушундай суроолор күчөгөндө талап пайда болуп, тренерлер өз кызматын сунуш кылышат. Бирок бир маселе бар. Адамдардын адам катары калыптануу убактысы негизинен он жашка чейин эле болот. Бул убакка чейин анын пайдубалы курулуп бүтөт десек болот. Бирок мотивациялык курстарды ачкандар ошол түптөлгөн пайдубалга бир жаңы нерсени курганга аракет кыла беришет. Менин жеке оюмда мунун көбүнчө пайдасынан зыяны да көп болушу мүмкүн. Анткени ал адамдын ичинде ансыз деле конфликт болуп атса, өзүн алсыз сезип атса, анан ага «муну кыл, аны кыл» дей берген андан да ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн.

Аалканов мындай учурда ар бир адам өз көйгөйүн өзү чечкенге аракет кылып, эгер ага даремети жетпей жатса психологдорго кайрылышы зарыл экенин кошумчалады. Бирок бул пикири менен ал шыктандыруучуларга барган элди «психологдорго баргыла» деп үндөп жатабы же чын эле ушундайбы, анысы белгисиз.

Акыркы убакта кыргыз коомчулугунда «той алып барууга, чечендикке даярдоочу мектептер ачылгандан көрө кайсы бир турмуш-тиричиликке керектүү кесипти үйрөтүүчү окуулар көп ачылса» деген пикирлер да айтылып жүрөт.

"Азаттыктын" архиви: Өзүн өнүктүрүү курстары муктаждыкпы же бизнеспи? 16.03.2018

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG