Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:27

АКШ-Түндүк Корея: саммитке кызуу даярдык


Дональд Трамп жана Ким Чен Ын.
Дональд Трамп жана Ким Чен Ын.

Америкалык өкүлдөрдүн тобу саммитке даярдык иштерин талкуулаш үчүн Түндүк Кореяга барганын президент Дональд Трамп өзү ырастап, 27-май күнү "Твиттердеги" баракчасына “Түндүк Кореяда эң мыкты мүмкүнчүлүк бар. Ким Чен Ын бул маселеде мени менен макул. Бул ишке ашат”, - деп жазды.

Ал эми Мамлекеттик департаменттин 27-майдагы билдирүүсүнө караганда, Түштүк Корея менен чек арадагы Панмунжон кыштагында америкалык өкүлдөр түндүк кореялыктар менен сүйлөшүп жатышат.

Америкалык медиа кабарлагандай, Вашингтондон барган топту Кошмо Штаттардын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Сун Ким жетектөөдө. Ал Түндүк Корея менен өзөктүк курал боюнча мурдагы сүйлөшүүлөргө катышкан.

Ак үй болсо саммит өтөөрү кабарланган Сингапурда да жолугушууга даярдык көрүлө баштаганын, ал жакка да америкалык өкүлдөрдүн тобу кеткенин билдирди.

Ушул дем алыш күндөрү Түндүк жана Түштүк Кореянын лидерлери чек арада экинчи ирет жолугушту. Чек аранын Түндүк Корея тарабында өткөн алардын кездешүүсү бул жолу күн мурунтан жарыяланган эмес.

- Биз "12-июндагы, жогорку деңгээлдеги жолугушуу ийгиликтүү өтүшү керек жана Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтууга, туруктуу тынчтык системасына карай бет алган сапарыбыз токтобошу керек" деп макулдаштык. Мен төрага Кимге эгер ал өзөктүк куралдан толук арылууну чечсе, президент Трамп экономикалык кызматташтыкка жана кастыкты бүтүрүүгө умтулаарын айттым. Төрага Ким болсо Панмунжон декларациясынын уландысы катары өзөктүк куралдан арылуу ниетин дагы бир жолу тастыктап, согуштун жана карама-каршылыктын тарыхын тазалай турганын, АКШ менен Түндүк Кореянын ийгиликтүү саммити аркылуу тынчтык жана өнүгүү үчүн кызматташаарын ырастады, - деди Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин жекшемби күнү Сеулдан.

Эки Кореянын лидерлери экинчи ирет кездешкен учур. 26-май, 2018-жыл.
Эки Кореянын лидерлери экинчи ирет кездешкен учур. 26-май, 2018-жыл.

Эки Кореянын лидерлери буга чейин 27-апрелде жолуккан эле. Ал эми өткөн аптада Түштүк Кореянын президенти АКШга барып келген.

Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылуу ниетин кайра ырастаганы тууралуу маалымат өзгөчө америкалык тарап саммит болорунан бир нече жолу күмөн санагандан кийин айтылды. Ал түгүл президент Дональд Трамп өткөн бейшемби күн Ким Чен Ынга жиберген катында, Түндүк Кореянын соңку билдирүүлөрүндө “эбегейсиз кыжырдануу жана ачык кастык” болгонун белгилеп, саммитти 12-июнда өткөрүүнү орунсуз деп тапканын жарыялаган.

Пхеньянга эки жолу барып, Ким Чен Ын менен жолугуп келген мамлекеттик катчы Майк Помпео анда саммитти токтотуунун кошумча себеби катары Түндүк Корея иш-чаранын логистикалык жагын талкуулоо боюнча утур-утур өтүнүчтөргө жооп бербегенин атаган.

Бирок Түндүк Корея АКШнын жарыясынан кийин эле Вашингтон менен сүйлөшүүгө умтулаарын дароо айтып чыккан эле. Ошол эле учурда кеминде алты жолу өзөктүк сыноо өткөрүлгөн Пунгери полигону “толук бузулганын" да 24-майда ырастаган. Бирок ал окуяга АКШ талап кылгандай өзөктүк курал боюнча эркин эксперттер эмес, чет элдик журналисттер тобу гана күбө болгон.

Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылса аны менен кызматташаарын анын жакынкы коңшуларынын ичинен Жапония да билдирип жатат.

Синзо Абэ.
Синзо Абэ.

​-Эгер Түндүк Корея БУУнун резолюцияларын аткарып, өзөктүк куралдан толук, текшерилген жана кайра кайрылгыс жол менен арылса жана Жапониядан мыйзамсыз уурдалып кеткен адамдарды артка кайтарса, бул маанилүү иштер аткарылганына биз ынанып, канааттансак, акыр аягында Жапония да Түндүк Корея менен кызматташтыкка бара алат, - деди жапон премьери Синзо Абэ өткөн аптада Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда сүйлөгөн учурда.

Түндүк Кореянын лидери былтыр ракеталарын улам-улам сынагандан кийин быйыл жыл башынан бери өзөктүк куралдан баш тартууга ыктай баштаган ниетин көргөзүүдө.

Былтыр Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы экономикалык санкцияларын бир нече айлампа менен күчөткөн. АКШ да былтыр жана быйыл бир нече айлампа менен Түндүк Кореяны каржы булактарынан ажыратууну караган өз санкцияларын киргизген. Ал санкциялардын баары азыр да күчүндө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG