Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Түркия: коронавирус мигранттарга талапты күчөттү


Стамбул шаары.
Стамбул шаары.

Түркияда коронавирустан каза болгондордун саны акыркы кезде кескин көбөйдү. Саламаттык сактоо министрлиги калктын 78 пайызы вакцинанын жок дегенде бир дозасын алганын кабарлаганы менен 2-сентябрда бир күндө эле 290 киши вирустан көз жумду.

Түркиянын Анкара шаарына быйыл жыл башында келген кыргызстандык Мая акыркы эки айдан бери менчик ооруканада коронавирус жугуп, оор абалда келген бейтаптарга кам көрүп иштейт.

Мая учурда бейтапты карап жаткандыктан эл менен жолугууга болбосун белгилеп, иши тууралуу билдирүү жөнөттү.

"Биздин жумушта тазалыкты сакташ керек. Бейтаптын көңүлүн көтөрүп, бутуна бут, колуна кол болосуң. Тырмак-чачын, сакалын аласың. Шейшебин убагында алмаштырам. Бейтап кычкылтек аппаратына туташтырылган. Сатурациясы 80ге түшпөш үчүн дайыма карап туруу керек. Мага бейтап менен кошо үч маал тамак берилет. Сөзсүз атайын костюм, беткап, мээлей кийип иштейм. Жумушум кооптуу болсо да айлыгы үчүн оордугуна кайылмын".

Иллюстрация.
Иллюстрация.

6-сентябрдан тарта өлкөдө коомдук жайларда, шаарлар арасындагы учак рейстеринде вакцинация сертификаты же ПЧР-тестинин жаңы жыйынтыгы талап кылынат.

Анкара мындай чектөөлөр жергиликтүүлөр менен катар өлкөдө туруктуу жашап жаткан чет өлкөлүктөргө да тийиштүү экенин билдирди.

Буга чейин Түркиянын ички иштер министри Сүлейман Сойлу “турист болуп келип мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарга” эскертүү берген.

"Ачык айтып жатам. Тыюу салынган күндөрү көчөгө чыккан чет өлкөлүктөрдүн визасын жокко чыгарам. Менин мындай ыйгарым укугум бар. Эч кимди аябайм", - деген министр.

Турист демекчи, Түркиянын Анталия аймагына быйыл алты айда 3 миллиондон ашык чет өлкөлүк турист келген. Алардын басымдуусу Германия, Орусия жана Украинанын тургундары.

Анталия аймагындагы мейманканалардын бири.
Анталия аймагындагы мейманканалардын бири.

Жай айларында кыргызстандык мигранттардын дээрлик көпчүлүгү туристтик аймактарда иштешет.

Түркиянын туризм жана маданият министри Мехмет Нури Эрсой май айынын этегине чейин туристтик аймактардагы жумушчулар коронавируска каршы толук эмдөөдөн өткөнүн билдирген.

Бишкек шаарындагы Иш менен камсыз кылуу боюнча жеке менчик агенттиктер ассоциациясынын жетекчиси Шерболот Обозов Анталиядагы мейманканаларда иштеген мигранттарга вирус жукса, изоляцияга алынып жатканын кабарлады.

"Кыргызстанда эмдөөдөн өткөндөр Анталияга июнь-июлда кеткен. Эмдөөдөн өтпөгөндөргө мейманканада иш бергендер сайып жатат. "Вакцина албайм" дегендери да бар. Иш берген мейманканалардын жетекчилиги вакцина албагандарга тилкат жаздырып алып жатыптыр. Аларга вирус жукса, дарыланганына жардам берилбейт экен. Негизинен кыргызстандык мигранттардын дээрлик көпчүлүгү вакцина сайдырышты. Ооругандар болсо же ПЧР тест оң чыгып калса, мейманкана 14 күндүк изоляцияга алып жатат. Негизи мейманканаларга иштегени кеткен кыргызстандыктардын арасында коронавирустан оор жабыркаган же ооруп калган учурлар каттала элек", - дейт Обозов.

Туристтер. Стамбул шаары.
Туристтер. Стамбул шаары.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2-сентябрда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир күндө 24 миң кишиге жетти. Бул төрт айдан бери эң жогорку көрсөткүч. Вирустан бир күндө 290 киши көз жумду.

Бейшембиде саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, коронавирустан улам жандандыруу бөлүмүндө жаткандардын 10 пайызы эмделгендер болсо, калган 90 пайызы эмделбегендер экенин билдирди.

Министр ошондой эле 83 миллион адам жашаган Түркияда 18 жаштан өйдө курактагылардын 78 пайызы вакцинанын жок дегенде биринчи дозасын алганын кошумчалады.

Апрель-май айларында Түркияда инфекция күчөп, бир күндө 6 миңден ашык кишиден аныкталган. Мунун кесепетинен июнда түрк бийлиги үч жумалык толук карантин жарыялаган. Мындай катаал чектөөлөрдөн кийин коронавирусту жугузгандар азайып, июлда президент Режеп Тайып Эрдоган чектөөлөр толугу менен алынганын айткан.

Бул өлкөдө 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Алардын канчасы коронавируска чалдыкканы тууралуу расмий маалымат жок.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG