Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Түркияда өкмөткө нааразылык күчөдү


Шахтадагы жарылууда жакындарын жоготкондор Эрдогандын өкмөтү кырсыктын алдын ала албаганына, кеч реакция кылганына нааразы болушууда, 14-май, 2014-жыл.
Шахтадагы жарылууда жакындарын жоготкондор Эрдогандын өкмөтү кырсыктын алдын ала албаганына, кеч реакция кылганына нааразы болушууда, 14-май, 2014-жыл.

Түркияда шахтадагы акыркы 20 жылдагы эң чоң кырсыкка карата бийликтердин аракетине нааразылык иретинде жумурияттын ири кесиптик кошуундары бүгүн иш таштоо жарыялашты.

Ал арада өлкө бийликтери Сома шаарындагы көмүр кениндеги кырсыктан кеминде 282 адам өлгөнүн ырасташты.

Түркиядагы иш таштоо кырсык болгон шахтада калып жаткан 120дай кишинин тагдырына камтамачылык күчөп турган учурда жарыяланды. Сома шаарындагы кенге жакын жерде азыр жер түбүндө калып жаткандардын туугандары топтолушкан. Аларга жардам берүү үчүн психологдордун тобу иштеп жатат.

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган жардыруу болгон шахтага кечээ барып келгенден кийин, ал окуя үчүн өкмөттү күнөөлөп жаткандардын айыптоолорун четке какты.

Эрдоган ошол көмүр кенин көргөнү барган кезде кырсыкта туугандарынан айрылгандар премьерди тилдеп, анын машинесин ташбараңга алып, тезинен отставкага кетишин талап кылып жатышты. Өкмөт башчы болсо жакындарын жоготкон же азыр жер астында калып жаткандардын өлүк-тиригин билбей тургандарды бир аз да болсо сабырдуулукка чакыргансыды.

"Мындай кырсыктар бизде эле эмес, АКШ, Кытай, Франция, Индия, Белгия өңдүү көптөгөн башка мамлекеттерде да болуп турат. Аларда өлгөндөрдүн санын карагыла – көптөгөн киши набыт болууда. Биздин мамлекет алардын алдыда алда канча жакшыраак позицияда турат", - деди Эрдоган.

Эрдогандын өкмөтү иштен кетишин талап кылган чакырыктар Сомадагы көмүр кенинде эле эмес, өлкөнүн негизги шаарлары: Анкара менен Стамбулдагы массалык демонстрацияларда да айтылууда. Полиция кечээ жаалданган элди басуу үчүн көздөн жаш чыгарчу газ, суу чачканга мажбур болгон.

13-майда Сомадагы көмүр кенинде жүздөгөн шахтерлордун өлүмүнө алып келген жардыруу ток өткөн зымдар чиелешкенинен чыккан болсо керек деп жатышат. Кендин ээлери болсо анын техникалык абалы толук жайында экенине ишендирип келишкен.

Азыр бул кырсык үчүн өкмөттү күнөөлөп жаткан оппозиция жакында парламентте жамы жумурияттагы кендердин абалын талкууга алууну сунуш кылганда, алардын сунушу четке кагылганын эске салып жатышат.

Сома көмүр Стамбулдан 360 чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Түркиянын энергия министри Танир Йылдыздын айтымында, жарылуу учурунда шахтада 787 кенчи иштеп жаткан.

Түркия: шахтада болгон кырсык
Түркия: шахтадагы апаат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG