Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:41

16-апрелде Түркияда конституциялык реформа боюнча референдум өттү. Шайлоочулардын 51,3% конституциялык өзгөртүүлөрдү колдоду.

Президенттин ыйгарым укуктарын кыйла кеңейткен алымча-кошумчалар 2019-жылдан тарта иштей баштамакчы.

Референдумдун жыйынтыгы, өлкөдөгү саясий абал тууралуу серепчи, Арел университетинин доценти Сердар Йылмаз "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди. ​

"Азаттык": Референдумга каршылар президенттик башкарууга өтүү менен Түркия демократиядан артка кетти, эми Эрдоган бийликти бир колго топтоо менен авторитаризм курат деп чочулашууда. Жактоочулар болсо, саясий бийликтин бир адамдын колуна топтолушу стабилдүүлүк, тынчтык үчүн зарыл дешет. Ушул тапта качкындардан, теракттардан башы ооруп турган Түркия үчүн бул маселе актуалдуу экени талашсыз, бирок келечекте мунун өлкө үчүн пайдасы канчалык?

Сердар Йылмаз: Эң алгач айтаарым, Түркия тарыхта эң маанилүү референдумду өткөрдү. Ал 51 пайыз "ооба", 49 пайыз "жок" деген добуш менен жыйынтыкталды. Албетте, эки тараптын аргументтерин терең анализ кылышыбыз керек. Конституциялык өзгөртүүлөргө каршылар президенттик башкарууга өтүү менен Эрдоган бейтараптуулуктан чыгаарын жана парламенттин башкаруу механизминин солгундашына бушайман. Андан тышкары президенттин чексиз бийликте отуруу коркунучун айтып чыгышты. Жактоочулардын колдогон аргументтери болсо президент менен премер-министрдин башкаруусу бир кишиге өтүп, чечимдер тез арада кабыл алынып, Түркиянын келечегине чоң салым кошот деген ойдо турушат. Бирок бул референдумда президент Эрдогандын жеңиши алсыз жеңиш болгонун унутпашыбыз керек. Жеңди, бирок алсыз, күчсүз жеңиш болду. Өтө аз добуш менен жактоочулар басымдуулук кылып кетти. Мындан кийин Эрдоган 49 пайыз каршы добуш бергендердин дагы талаптарын эске алып, стратегиялык кадамдарды жасашы керек деген ойдомун. Анткени Түркияда азыркы тапта 30 чоң шаар бар. Алардын 17си каршы болсо, 13 чоң шаардын тургундары колдоду. Эми Түркия картасын көз алдыбызга элестетсек, ошол 49 пайыздын ичиндеги каршы добуш бергендердин басымдуу бөлүгү шаардык, билимдүү, иши бар, жергиликтүү маданиятка салымын кошкон, европалашкан жарандар болуп чыкты. Ал эми жактоочулардын таржымалын карасак, Газиантеп жана Кайсери шаарынан тышкары, индустриясы өнүкпөгөн, билим деңгээли төмөн, улутчул жана динчил жарандарды көрсөк болот. Башкача айтканда, бийликтеги АК партия акырындап шаардыктардын ишениминен чыга баштады. Бул жерден добуштардын канчалык даражада айырмачылыгы бар экенин көрсөк болот.​

Конституциялык өзгөртүүгө каршылар.
Конституциялык өзгөртүүгө каршылар.

"Азаттык": Президенттик башкарууга өтүүнү түркиялыктардын дээрлик жарымы колдогон жок. Башкача айтканда, бул маселеде коомдук пикир тең экиге бөлүнгөндөй. Мындан улам келечекте Эрдогандын күчтүү президенттик бийлик жүргүзүүсү оңой-олтоң болбойт деп болжосок болобу?

Сердар Йылмаз: Президент Эрдогандын 2019-жылга чейин бийликте калып-калбашы боюнча маселе жок. Ал эми бул референдумдун жыйынтыгы 2019-жылы өтө турган президенттик шайлоо үчүн олуттуу белги берди. Анткени бийликтеги АК партиянын тарапташтарына оппозиция - 49 пайыз каршылар пайда болду. Оппозиция өлкөдө тең салмактуулукту жана туура башкарууну көздөйт. Ошону менен катар эл аралык алакаларда да тең салмактуулуктун ишке киришин талап кылышууда. Эгер президент жана аны колдоочулар бул талаптарды эске алышпаса, 2019-жылкы президенттик шайлоодо жеңишке жетиши мүмкүн эмес. Бирок бийликтегилер 49 пайыз добуш берген катмардын көз караштарына көңүл бурушпаса, кийинки президенттик шайлоодо Эрдогандын тактысы солгундашы мүмкүн. Андан тышкары, оппозициядагы партиялардын жүргүзө турган саясаты да маанилүү. Менимче, бул референдумдагы 49 пайыз каршылардын ичинде күрттөрдүн саны көбөйдү деп ойлойм.

"Азаттык": Белгилүү болгондой, АКШ, Орусия, Британиядагы түрк жарандары жана Түркиянын Стамбул, Анкара, Измир сыяктуу негизги шаарлары каршы добуш беришти. Бул эмнени көрсөтөт? Эрдоганды кайсы катмар колдоду?

Сердар Йылмаз: Бул көрүнүш Түркиянын референдум жыйынтыгына эле окшош. Мисалы, деңиз жээгиндеги шаарлар каршы чыкса, өлкөнүн ички аймактары колдошкон. Ушул эле көрүнүштү чет өлкөдө жашаган түрктөрдөн байкаса болот. Анткени дал ошол ички аймактардан көчүп кеткен мигранттар Германия, Голландия жана Италияда жашашат эмеспи. Алар толугу менен референдумда колдоо көрсөтүштү. Ал эми Америка, Орусия сыяктуу өлкөлөрдө жашаган түрктөрдүн жашоо шарты, билим деңгээли жогору болгондуктанбы, алар колдогон жок. Айтарым Түркияда референдум жыйынтыгы аймактарда кандай көрсөткүч берсе, чет өлкөгө көчүп кеткен мигранттардын туулуп өскөн аймактарына жараша болду. Негизи билими төмөн түрктөр Европада деле жаңыланууга, өнүгүүгө, билим алууга көп умтулушпайт.

Президент Эрдоган жубайы менен эл алдында.
Президент Эрдоган жубайы менен эл алдында.

"Азаттык": Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочу миссиясы бул референдум эл аралык стандарттарга туура келген жок деген тыянакка келди. Бир ыптасы Европада турган, кайсы бир деңгээлде башка өлкөлөргө үлгү, өзүн мусулман дүйнөсүнүн алдыңкысы катары көрсөткүсү келген Түркиянын имиджине бул канчалык таасир этет?

Сердар Йылмаз: Ооба, мен дагы ЕККУнун маалымат жыйынын көрдүм. Алардын айткандары боюнча, өнөктүк маалында эки тарапка бирдей мүмкүнчүлүк караштырылган жок. "Ооба" деген добушту өкмөт өзү каржылап үгүт жасаганын, ал эми "жок" добушунун агитациясы көмүскөдө калып, басмырланганына токтолушту. Экинчиден, БШК референдум өтүп жаткан учурда эрежелерге ар түрдүү өзгөртүүлөрдү киргизгени кызуу талкуу жараткан. Эң маанилүү аргумент - үгүт учурунда түрк медиасынын бийликтегилердин кызыкчылыгын көздөп, бардык телеканалдарда "ооба" деген жарнама жаңырып турду. Анткени ошол эле учурда, "жок" деп добуш берчүлөрдү колдогон эч бир жарнама телеканалдарда көрсөтүлгөн эмес. ЕККУнун өкүлдөрү дал ушул билдирүүлөрдү жергиликтүүлөргө угузду. Албетте, бул Түркиянын кадыр-баркына тескери таасирин тийгизет. Өзгөчө Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү да оор абалга кептеши мүмкүн.

"Азаттык": Эрдоган референдумдан кийинки эле билдирүүсүндө өлүм жазасын кайра киргизишибиз ыктымал деди. Эгер андай болсо Евробиримдикке мүчөлүккө Түркияга жол жабылары эскертилген. Бирок эмне үчүн түрк президенти референдум өткөндөн кийин дароо бул маселени эске алууда? Евробиримдикке жакынкы келечекте кошулуудан түңүлгөндөн кийинки эмоциялык кадамбы же өлүм жазасын кайтаруунун принципиалдуу себептери барбы?

Сердар Йылмаз: Ооба, мен да бул тууралуу президент Эрдогандын референдумдан кийинки эле сүйлөгөн сөзүнөн уктум. Президент балконго чыгып референдумдан кийинки максаттарын, келечекке курган пландарын айтаар маалда чогулган элдер "өлүм жазасы, өлүм жазасы" деп кыйкыра башташкан. Ошондо гана Эрдоган "өлүм жазасын эл киргизели дешсе, парламент дагы колдосо, мен жок дебейм" деп жооп кайтарган. Эгер өлүм жазасы Түркияда колдоо таап калса, анда бул Түркиянын келечегине сокку урат. Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр боюнча кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Ал гана эмес, эң негизгиси Түркиянын экономикасы запкы көрөт. Анткени биздин экономика дал ошол Европа өлкөлөрүнө экспорт кылып, соода кылышат. Анан өлүм жазасы келсе, албетте,бул өлкөлөр биз менен соодасын токтотушу ыктымал. Инвесторлордун, накталай акчанын өлкөгө кирүүсү азаят. Мунун баары Түркиянын экономикасына чоң сокку болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG