Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Эрдоган: Түркиядагы терактка кыргызстандыктар катышкан


Режеп Тайип Эрдоган
Режеп Тайип Эрдоган

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Стамбул аэропортундагы жардырууларга шектелгендер арасында кыргызстандыктар бар экенин билдирди. Эрдоган бул жардырууну “Ислам мамлекети” террорчул уюму уюштурганын ырастады.

Кыргызстандын расмий органдары маалымат такталып жатканын билдирүүдө. Ал ортодо Стамбул аэропортунда террорчул уюмга шектелип кармалгандардан Кыргызстандын бир нече паспорту табылды.

Стамбул аэропортундагы жардырууларга шектелгендер арасында кыргызстандык, тажикстандык жана дагенстандыктар бар экенин түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган бүгүн билдирди. Орозо айт намазынан соң журналисттердин суроолоруна жооп берген Эрдоган окуя боюнча 30 адам кармалганын, алардын арасында бир топ өлкөлөрдүн жарандары бар экенин билдирген.

- Акыркы кармалгандар менен биргеликте 30 адам камакка алынды. Бул 30 адам кармалганы менен бирге алдыда бир катар маалыматтар ачыкка чыгышы мүмкүн. Баарыбыз көрүп тургандай, алардын арасында дагенстандыктар, кыргызстандыктар, тажикстандыктар бар. Тилекке каршы, бул ишке коңшу Кавказ мамлекеттеринин тургундарынын катышы бар. Окуя “Ислам мамлекети” террордук тобунун алкагында ишке ашырылган жана алардын ыкмалары менен жүргүзүлгөн жараян катары атай алабыз.

Эрдоган бул окуядан соң Түркия террорчулук менен күрөштү дагы күчөтөрүн убада кылды.

28-июнь түнү Стамбулдагы 40тан ашуун адамдын өмүрүн алган терактты уюштургандардын арасында кыргызстандыктар болушу мүмкүндүгү тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыккан. Анда үч жанкечти аэропортко курал менен кирип, өздөрүн жардырып жиберген эле. Жанкечтилердин экөөнүн тек-жайы аныкталып, алар Ваким Булгаров жана Вадим Османов аттуу орусиялык жарандар экенин түрк расмийлери кабарлаган.

Үчүнчү жанкечтинин тек-жайын жана жарандыгын аныктоо иши жүрүп жатканын айтышкан.

Бул окуя боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тактоо иштери жүрүп жатканын билдирип келет.

Стамбул аэропортундагы жардырууга кыргызстандыктардын тиешеси боюнча кабарлар бас-бас боло электе 2-июлда ушул аэропортто “Ислам мамлекети” террорчул тобуна мүчө деп шектелген эки адамдын жанынан Кыргызстандын паспорттору табылганы кабарланды.

Түркиядагы “Хүрриет” басылмасынын жазышынча, Украинадан учуп келген эки киши текшерилген. Алардын биринен - 25 жаштагы жарандан Кыргызстандын жана Орусиянын паспорту, ал эми экинчисинен - 35 жаштагы жарандан Кыргызстандын паспорту чыккан. Басылма шектүүлөрдөн атайын аскер кийими, башка адамдарга таандык эки паспорт, Кыргызстандын үч ID картасы жана туулгандыгы тууралуу беш күбөлүк табылганын жазып чыкты.

Бул окуя боюнча Кыргызстанга түрк тарап расмий кайрыла электигин, бирок Стамбулдагы консулдук бул маалыматтарды тактап жатканын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди:

- Бул маалымат боюнча түрк тарап расмий кайрыла элек. Бирок маалымат каражаттарына жарыяланары менен Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу маалыматты тактоо боюнча расмий кайрылды. Учурда такталууда. Кошумча маалымат берилет.

Ал эми өлкөдөгү жарандык паспортторду берген расмий орган Мамлекеттик каттоо кызматы бул окуяны иликтерин билдирүүдө. Аталган кызматтын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин божомолунда, бул жасалма паспорттор Кыргызстандан тышкары аймакта даярдалышы мүмкүн:

- Жеке эле бизде эмес, жалпы дүйнө жүзүндө жасалма паспорт көйгөйү бар. Ошондуктан, биз жарандарыбыздын биометрикалык маалыматтарын да камтыган жаңы паспорт киргизели деп атабыз. Андай паспорт киргизилсе, жасалма паспорт маселеси чечилет.

Буга чейин да бир нече жолу чуулгандуу окуяларга шектелгендердин жанынан кыргыз паспорттору табылган учурлар болгон. Адистер мындай кырдаалга өлкөдөгү мамлекеттик органдардагы коррупциялык иштер себеп болгонун айтып келишет.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Эрлан Сапарбаев абалдын жаралышына эң ириде каттоо системасындагы көзөмөлдүн начардыгы себеп болгонун көрсөтүүдө:

- Бул эми көп маселе. Каттоо кызматынын бөлүктөрүндө, бөлүмдөрүндөгү иштегендердин коррупцияга аралашканы, бул кызматтагылардын айлык акысынын аздыгы, автоматташтырылган системанын жоктугу ж.б. ушул сыяктуу нерселер себеп болууда. Көзөмөл күчөтүлүшү керек. Эгер бул маселе комплекстүү түрдө чечилип, жөнгө салынбаса мындай абал улана берет.

Ал эми коопсуздук жана эл аралык мамилелер боюнча эксперт Искендер Ормон уулу акыркы окуялар Кыргызстан үчүн эскертүү коңгуроосу болушу керек дейт:

- Акыркы кездеги окуялар Кыргызстанга улам-улам эскертүү берилип келаткандай. Сирияда 500гө жакын кыргызстандык жүргөнү, белгилүү эксперт Кадыр Маликовго Бишкекте кол салынышы, Түркиядагы окуяларга кыргыз жарандарынын катышканы боюнча маалымат мунун баары биз үчүн коңгуроо. Биз ушундай эле окуялар болгондо эле журналисттер көтөрүп, маалымат каражаттарында талкууланбаса, түпкүлүгүндө бул окуяларды алдын-ала турган чаралар көрүлбөй жатат.

Буга чейин кыргыз бийликтери дүйнөдөгү коопсуздукту күчөтүү боюнча бир нече чараларды көргөнүн билдирүүдө. Бирок эксперттер бул чаралардан иш жүзүндө майнап чыкпай жатканын белгилешет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG