Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Түркия айфонго бойкот жарыялайт


Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкарадагы жыйында, 14-август 2018-жыл.
Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкарадагы жыйында, 14-август 2018-жыл.

Түркия АКШда чыгарылган электрондук жабдууларга бойкот жарыялайт. Президент Режеп Тайип Эрдоган мындай чечимди Түркияга каршы "экономикалык чабуулга" жооп катары мүнөздөдү. Андан мурда АКШ эки түрк министрине санкция салып, Түркиядан ташылган алюминий менен болоттун бажы төлөмүн көбөйткөн. Бул жагдай түрк лирасынын курсунда рекорддук төмөндөөгө себепчи болгон.

Түркия Америкада чыгарылган IPhone сыяктуу электрондук жабдууларды импорттоону токтоторун президент Режеп Тайип Эрдоган шейшембиде Анкарадагы жыйында жарыялады. Ал өлкө ичиндеги улуттук валютанын арзандашы менен коштолгон кырдаалды Түркияга каршы жасалган экономикалык чабуул деп мүнөздөп, түрк өкмөтү буга каршы турарын айтты:

- Биз чет өлкөлүк валюта менен сырттан алып келген ар бир товарды бул жакта дагы жакшы сапатта өндүрөбүз. Эми ал товарларды өзүбүз экспорттой баштайбыз. АКШнын электрондук жабдууларына бойкот жарыялайбыз. Эгер аларда айфон болсо, башка жакта Samsung бар.

Америкалык пастор Эндрю Брансон.
Америкалык пастор Эндрю Брансон.

Август айынын башында Вашингтон Түркияда үй камагында отурган америкалык пастор Эндрю Брансонду кармоодогу "башкы ролу" үчүн эки түрк министрине санкция салган. Террорчулук боюнча айыпталып жаткан пастор Брансон жыйырма айдан ашык абакта отуруп, жакында эле үй камагына которулган. АКШнын президенти баш болгон расмий өкүлдөрү пастор бейкүнөө камакта отурганын айтышып, аны бошотууну талап кылып келет.

Министрлерге каршы санкцияларды улай АКШ Түркиядан ташылган алюминийге бажы төлөмүн 20%, болоттукун 50 пайызга чейин көбөйтүүнү чечкен.

Лиранын курсу бир аз көтөрүлдү

Вашингтондун мындай чараларынан улам түрк лирасы соңку бир аптада 18-20 пайызга, жыл башына салыштырмалуу дээрлик 40 пайызга кунун жоготту. Валюта рыногундагы олку-солку абалдан улам инфляция кеминде 15 пайызга көтөрүлүп, өкмөттүн доллар менен алган карыздарынын чыгымы 18 пайызга жогорулады.

Дүйшөмбү күнкү рекорддук төмөндөөдөн кийин түрк лирасынын долларга жана еврого карата курсу 4-5 пайызга жогорулады. Бир күн мурда орто эсеп менен 1 АКШ доллары 7 лиранын тегерегинде болсо, шейшембиде 6,5 лираны түздү.

Бирок Түркия менен финансы тармагында жакындан кызматташкан өлкөлөр дале чочулап турушат.

- Түркиядагы окуялар тынчсызданууга себеп болууда. Түркия Евробиримдик эле эмес башка европалык өлкөлөрдүн экономикасы үчүн да маанилүү бир мамлекет. Бул өлкө немис компаниялары үчүн да маанилүү. Биз күбө болуп жаткан окуялар чындыгында камтамачылык жаратууда, - деди Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас.

Түркиянын Борбордук банкы лиранын курсу төмөндөп жаткан шартта финансылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн "бардык керектүү чараларды" көрөрүн, банктарды накталай акча менен камсыз кыларын билдирди. Түрк президентти да жакын арада лиранын курсу калыбына келет деп ишендирүүдө. Бирок түрк өкмөтүнүн убадасы азырынча инвесторлорду толук ынандыра элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG