Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Айя-София мечитке айланабы?


Стамбулдагы Айя-София архитектуралык жайы.
Стамбулдагы Айя-София архитектуралык жайы.

Стамбулдагы атактуу Айя-София музейинин макамы талкуу жаратууда. Түрк соту дүйнөлүк мурастардын тизмесине кирген бул жайды мечитке айландыруу маселесине жакын арада чекит койгону турат. Бирок Грекия, АКШ сыяктуу айрым өлкөлөр Айя-Софиянын музей бойдон калышын каалашат.

Түркиянын жогорку административдик соту же Мамлекеттик кеңеши 2-июлда атактуу Айя-София музейинин макамы боюнча маселени карады. Мындай соттук жыйынга коомчулукка көп белгисиз ассоциациянын арызы себеп болду. 75 жаштагы Исмаил Кандемир жетектеген бул бирикме тарыхый жайдын музейге айланышына жол ачкан дээрлик 85 жыл мурдагы чечимди жокко чыгарууну көздөп турат.

TRT телеканалы кабарлагандай, бейшемби күнү сот аталган ассоциациянын, мамлекеттик прокурордун жана түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын кеңсесинин өкүлүнүн пикирин укту. Мамлекеттик кеңеш жазуу түрүндөгү акыркы чечимин 15 күндүн ичинде жарыяламай болду.

Эрдоган башында турган түрк бийлиги дээрлик 15 кылымдык тарыхы бар архитектуралык жайды мечитке айландыруу демилгесин маал-маалы менен көтөрүп келген. Июнь айында түрк президент Айя-Софиянын маселесин Түркия өзү чече турганын ишара кылган.

"Азыр алар "Айя-Софияны мечитке айландырбагыла" деп жатышат. Түркияны биз башкарып жатабызбы, же силерби? Түркиянын өзүнүн жеке институттары бар. Эгер андай кадамдар таштала турган болсо, аны ошол институттар чечет. Парламент жана Мамлекеттик кеңеш деген бар. Андыктан бул мекемелер өзүнүн чечимин чыгарышат. Андан соң аткаруу бийлиги тиешелүү кадамдарга барат", - деп билдирген Режеп Тайып Эрдоган.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган баштаган расмий өкүлдөр Айя-Софияда, 30-июнь, 2020-жыл.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган баштаган расмий өкүлдөр Айя-Софияда, 30-июнь, 2020-жыл.

Стамбулдун чок ортосунда, шаардын тарыхый бөлүгүндө жайгашкан, туристтерге белгилүү жай 532-537 жылдары византиялык император Юстиниан I буйругу менен курулган жана тогуз кылым бою христиан чөйрөсүндөгү эң ири чиркөөлөрдүн бири болуп турган.

Бул мөөнөттүн көп бөлүгүндө Айя-София христианчылыктын православ багытын карманган гректердин патриархалдык чиркөөсү болгон. 1204-1261-жылдары Латын империясынын тушунда католик чиркөөсү катары иш алып барган.

1453-жылы Султан Мехмет II башында турган осмон түрктөрү Константинополду каратып алгандан кийин Айя-София мечитке айланган. Ошондой эле мурдагы чиркөөнүн төрт тарабына төрт мунара тургузулган. Осмон империясынын тушунда дээрлик беш кылым бою Айя-София мечити мусулмандар үчүн Меккедеги Каабадан кийинки эле экинчи ыйык жай болуп турган.

Түрк Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк 1935-жылы мечитти музейге айландырган. Эми Ататүрктүн бул чечимин жокко чыгаруу маселесине жакын арада чекит коюлмакчы.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Айя-Софиянын макамы өзгөрсө, эстеликтин тарыхый мурасы жокко чыгарын эскертип, Анкараны аталган жайды музей бойдон калтырууга үндөдү. Грекиянын өкмөтү да Түркиянын музейди мечитке айландыруу аракетин айыптады.

"Бул грек-түрк маселеси эмес, глобалдык маселе. Айя-София - бул дүйнөлүк маданий мурас. Көп өлкөлөрдүн, анын ичинде АКШнын Мамлекеттик департаментинин Анкараны христиан дүйнөсү менен Түркиянын ортосундагы эбегейсиз чоң эмоционалдык ажырымды жарата турган бул кадамга барбоого чакырганы абдан жакшы. Түрк лидерлери бул жагдайды эске алат деп үмүттөнөбүз", - деп билдирди 2-июлда грек өкмөтүнүн басма сөз катчысы Стелиос Петсас.

Айя-Софиянын ички көрүнүшү, 29-сентябрь, 2012-жыл.
Айя-Софиянын ички көрүнүшү, 29-сентябрь, 2012-жыл.

Мындан тышкары православ чиркөөсүнүн руханий лидери, Константинополдун патриархы Варфоломей I да Айя-Софияны мечитке айланышы "дүйнөдөгү миллиондогон христиандарды капа кыла турганын" айтты. Мындай сындарга Түркиянын тышкы иштер министринин басма сөз өкүлү Хами Аксой жооп кайтарып, "Айя-София - биздин жердеги маданий байлык, Түркиянын менчиги" деп билдирди.

Христиандарга жана мусулмандарга таандык элементтер ушул күнгө чейин сакталып калган бул жай 1985-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Жыл сайын бул архитектуралык эстеликти көрүү үчүн миллиондогон туристтер Стамбулга келишет. Шаар бийлигинин маалыматына ылайык, 2019-жылы эле бул жайга 3,7 миллион зыяратчы келген.

Түркияда Айя-Софияны мамлекеттин секулярдык багытынын символу катары көргөндөр бар. Ошол эле учурда бул жайды Осмон доорундагыдай мечитке айландырууну кубаттагандар да жок эмес. Түрк оппозициясынын айрым өкүлдөрү бийлик элди экономикалык каатчылык менен коронавирус пандемиясынан алаксытуу үчүн Айя-Софиянын макамы тууралуу маселени кайрадан көтөрүп жатканын айтышууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG