Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Саудия жоголгон журналисттин көзүн тазаладыбы?


Хашогги консулдукка кирип бараткан учур.
Хашогги консулдукка кирип бараткан учур.

Түрк медиасы "саудиялык журналист Жамал Хашоггинин дайынсыз жоголгонуна тиешеси бар" деп 15 кишинин ысымын атады. “Сабах” гезити бул адамдар журналист жоголгон күнү Саудиядан Түркияга келип, ошол эле күнү кечинде кайра учуп кетишкенин жазды.

Түрк бийлиги АКШда жашап, сауд бийлигин сындап келген Хашогги Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлүшү мүмкүн деп эсептейт. Расмий Эр-Рияд мындай дооматтарды четке кагууда.

Шектүүлөр аталды

Бир жума мурда Саудиянын Стамбулдагы консулдугуна кирип кеткен боюнча табылбай жаткан журналист Жамал Хашоггинин тагдыры дагы эле түкшүмөл суроолорду жаратып жатат. 10-октябрда түрк өкмөтүнө ыктаган “Сабах” гезити "саудиялык журналисттин дайынсыз жоголгонуна тиешеси бар" деп, Сауд Арабиясынын 15 жаранынын аты-жөнүн жана сүрөттөрүн жарыялады. Гезиттин жазганы боюнча, атайын агенттер же өкмөт өкүлдөрү катары мүнөздөлгөн бул кишилер Хашогги дайынсыз жоголгон 2-октябрь күнү эки чартердик учак менен Түркияга келишкен.

Биринчи учак таңкы үчтөрдө Стамбул аэропортуна конуп, андагы тогуз киши Саудиянын консулдугунан алыс эмес жердеги эки мейманканага жайгашкан. Алар "мейманканада үч түн калабыз" дешкени менен ошол эле күнү түн жарымына жетпей Стамбулдан Дубай аркылуу Эр-Риядга учуп кетишкен.

Экинчи учак Хашогги консулдукка кирип кеткенден кийин, саат 17:15тер чамасында Стамбулга конуп, андагы алты жүргүнчү дароо консулдукка келген. Бир саат өтпөй алар аба майданына кайтып келип, дароо учуп кетишкенин Түркиянын "Сабах" гезити кабарлады.

Түркиянын TRT мамлекеттик телеканалы "сауд жарандарынын Стамбулдагы аэропортко конуп, мейманканага жайгашканын жана өлкөдөн чыгып кетип жатканы көрсөтүлүүдө" деген тасманы жарыялады. Ал видеодон Хашогги консулдукка киргенден кийин дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагынан терезелери караңгылатылган унаалар чыгып кетип жатканын да көрүүгө болот.

Шектүү адамдар Стамбул аэропортундагы видео камераларга түшүп калышкан.
Шектүү адамдар Стамбул аэропортундагы видео камераларга түшүп калышкан.

Саудия атайын операция жүргүзгөнбү?

“The New York Times” гезити Хашоггинин көзүн тазалаш үчүн "тез жана татаал бир операция" жүргүзүлгөнүн түрк коопсуздук кызматындагы булактарга таянып жазып чыкты. Басылмага маалымат берген түрк расмий өкүлү Хашогги консулдукка киргенден кийинки эки сааттын ичинде өлтүрүлгөнүн жана анын денеси электр араасы менен мүчөлөнгөнүн айтып берген. Бирок бул маалыматтар расмий түрдө тастыктала элек. Саудиянын бийлиги мындай дооматтарды караманча четке кагып жатат.

Кийинки убакта АКШда жашап, “Вашингтон пост” гезитине баяндамаларын жарыялап келген Хашоггини акыркы жолу көргөн адамдардын бири, анын досу Аззам Тамими журналист Саудиянын консулдугуна бейкапар эле кеткенин айтып жатат:

- Ал мурда да консулдукка барганын, кызматкерлер аны жакшы кабыл алганын айткан болчу. Ал керек болсо консулдукта иштегендер катардагы эле мекендештери экенин, кооптонууга негиз жоктугун билдирген.

Хашогги түрк жараны Хатиже Жеңгизге үйлөнүш үчүн документтерин тууралоо максатында Сауд Арабиясынын Стамбул шаарындагы консулдугуна 2-октябрда түш оогондон кийин кирип кеткен. Аны болочок жубайы имараттын сыртында күтүп калган.

Сауд Арабиясынын бийлиги да, консулдуктун өкүлдөрү да Хашогги кыска убакыттан кийин имараттан чыгып кеткенин билдирип жатышат. Хатиже Жеңгиз болочок жолдошу консулдуктан чыкпаганын айтууда. Түрк тарап “Хашоггини падышалык үй-бүлөнү сындагыны үчүн Сауд Арабиясынын бийлиги өлтүрүп койду" деп тынчсызданып турат.

Саудиянын Стамбулдагы элчилигинин алдындагы нааразылык акциясы. 5-октябрь, 2018-жыл.
Саудиянын Стамбулдагы элчилигинин алдындагы нааразылык акциясы. 5-октябрь, 2018-жыл.

Расмий Анкара Сауд Арабиясынан журналисттин имараттан чыгып кеткенин көрсөткөн далилдерди көрсөтүүнү талап кылып жатат. Ошол эле учурда түрк полициясы да Хашогги өлтүрүлүшү мүмкүн деген версия боюнча азырынча так далилдерди келтире элек. Анын үстүнө, айрым өкмөтчүл маалымат каражаттары кабарлагандай, түрк полициясы "Хашогги өлтүрүлбөй эле уурдалып кетиши мүмкүн" деген версияны да четке кага элек.

Дүйнө ачыктыкты күтөт

Бириккен Улуттар Уюму журналисттин дайынсыз жоголушун “зомбулук сыяктанат” деп баалап, Түркия менен Сауд Арабиясын окуяны иликтөөгө үндөдү. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Саудияны кылдат иликтөөгө жардам берүүгө жана жыйынтыгын ачык-айкын көрсөтүүгө чакырды. Евробиримдик да бул билдирүүгө кошулду.

- Мамлекеттик катчы Помпеонун бир нече саат мурда айткандарына 100 пайыз кошулам. Биз АКШнын бул маселе боюнча позициясына тилектешпиз. Биз Сауд Арабиясынын бийлигинен болгон окуя боюнча толук иликтөө жана ачык-айкындыкты күтөбүз, - деди уюмдун тышкы иштер боюнча комиссары Федерика Могерини.

Хашогги өз макалаларында өзгөчө Сауд Арабиясынын мураскер ханзадасы Мохаммед бин Салманды сындап келген. Ал кезинде Саудиянын “Аль-Ватан” гезити сыяктуу бир катар маалымат каражаттарында жооптуу кызматтарды ээлеп турган.

Ошондой эле ал айрым бийлик өкүлдөрүнө да кеңешчилик кылып, Саудиянын падышалык үй-бүлөсүнө жакын журналист катары да мүнөздөлгөн учурлар болгон. Бирок достору камакка алынып, “Аль-Хаят” гезитиндеги рубрикасы токтотулгандан кийин бир жыл мурда өлкөдөн чыгып кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG