Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Түркияда түркмөн мигранты сабалды


Түркияда түнкү клубга кол салган адамды издөө иши уланууда.
Түркияда түнкү клубга кол салган адамды издөө иши уланууда.

Стамбулда жаңы жыл түнүндөгү кандуу кол салууга шектелген кишиге түспөлдөш түркмөн мигранты ур-токмокко кабылганы кабарланды.

Паспорту интернетке тарап кеткен кыргыз жараны Стамбулдагы кандуу кол салууга тиешеси жоктугу аныкталгандан көп өтпөй Түркияда түркмөн жараны шектүү катары сабалганы белгилүү болду. Стамбулдун Пендик районунда жыйырмадан ашык тургун түнкү клубдагы чабуулду уюштурду деген жүйө менен бир адамды сабап жатканын көрсөткөн видео интернетке жарыяланды. Видеону тартып алгандар сабалган кишини “Рейна” түнкү клубуна кол салган адам деп аташкан.

“Доган” агенттиги баштаган жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, бул окуя 4-январда чак түштө болгон. Түркмөн мигранты артынан ээрчиген кишилерди көргөндө кача баштаган. Бирок жергиликтүү тургундар аны кармап алган. Сабалган адамдын сүрөтү жергиликтүү басылмаларга жарыяланды.

Полиция бөлүмүнө жеткирилген киши Стамбулдагы чабуулга эч тиешеси жоктугу, ал К.М. аттуу түркмөнстандык мигрант экени аныкталды. Бирок ал визасынын мөөнөтү өтүп кеткени үчүн мекенине депортациялана турган болду.

Бул түркмөн жараны түнкү клубдагы чабуулдун күнөөкөрүнө окшош болгону үчүн жабыркаган экинчи борборазиялык болуп калды. Буга чейин кыргыз жаранынын паспорту кол салууга шектүү деген жүйө менен интернетке тарап кетип, кийинчерээк паспорттун ээси террорчул аракетке тиешеси жоктугу белгилүү болгон.

Стамбулдагы чабуулга шектелген адам
Стамбулдагы чабуулга шектелген адам

Стамбулдагы түнкү клубга кол салган киши кыргызстандык, өзбекстандык же шинжаңдык болушу мүмкүн деген жоромолдордон кийин Түркиянын вице-премьер-министри Вейси Кайнак акыры шектүүнүн улуту тууралуу маалымат берди:

- Ал уйгур болушу ыктымал. Анын улуту боюнча комментарий бергим келбейт. Биз бардык видеолорду көргөндөн кийин чабуул өтө мыкты пландалганы анык болууда. Биздин коопсуздук күчтөрүбүз террорчунун тек-жайын аныктады. Анын болжолдуу жайгашкан жери да такталды.

Жаңы жыл түнү 39 адамдын өмүрүн алып, жетимиштей адамды жарадар кылган чабуулдан бери Түркияда издөө иши токтой элек. Бул чабуулга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу алып, “өз жоокерлери динге туура келбеген майрамды белгилегендерди” бутага алганын жар салган.

Кол салган адам түнкү клубга кирип келген учур. Видеодон алынган сүрөт.
Кол салган адам түнкү клубга кирип келген учур. Видеодон алынган сүрөт.

Мамлекеттик “Анадолу” агенттиги 5-январда Стамбулдун Силиври районунда Кытайдын Шиңжан аймагынан чыккан уйгурлар кармалганын, ага чейин 34 адам камакка алынганын кабарлады.

Жергиликтүү “Доган” агенттиги Измирде “Ислам мамлекети” террордук тобуна байланышы бар делген 40 адам кармалганын, алардын арасында Чыгыш Түркстан, Дагестан жана Кыргызстандан чыккан 20дай өспүрүм бар экенин жазды. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 5-январдагы билдирүүсүндө Измирде кармалгандардын арасында кыргыздар жок деп кабарлады.

Ал тапта дал ушул Измир шаарында сот имаратына кол салуу болуп, эки террорчу атып өлтүрүлдү, соттун бир кызматкери жана бир полиция окко учту. Ондой адам жараат алды.

Ошентип жаңырган жылдын алгачкы беш күнүндө Түркиядан кол салуулар, шектүүлөр жана операциялар тууралуу кабарлар токтобой келип жатат. Майрам күндөрүндө элдин үрөйүн учурган “мыкты даярдыкта” деп мүнөздөлгөн шектүү киши болсо дале изин жашырып, карматпай жүрөт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG