Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Украина: олигархтарды чектеген мыйзам


Президент Владимир Зеленский Украинанын эгемендик күнүнө арналган парадда, Киев. 24-август, 2021-жыл.
Президент Владимир Зеленский Украинанын эгемендик күнүнө арналган парадда, Киев. 24-август, 2021-жыл.

Украинанын парламенти олигархтардын саясатка жана экономикага таасирин чектөөнү көздөгөн мыйзам долбоорун колдоду. Президент Владимир Зеленскийдин жардамчысынын автоунаасына кол салуудан кийин кабыл алынган мыйзамды оппозиция өкүлдөрү кескин сындап чыгышты.

23-сентябрда Жогорку Рада кызуу талаш-тартыштардан кийин "олигархтардын мыйзамы" деген атка конгон документти акыркы окууда кабыл алды. Мыйзам долбоорун 450 орундуу парламенттин 279 депутаты колдоп, 54ү каршы, 27си калыс болду.

Колдогондордун арасында украин президентинин бийликтеги "Эл кызматчысы" партиясынын 229 депутаты бар. Эми мыйзам долбоору Зеленскийге кол коюуга жөнөтүлөт.

Олигархтардын реестри түзүлөт

Документ расмий түрдө "Коомдук турмушта орчундуу экономикалык жана саясий салмагы бар адамдардын (олигархтардын) ашкере таасирине байланыштуу улуттук коопсуздукка жаралган коркунучтардын алдын алуу жөнүндө" мыйзам деп аталат.

Документ күчүнө кирсе, Украинада олигархтар төрт критерийдин негизинде аныкталат. Башкача айтканда, саясатка аралашкан, маалымат каражаттарына таасири бар, монополиялык компанияга ээлик кылган жана жашоо минимумунун көлөмүнөн 1 миллион эсе көп байлыгы же учурдагы эсеп боюнча 83-85 миллион доллардай активи бар адам "олигарх" деп аталат. Бул критерийлердин кеминде үчөөнө туура келген киши Украинада атайын түзүлө турган олигархтардын реестрине киргизилет.

Каттоого алынган мындай олигархтарга кайсы бир саясий партияга же талапкерге каржылык жардам көрсөтүүгө, чоң объектилерди менчиктештирүүгө жана саясий ураандар камтылган акцияларды өткөрүүгө тыюу салынат. Ошондой эле алар мүлкү тууралуу декларация тапшырып турушу керек.

Украин парламентиндеги кызуу талкуу, 23-сентябрь 2021-жыл.
Украин парламентиндеги кызуу талкуу, 23-сентябрь 2021-жыл.

Олигархтарга каршы күрөш - президент Владимир Зеленскийдин шайлоо алдындагы негизги убадаларынын бири болчу. Ал жакында мыйзам долбоордун философиясы өзүнө таандык идея экенин айткан эле.

"Башкы маңызы жана философиясы - биз чоң бизнести жок кылгыбыз келбейт. Бирок биздин өлкөдөгү олигархиялык системанын таасирин, түшүнүгүн жана маңызын жок кылабыз", - деп билдирген май айында Зеленский.

Оппозициянын сыны

Зеленскийдин командасы бул мыйзамды олигархтарга каршы аёосуз күрөш катары сыпаттаганы менен парламенттеги оппозициячыл депутаттар муну "саясий шоу" катары мүнөздөшүүдө.

Алардын пикиринде, Украинада сот реформасы ишке ашпаса жана монополияга каршы мыйзамдар сыяктуу комплекстүү кадамдар ташталбаса, олигархтарга каршы күрөштөн майнап чыкпайт.

Ошондой эле олигархтар кайсы бир саясий партияга эч качан ачык колдоо көрсөтпөгөндүктөн, алардын мыйзам бузганын далилдөө кыйын болот.

Мыйзам долбооруна ылайык, Украинада Министрлер кеңеши, Борбордук банктын мүчөлөрү, Монополияга каршы министрлик жана Коопсуздук кызматы болжолдуу олигархтардын ысымдарын сунуштай алат. Бирок акыркы чечимди президентке баш ийген Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши кабыл алат.

Мындан улам жаңы мыйзам тандалма мамилеге жол ачпайбы деген кооптонуулар да айтылып жатат.

"2000-жылдары Путин менен Лукашенко президенттик сапарын эмнеден баштаганын билесиңерби? Алар коррупцияга жана олигархтарга күрөштөн башташкан. Бүгүн силердин саясий партияңар да ушул жолго түштү", - деп билдирди 23-сентябрда оппозициячыл "Европадагы тилектештик" фракциясынын депутаты Ирина Геращенко.

Зеленскийдин жардамчысынын аткылоого туш болгон автоунаасы, 22-сентябрь 2021-жыл.
Зеленскийдин жардамчысынын аткылоого туш болгон автоунаасы, 22-сентябрь 2021-жыл.

Табышмактуу кол салуу

Талаш жараткан бул мыйзам долбоору президент Владимир Зеленскийдин башкы жардамчысы жана жакын досу Сергей Шефир бараткан машине аткылоого туш болгондон бир күндөн кийин кабыл алынды. Шефир өзү жабыркаган жок, айдоочусу жарадар болду.

Украинанын улуттук полициясы билдиргендей, кол салуу 22-сентябрда эртең менен саат 10дор чамасында Киев облусундагы Лесники деген айылдын жанында болгон. Машинеге 12 ок атылган, алардын үчөө айдоочуга тийген.

Украин президентинин жактоочулары бул окуяны Жогорку Радада талкууланып жаткан "олигархтар мыйзамына" байланыштырган. Ошол күнү кечирээк Владимир Зеленский Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөп, бул окуяны "мамлекеттеги өзгөрүүлөрдүн жана реформалардын акысы" деп мүнөздөгөн.

Буга чейин АКШ украин бийлигин коррупцияга жана таасирдүү олигархтарга каршы күрөшүүгө чакырган болчу.

Эми мыйзам күчүнө кирсе, олигархтардын тизмесине мурдагы украин президенти Петро Порошенко да кошулуп калышы мүмкүн. Буга чейин Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин баш катчысы Алексей Данилов мыйзам 13 ири украин бизнесменин бутага алышы мүмкүндүгүн айтып, бирок алардын атын так атаган эмес.

"Forbes" журналынын миллиардерлер тизмесинде Украинанын кеминде жети жараны бар.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG