Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Керри Орусияны Минск келишимин аткарууга чакырды


Орусиячыл жикчилдер танкка каршы ок атууда. Донецк, 1-март, 2015
Орусиячыл жикчилдер танкка каршы ок атууда. Донецк, 1-март, 2015

Украина чыгышындагы ок атууну токтотуу боюнча келишим аткарылбаса, Батыш Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизет.

Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Женевада Орусиядагы коллегасы Сергей Лавров менен жолукканда билдирди.

2-мартта Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Женевада Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин жыйында жолугуп, 80 мүнөттөй баарлашты.

- Биз келишим алдыдагы күндөрдө эмес, сааттарда толук ишке ашат деп үмүттөнөбүз, – деген Керри Орусиядагы коллегасына 12-февралда Минскиде кол коюлган келишимди Москва жана Орусия колдогон жикчилдер аткаруусу зарылдыгын айткан.

Жон Керри
Жон Керри

Керри Женевадагы басма сөз жыйында белгилегендей, ок атышууну токтотуу режими бардык стратегиялык аймактарда, анын ичинде Дебальцеводо жана өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөгөн Мариуполдун айланасында да сакталуусу абзел:

- Мен Орусия жана жикчилдердин жетекчилерине Минск келишимин аткаруу зарылдыгын эскерттим. Ал келишим бардык жерде: Дебальцеводо, Мариуполдун сыртында жана башка стратегиялык аймактарда аткарылышы керек.

Эгер Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу ишке ашпаса, мамкатчы Орусияга каршы жаңы санкциялар киргизилерин эскертти.

Мындан бир апта мурун Жон Керри АКШ Сенатында сүйлөп жатып, орус бийлиги Украина чыгышындагы жикчилдерге аскерий жардам берип жатканын каратып туруп танганын билдирген эле.

Ал эми орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу сүйлөп жатып:

- Биз тирешпестен ачык баардаштык. Мен Кошмо Штаттар Минск келишимин толугу менен аткарууга жардам берет деп үмүттөнөм. Анткени Минскиде макулдашуу бул жаңжалды токтотууга шарт түзөт, - билдирди.

Ок атышууну токтотуу келишимине 12-февралда кол коюлганы менен жикчилер Дебальцево шаарчасын ээлөө үчүн адегенде анын шарттарын аткаруудан баш тартышкан эле.

Жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактын жашоочулары. Донецск. 2015-жыл.
Жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактын жашоочулары. Донецск. 2015-жыл.

Андан соң келишим шарттары боюнча жикчилдер оор техникаларды майдан талаасынан чыгара баштаганын билдирген. Өткөн жума аягында өзүн "Донецк элдик республикасы" деп жарыялаган аймактын башчысы Александр Захарченко жикчилдер оор техниканын 90 пайызын чектеш аймактан алып чыгып кеткенин кабарлаган. Ошол эле учурда украин аскерлери да келишимдин шартын аткара баштаганын билдирген. Армия өкүлдөрү бул жараянга ЕККУнун атайын миссиясы көз салып жатканын маалымдады.

Ошентсе да, акыркы учурда жикчилдер өкмөттүк аскерлердин көзөмөлүндөгү Мариуполдун тегерегине күчтөрүн топтоп жатканы кабарланууда. Бул шаар Азов деңизинин жээгиндеги стратегиялык порттук шаар. Эгер ал жикчилдердин колуна тийсе, Орусия былтыр мартта аннексиялаган Крым менен кургактан байланышууга жол ачылат.

Азыр Крым менен байланыш аба, же Кара жана Азов деңиздери аркылуу гана ишке ашууда.

Ал ортодо БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2-мартта жарыялаган отчетунда Украинадагы урушта өлгөндөрдүн саны алты миңден ашканын кабарлады. Баяндамада акыркы апталарда Донецк аэропортунун жанындагы жана Дебальцево шаарчасындагы уруштарда эле жүздөгөн жөн-жай тургундар жана аскерлердин өмүрү кыйылганы айтылат.

Москва канчалык четке какканы менен баяндамада былтыр декабрдан бери Орусиядан жикчилдердие катарына чет элдик согушкерлер жана оор курал-жарак такай өтүп турганы белгиленет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG