Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Аl согуш куралдарын чектөөгө чакырды


Украинанын чыгышындагы орусиячыл козголоңчулардын танктары
Украинанын чыгышындагы орусиячыл козголоңчулардын танктары

Amnesty International уюму 2014-жыл боюнча жарыялаган докладында дүйнөдөгү өкмөттөрдү кризистик окуяларга бөгөт коюу ишине чечкиндүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чакырды.

Эл аралык мунапыс уюму Украина чыгышындагы согушта өткөн жылдын апрель айынан бери 5600дөн ашык адам өлгөнүн айтып, орусиячыл козголоңчулар менен украин аскерлерин эки оттун ортосунда калган жай тургандарды ойлоп койбогону үчүн сынга алды.

“Эки тарап тең бул боюнча күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга ашыккан жок” деп жазылат уюмдун докладында.

Лондондо жайгашкан эл аралык укук коргоочу уюмдун жаңы докладында Ооганстандагы жана Пакистандагы согушкерлердин чабуулдары менен катар эле эки өлкө бийликтери да кескин айыпталды.

Уюм Пакистан өкмөтүнүн өлүм жазасына киргизилген мораторийди алып салуусуна байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди. Мораторийдин алынып салынышына 16-декабрда Пешавардагы мектепке жасалган террордук чабуул себеп болгон. Анда 150дөй киши, анын ичинде 132 окуучу мерт кеткен.

Баяндамада ошондой эле Ооганстандын улуттук коопсуздук кызматы “өлкө ичиндеги бир катар адам укуктарынын бузулушуна жол бергендиги” айтылат.

Эл аралык уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Жон Далхуйсен "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген маегинде буларга токтолду:

Эл аралык уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Жон Далхуйсен
Эл аралык уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Жон Далхуйсен

- Биз Ооганстанда адам укуктарынын сакталышын, ооган жарандарынын укуктарынын корголушун камсыздоо боюнча олуттуу кадамдар көрүлбөй, эл аралык жана ички күчтөр тарабынан кеткен катачылыктарга жоопкерчилик аз болгондуктан, Ооганстанда чыңалуу күчөй берет деп айта алабыз.

Докладда Орусиянын жана Борбор Азиянын коопсуздук кызматтары да сынга алынып, алар өзгөчө террорчул кылмыштар боюнча айыпталып жаткандарга жана ислам топторуна байланышы бар деген адамдарды кыйнап, кысым көрсөтүп жатканы баяндалат.

Amnesty International билдиргендей, 2014-жылы чоң көйгөйдү “Ислам мамлекети” деп өздөрүн атап алган радикалдык уюм жаратты. Экстремисттик топтун согушкерлери ири масштабдагы аскерий операцияларды жүргүзүп, адамдарды туш келди уурдап жана өлтүрүп келатат. Алардын ичинде атайын багытталган соккулар езид, христиан, шиит жана түркмөн азчылыктарына багытталган.

Согушкерлер ошондой эле өкмөткө иштейт деген жүйө менен айрым сунни мусулмандарын да өлтүргөн. Жүздөгөн кыздар жана аялдар “Ислам мамлекетинин” согушкерлеринин сексуалдык зомбулугуна кабылган.

Уюм Ирак өкмөтүн жана шиит милициясын суннилерге каршы жүргүзгөн аскерий кылмыштары үчүн айыптады. Отчетто Иран сөз эркиндигин чектегендиги, жарандык активисттерди, журналисттерди куугунтукка алганына басым жасалат.

Айыпталып жаткан "Азаттыктын" азери кызматынын журналисти Хадижа Исмаилова
Айыпталып жаткан "Азаттыктын" азери кызматынын журналисти Хадижа Исмаилова

Азербайжан бийиктери быйылкы докладда катаал сынга кабылды. Жон Далхуйсен.

- Азербайжан мындан артык иштерге барышы мүмкүн эмес деп ойлоп жатканда, азери бийликтери мурдагыдан ашкан басымчыл аракеттерге батынды. Азербайжан бийлиги эми жарандык активисттерге, журналисттерге, оппозициялык саятычыларга жана блоггерлерге каршы бурулду.

Amnesty International жалпы эл аралык коопсуздукту жана тынчтыкты сактап кала албады деп Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин да сындады. Баяндамада Ирак, Сирия жана башка жерлерде жарандарды коргоо боюнча Коопсуздук кеңеш өз убагында натыйжалуу чара кабыл ала албаганы айтылган.

Отчетто Орусиянын ветосу Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча көптөгөн чечимдерине тоскоол болду деп белгиленет.

Уюм БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсүн геноцид же массалык зомбулук учурунда вето коюу практикасынан баш тартууга чакырды.

Уюм ошондой эле дүйнө лидерлерин авиабомбаларды, миномет, артиллерия жана баллистикалык ракеталарды колдонууга жаңы чектөөлөрдү киргизүүгө чакырды. Анткени дал ушул куралдар 2014-жылы жай тургундардын өлүмүнүн кескин көбөйүшүнө алып келген.

XS
SM
MD
LG