Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Донецк Орусияга кошулууну суранды


Украина -- Донецк менен Лугансктагы "референдумду" колдоо митингинде Орусия желегин көтөрүп турган аял. Симферополь, 11-май, 2014.
Украина -- Донецк менен Лугансктагы "референдумду" колдоо митингинде Орусия желегин көтөрүп турган аял. Симферополь, 11-май, 2014.

“Референдум” делген добуш берүүнүн артынан Украинанын чыгышындагы жикчилер болочок пландарын ачыкташты. “Донецк элдик республикасын” түздүк дегендер Орусияга кошуп алуу өтүнүчү менен кайрылса, “Луганск элдик республикасыбыз” дегендер “көз карандысыздык” жарыялашты. Орусия жикчилер менен Киев ортосунда сүйлөшүү зарылчылыгын айтса, Батыш референдумдарды тааныган жок. Украин бийликтери бул өнөктүктү Москва уюштурган “фарс” деп атады.

Донецктеги орусиячыл жикчилер Орусияга кошулуу мүдөөсүн өздөрү референдум деп атаган добуш берүүнүн жыйынтыгын жүйө тартуу менен айтып чыгышты.

Өзүн-өзү жарыялаган “Донецк элдик республикасынын” лидерлеринин бири Денис Пушилин дүйшөбү күнкү басма сөз жыйында буларды айтты:

- Биз Донецк элдик республикасынын эли 2014-жылдын 11-майындагы референдумдун жыйынтыгына жана Донецк элдик республикасынын суверенитети жөнүндөгү декларацияга таянып, Донецк элдик республикасы мындан ары көз карандысыз мамлекет экенин жарыялайбыз. Элдин эркине негизденип жана тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү үчүн Орусия федерациясынан Донецк элдик республикасын Орусия федерациясынын курамына кошулуусу жөнүндө маселени карап көрүүнү суранабыз.

Ал эми “Луганск элдик республикасыбыз” дегендердин жолбашчылары Орусияга кошулуу өтүнүчү менен чыгыша элек, бирок алар кечээги митингде көз карандысыздык тууралуу жарыялашты.

Донецктеги жикчилердин кошуп алуу өтүнүчүнө Москва азырынча реакция жасай элек.

Референдум делген добуш берүүнүн жыйынтыгы айтылгандан кийин Путиндин кеңсеси Донецк менен Лугансктагы элдин эркин урматташарын билдирген эле.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөшүү зарылдыгын белгилеген:

- Биз болуп өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгын практикалык жактан ишке ашыруу кандайдыр бир кыянатчылыктарсыз, цивилизациялуу жол менен, Киев, Донецк жана Лугансктын өкүлдөрү ортосундагы диалог аркылуу жүрүшү керек деп эсептейбиз. Кризистен чыгуу боюнча сүйлөшүүлөргө режимдин оппоненттери кошулбаса, эч майнап болбойт.

Донецктеги жикчилердин ырастоосунда, 11-майдагы добуш берүүдө Украинадан ажыроону калктын 95 пайызы колдогон. Шайлоо бекеттерине болсо буга укуктуулардын 75 пайызы келген. Лугансктагы жикчилер болсо добуш бергендердин 94% көз карандысыздыкты жактады деп ырастоодо.

Өнөр жайлуу бул эки аймакта Украинанын 46 миллион калкынын 6,5 миллиону жашайт. Жикчилер ошондой эле бул эки аймакта 25-майдагы президенттик шайлоо өтпөй турганын айтышууда.

Киевдеги бийликтер жикчилердин аракетине карата мурдагы көз карашында калууда.

Президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов:

- Жикчилердин референдум деп атаганы фарс. Адам өлтүрүү, кыйноо, уурдоо өңдүү кылмыштарын жаап-жашырууну максат кылган пропаганда башка эч нерсе эмес. Бул фарска Луганскта шайлоочулардын 24 пайызы, Донецкте 32 пайыздан бир аз ашууну келген.

Украинанын чыгышындагы жикчилердин референдумуна эл аралык байкоочулар көз салган эмес. Батыш өкмөттөрү аны мыйзамсыз аракет катары четке кагышты.

АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Жен Псаки Вашингтондогу басма сөз жыйынында мындай деди:

- Биз Донецк менен Лугансктын бөлүктөрүндө болгон мыйзамсыз референдумдарды тааныбайбыз. Бул Украинаны мындан ары да бөлүп-жаруу жана башаламандык жаратуу аракети. Карусель ыкмасы менен добуш берилгени, бюллетендер күн мурунтан белгиленгени, балдардын добуш бергени, жок адамдар үчүн добуш берилгени жөнүндөгү маалыматтар, а түгүл Москва менен Санкт-Петербургда добуш берүү уюшулганы ишеним жаратпайт. Биздин негизги көңүл 25-майдагы президенттик шайлоого бурулууда. Ал Украинаны бириктирүүгө мүмкүндүк, ал эми анын жарандарына өз өлкөсүнүн тагдырын тандоодо добуш укугун берет.

Еврошаркет болсо Донецк менен Лугансктагы референдумдарга жооп кылып, Орусия каршы санкциясын кеңейтти.

Башкача айтканда, виза берилбөөчү жана активдери тоңдурулуучулардын кара тизмесине киргизилген адамдардын санын 61ге жеткирди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG