Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

Украин президентин шайлоо: экинчи айлампа болчудай


Украинанын Симферопол шаарындагы добуш берүү бекетинде. 2010-жылдын 17-январы.
Украинанын Симферопол шаарындагы добуш берүү бекетинде. 2010-жылдын 17-январы.

Кечээ (17-январда) Украинада өткөрүлгөн президенттик шайлоодо эч талапкер добуштардын 50 пайызын ала алган жок. Алдын-ала алынган расмий эмес жыйынтыкка караганда, шайлоонун 7-февралда өтө турган экинчи айлампасында өкмөт башчы Юлия Тимошенко айым менен оппозициядагы Аймактар партиясынын лидери Виктор Янукович ат салыша тургандай.

Добуш берүү өнөктүгү тууралуу айрым маалыматтар


Бүтүндөй Украина боюнча добуш берүүгө укуктуу 36,5 миллион киши бар, алар үчүн өлкөдө 33 миң добуш берүү бекеттери иштеди.

17-январдагы президенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн келип бериши 47 пайыздан арткан эмес.

Украинанын президенти кызматы үчүн 18 талапкер ат салышышты. Арасында өлкөнүн азыркы президенти Виктор Ющенко, өкмөт башчы Юлия Тимошенко жана оппозициядагы Аймактар партиясынын лидери Виктор Янукович бар.

Маалыматтарга караганда, 50дөн ашуун тартип бузуу катталган. Ал туурасында ИНТЕРФАКС агенттигине өлкөнүн ИИМ өкүлү айткан. Ал дегинкиси, бүллетендерди бекеттерден алып чыгып кетем аракеттерге байланыштуу болду деген.

Чет элден келип байкоочу болгон коноктор - үч миңдин тегерегинде болду.

Грузиядан келишкен эки миң байкоочуну Украинанын БШКсы саал мурдараак каттабай койгон.

Эгерде президенттикке талапкерлердин ичинен эч кимиси жалпы добуштун 50 пайызынан көбүрөөгүн жеңип ала албаса, анда шайлоонун экинчи айлампасы 7-февралда өткөрүлөөрү белгиленген.


Калайыкты сурамжылоо (экзит-полл)


Эл арасында сурамжылоодо бул жолку шайлоодо Орусияга тарткан саясатчы, мурдагы Украина өкмөт башчысы Виктор Янукович алдыда барат.

Украинадагы президенттик шайлоодо калайыктын кимге добуш бергенин сурамжылоо (экзит-полл) тактасы. Киев ш., 2010-жылдын 17-январы.



Кыстара кетчү кеп, 2004-жылкы шайлоодо ошол Янукович жеңип чыгып, бирок добуш берүү жараяны таза болбой, чоң нааразылык чыккан.

Акыры калайык толкуп, тынымсыз майданга чгышты.

Нааразылык чаралары үзүлбөй туруп алганда, өлкөнүн Жогорку соту бул маселени карап, шайлоодо талапкер болгон Виктор Януковичтин жааты көз бойомочулук менен добуш бурмал, мыйзамды бузган деп жыйынтыкка келген.

Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Жеңиш "Саргылт ыңкылап" тараптагыларга өткөн.


Улуттук экзит-поллду уюштургандар ошол "Саргылт ыңкылапты" көрөйүн деген көзү жок Виктор Янукович мырза бул жолу да алдыда келатканын 17-декабрда кечинде айтып чыгышты:

- Янукович Виктор - 31, 5 пайыз, Тимошенко Юлия - 27, 2 пайыз, Тигипко Сергей - 13,5 пайыз, Яценюк Арсений - 7,8 пайыз, Ющенко Виктор - 6,0 пайыз добуш жыйнашты.


Негизги талапкерлер эмне дейт?



Саал мурдараак оппозициядагы Янукович мырза шайлоодо жеңип чыгууга ишеними чоң экенин билдирген:

- Мен Европа, Орусия жана дүйнөдө башка мамлекеттер менен жылуу-жумшак ымалада иштешемин.

Ал эми Юлия Тимошенко жекшембиде кечкурун чыгып сүйлөп, экинчи айлампадагы болжолдуу атаандашын кылмышкерлер чөйрөсүнө жакын деп сынга алды:

- Шайлоонун жыйынтыгы тууралуу улуттук экзит-пол жана башка булактар чыгарган жыйынтык боюнча Украина буга дейре да жана азыр да европалык демократиялык өлкө экендигин көргөзө алды. Бул Януковичтин тегерегиндеги кылмыштуу чөйрөнүн аракеттери ишке ашпайт дегенди билдирет.

Ушуга чукул сын пикирди азыркы президент Виктор Ющенко эл алдында саал мурдараакта айткан.

Бир гана айырмасы, Ющенко өз атаандаштарын сындап:

- Янукович сыңары Тимошенко да кремлдик тандемдин тегирменине суу буруучу талапкер. Украинага нагыз коркунуч ошолордон келет, - деп баса белгиледи.

Серепчилер болсо Украинада жекшембиде өткөн шайлоонун Ющенкого жеңилүү ызасын алып келип жатышын азыркы мамлекет башчысы Саргылт ыңкылап маалында берген убадасынын кыйласын жүзөгө ашыра албагандыгы менен түшүндүрүшүүдө.


Тасма. Киевдиктер шайлоого жандуу катышты


Киевдиктер шайлоого жандуу катышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00





Президентик шайлоодо өз талапкерин колдоп добуш берүү үчүн киевдиктер шайлоо бекеттерине агылып жатты. 2010-жылдын 17-январы. "Азаттыктын" Украин кызматы.

XS
SM
MD
LG