Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Украинада Янукович жеңгенин айтууда


Президент Виктор Янукович Киевде добуш берди, 28-октябрь, 2012
Президент Виктор Янукович Киевде добуш берди, 28-октябрь, 2012

Добуштардын дээрлик жарымы эсептелип бүткөндөн кийин президент Виктор Януковичтин “Региондор" партиясы алдыга чыкты.

Шайлоо бүткөндөн кийин жекшембиде кечкурун бийликтеги “Региондор" партиясынын” лидери, премьер-министр Микола Азаров анын партиясы жеңээри башынан эле түшүнүктүү болгон деди.

""Региондор" партиясы жеңгени айкын болуп калды. Бул баарына түшүнүктүү, - деди ал добуш берүү бүтөөрү менен. - Муну кабыл алгысы, түшүнгүсү келбегендер аз болот. Айрымдар биз жеңилип калышыбызды каалашкан, бирок биз баары бир чыныгы таймашта жеңдик".

Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарган алгачкы жыйынтыктарга караганда, азыр түрмөдө жаткан Юлия Тимошенконун “Батькивщина” (Ата-Мекен) партиясы 22% добуш менен экинчи орунда турат.

Коммунисттер партиясына 15% тегерегинде добуш тийди.

Белгилүү боксер Виталий Кличконун “УДАР” же Украинанын Реформалар үчүн Демократиялык Альянсы 13%, ал эми улутчулдардын “Эркиндик” партиясы 8% жакын добуш топтой алган.

Шайлооканалардан жасалган сурамжылоолордун (экзит-поллдун) жок эле дегенде биринин жыйынтыгы саясий оппоненттер Янукович менен Тимошенконун ортосунда ажырым өтө аз экенин көрсөттү. Муну комментарийлеп жатып, Тимошенконун партиясы да мүчө болгон “Бириккен оппозиция” альянсынын лидери Арсений Яценюк жекшембидеги шайлоо “эл өкмөттү эмес, оппозицияны колдой турганын көрсөттүү” деди.

"Үлкөн сыноо"

"Азыр ушул экзит-поллдун жыйынтыгы украин эли бийликке эмес, оппозицияга жан тартып жатканын даана көрсөттү. Азыр эми добушканалар жабылгандан кийин ар бир бюллетень туура, ачык, эч кандай көз боемочулуктарсыз эсептелиши өтө маанилүү болуп турат. Эң башкысы партиялык тизме эле эмес, бир мандаттуу шайлоо округдарынын да эсебин так санап чыгыш керек", - деди Яценюк.

Батыштагы саясатчылар 450 орундуу Верховная Радага өткөн шайлоону Украинадагы демократия үчүн “чоң сыноо” деп атап жатышат.

Бул жолку добуш берүү жумурияттагы “Саргылтым ыңкылаптын” башкы каарманы Юлия Тимошенко 2010-жылдын башында Виктор Януковичке президенттик шайлоодо утулуп калгандан берки алгачкы шайлоо.

Учурунда премьер-министр болуп турган чакта өлкөгө зыянга турган келишимдерге кол койгон деп күнөөлөнүп, азыр түрмөдө жети жылдык жаза мөөнөтүп өтөп жаткан Тимошенко түрмө ооруканасында жаткан жеринен добушун берди.

Шайлоо эл аралык байкоочулардын назары астында өттү. Ал байкоочулардын катарында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун 800 байкоочусу да бар эле.

Башка байкоо топторунун жетекчилери добуш берүү жөнүндө жалпысынан жагымдуу, позитивдүү комментарийлерин беришти.

Бүгүн КМШ уюмунун шайлоого байкоо салуу миссиясы кечээги добуш берүүнү “ачык” өттү деп билдирди.

Украинадагы шайлоо: "Региондор" алдыда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:22 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG