Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Украин өкмөтүнүн кош миздүү айбалтасы


Украинанын мурдагы өкмөт башчысы, азыркы оппозициялык саясатчы Юлия Тимошенко колдоочуларынын алдында, 2010-жылдын 27-декабры.
Украинанын мурдагы өкмөт башчысы, азыркы оппозициялык саясатчы Юлия Тимошенко колдоочуларынын алдында, 2010-жылдын 27-декабры.

Украинанын азыркы жетекчилигинин айтышынча, өкмөттүк чиновниктер бейчеки иштери үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш.

Ушу тапта кылмышкер деп шектелип, иши тергелип жаткан адамдардын ичинде Украинанын мурдакы өкмөт башчысы, үч министр, юстиция министринин мурдакы орун басары жана экс-губернатор бар. Оппозиция жана адам укугун коргоочулар бийлик сот жараянын каршылаштарын жазалооо же коркутуп-опузалоо үчүн пайдаланууда деген пикирде.

Экс-министрлер терилип камалууда

Юрий Луценко Украинанын мурдакы ички иштер министри. Ал 26-декабда итин сейилдеткени чыккан жеринен камакка алынып, азыр абакта отурат. Луценко кызматын кыянат пайдаланган, мамлекеттик мүлктү ысырап кылган деп шектелүүдө. Ал өз сайтында камакка алынышын “украин коомчулугун коркутуу саясаты жана оппозицияга каршы саясый террор” деп мүнөздөдү.
Мурдакы министр Юрий луценко сот залында аялы Ирина менен күбүрөшүүдө. киев7 27-декабрь2010


Бюджетке чыгым келтирди, бөлүнгөн акчаны натуура колдонду, кызмат абалын обу жок пайдаланды деп күнөөлөнүп, камакка алынгандардын арасында мурдакы жаратылышты коргоо министри, мурдакы экономика министри, юстиция министринин экс-орун басары бар. Өткөн аптада алардын катарына үй камагына алынган экс-премьер-министр Юлия Тимошенко да кошулду.

Президент Виктор Янукович 24-декабрда өлкөнүн үч телеканалына берген интервьюда тергөө калыс жүрүп жатканын, Тимошенкодо өзүн актоо мүмкүнчүлүгү зор экенин белгиледи:

- Юлия Владимировнада өзүн коргоого бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Мен бу жараяндарды токтото албайм. Бу ишти тергегиле, а баланча ишти жөн койгула деп айта да албайм. Эч ким анте албайт. Мамлекет башчыда андай бийлиги жок.

Прокуратура сот адилеттүүлүгү ирети Бажы кызматынын төрага орун басары Виктор Бондарга каршы кылмыш иши ачылганын айтууда. Бондарь эски өкмөт тушунда транспорт министрлигин, ошондой эле Днепротпетровск облусун жетектеген. Ал акыркы президенттик шайлоодо Юлия Тимошенконун шайлоо штабын башкарган.

Украинанын башкы прокурору Виктор Пшонка жума күнү маалымдаганга караганда, быйыл өкмөттүк жогорку кызматта иштеген жана иштеп кеткен 18 адамга кылмыш иши козголгон. Алар казынага 2,6 млрд. доллар зыян келтирген деп айыпталууда.

Өкмөттүн "таза кол" саясатыбы же элди алаксытуусубу?

Оппозициянын айтышынча, коомчулукту дүрбөткөн кылмыш иштери саясый мүдөөнү көздөп ачылган. А Киевде чыгуучу таасирлүү гезиттердин бири, “Апта күзгүсүнүн”(Зеркало тыжня) жазышынча, камакка алуулар психологиялык кысым менен коштолууда. Чынында эле, күйөөсү жүрөгүнөн операция болуп, азыр ооруканада жаткан Юлия Тимошенко өткөн жумада үч жолу сурак берди. Юстиция министринин экс-орун басары Евгений Корнийчук кызынын туулган күнү камакка алынса, мурдакы ички иштер министри Юрий Луценконун колуна чынжыр туулган күнүн белгиленги жаткандан бир күн алдың салынды.

Мурдакы премьер-министр Юлия Тимошенко прокурорго сурак бергенден кийин. Киев. 27-декабрь 2010
Юлия Тимошенко азыркы жетекчилик аны саясатка кайра келтирбөөнү көздөгөнүн айтып, ага жана анын тарапкерлерине каршы ачылган кылмыш ишин “мафиянын өч алуусу” деп түшүнөт:

- Алар биздин команданы жана үй-бүлөбүздү, менин өзүмдү күн сайын террор кылууну көздөшүүдө. Алар бийликтеги убактысы чектелүү экенин билишет. Биздин маалыматыбыз боюнча, алар парламенттик шайлоого чейин оппозицияны түгөл абакка отургузуун каалайт.

Серепчилердин боолгошунча, Тимошенко үчүн Киевден эч жакка чыкпоо жөнүндөгү соттун чечими пайдалуу болгондуктан, бийлик аны 2012-жылкы жалпы элдик шайлоо алдына түрмөгө отургузбайт. Анткени, абак дымактуу саясатчынын эл ичиндеги популярдуулугун артырат. Ошондуктан, януковиччилерге Тимошенкону шайлоого катыштырбоо үчүн шарттуу түрдө эркинен ажыратуу жетиштүү.

Александр Черненко-Украина шайлоочулар коомунун төрагасы. Анын айтышынча:

- Мисалы, Юлия Тимошенко беш жылга шарттуу мөөнөткө кесилсе, ошо мөөнөт бүткөндөн кийин гана толук укуктуу жаранга айланат. Албетте, эгер сот өкүмүн алмаштырбаса, ал жаза мөөнөтү аяктаганча-абакка салынабы же жокпу- укугу чектелүү бойдон кала берет.

Украина “Транспэренси интернэшнл” уюму дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын абалы боюнча быйыл жарыялаган докладда 178 өлкөнүн ичинен 134-чү орунда Нигерия жана Зимбабве менен катар турат. Бу тизмеде өлкө канчалык төмөнкү орунда турса,- казынага кол салуу, жемсөөлүк, паракорлук ошончолук кеңири жайылган деп саналат.

Көпчүлүк украин талдоочулары украин өкмөтү элдин көңүлүн газдын баасынын кымбатташынан жана пенсияга чыгуу жаш курагын өйдөлөтүүдөн, ошондой эле президенттин жакын табакташтарын маанилүү өкмөттүк кызматтарга дайындоодон алаксытуу үчүн жемсөөлүккө каршы өнөктүктү баштоодо деген пикирде.

Ал эми Януковичтин өкмөтү саясый оппоненентерин “тандап камакка алууда” деген ишенимдеги Украинанын Хельсинки комитети жана Адам укугун коргоочу Харьков группасы бийликти мындай опсуз жараянды токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG