Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Украинада атышуулар уланууда


15-майда башталган салгылашуу 16-майдын таңынан тарта Славянскка жакын жайгашкан айылдарда уланган.
15-майда башталган салгылашуу 16-майдын таңынан тарта Славянскка жакын жайгашкан айылдарда уланган.

Украинанын чыгыш тарабынан келген маалыматтарга караганда, өкмөттүн аскерлери менен жикчил согушкерлердин ортосунда 16-майдын таңында кайрадан кагылышуулар жанданды.

Сепаратисттердин өкүлүнүн айтмында, 15-майда башталган салгылашуу 16-майдын таңынан тарта Славянскка жакын жайгашкан айылдарда уланган. Түнкү кагылышууда минометтер жана оор пулеметтер колдонулган.

Ал арада Донецкте өзүн өзү командирдин жардамчысы атап алган Сергей Здрилюк 15-май күнү украин армиясынан 24 сааттын ичинде шаардан чыгып кетишин талап калып, атайын мөөнөт чектеген.

- Эгер өзүн өзү мыйзамдуу деп атап алган өкмөттүн куралдуу күчтөрү Донецк, Мариупол жана башка биздин карамагыбыздагы шаарлардан чыгып кетпесе, аларды жер менен жексен кылып, өрттөп салууга менен бардык күчүм жетет. Мында мага менин командирим дагы толук колдоо көрсөтөт - деп эскертти Здрилюк.

Украинанын убактылуу президенти Александр Турчинов ушул эле кагылышуудан кийин сүйлөгөн сөзүндө өкмөттүк күчтөр Славянскта сепаратисттердин базасын жок кылышканын, Краматорскидеги телемунаранын тегерегиндеги беш чакырым аймакты өз карамагына алганын белгиледи.

Ал телемунара кайрадан украин каналдарын көрсөтө баштаганын Турчинов кошучалады. Бул аймакты сепаратисттер басып алары менен бир гана Орусиянын мамлекеттик каналдары көрсөтүп калган.

Украинанын Коргоо министрлиги өкмөт күчтөрү Краматорсктогу жичкилдердин уюгун жоготконун, алардын арасынан үчөө колго түшкөнүн маалымдады.

Министрлик украин жоокерлеринин арасында курман болгондор жоктугун тастыктады. Бул салгылашуулар Киевде 14-майда өкмөт Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча “улуттук сүйлөшүү” жүргүзүп жаткан маалда башталды.

Сүйлөшүүгө Украинанын чыгышындагы орусиячыл сепаратисттер чакырылган эмес. Киевдеги расмий бийликтер жикчилдер куралын таштамайынча, алар менен сүйлөшүүгө барбай турганын кесе айтышкан.

Тегерек үстөлдөгү сүйлөшүүлөр Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун “жол картасынын” алкагында жүрдү.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусия Украинада 25-майда пландалган президенттик шайлоого кийлигишсе, Москвага каршы дагы экономикалык сакнциялар киргизилерин эскертти.

- Биз бүгүн эртең менен европалык шериктеш өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен сүйлөшүп жатып, эгер Орусия Украинадагы президенттик шайлоого бут тоссо, Москвага каршы дагы санкцияларды киргизүү тууралуу макулдаштык. Биздин билдирүүбүз кыска - Украинага добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилсин!

15-май күнү НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Братиславада өткөн коопсуздук боюнча конференцияда сүйлөп жатып, Украинадагы тереңдеп бараткан кризисти жөндөөдө Орусия эч кандай чара көрбөгөнүн айтып сындады.

XS
SM
MD
LG