Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Орусиянын сунушун БУУнун Коопсуздук кеңеши колдободу


Чек аранын штаб-квартирасындагыларды аңдыган орусиячыл жикчилдердин бири. Луганск, 2-июнь, 2014-жыл.
Чек аранын штаб-квартирасындагыларды аңдыган орусиячыл жикчилдердин бири. Луганск, 2-июнь, 2014-жыл.

Орусия 2-июнда БУУнун Коопсуздук кеңешине Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерди тез токтотуу жана гуманитардык коридор ачуу боюнча резолюциянын долбоорун сунуш кылды.

Британиянын БУУдагы элчиси Марк Лайалл Гранттын билдиришинче, резолюция кеңири колдоо тапкан жок.

АКШ Мамдепартаменти орусиячыл жикчилдер жаңы чабуулдарды жасап, ЕККУнун байкоочуларын барымтада кармап жатканда Москванын мындай резолюция киргизүүсүн “эки жүздүүлүк” деп мүнөздөдү.

Орусиянын Улуттар уюмундагы өкүлү Виталий Чуркин 2-июнда Нью-Йоркто жасаган билдирүүсүндө сунуш кылынган резолюциянын долбоору Украинанын чыгышында согуштук аракеттерди ыкчам токтотууга, эки жакты элдештирүүгө жана гуманитардык коридорду түзүүгө чакырганын айтты:

- Эгер Украинада салгылашуулар улана берсе, кырдаал дагы курчуйт деген ишенимдебиз. Курмандыктар дагы көп болот. Ошентип, түзбү же кыйырбы, Украинада саясий диалогго жетишүү ого бетер татаалдайт. Ал үчүн Женева билдирүүсү жана ЕККУнун “жол картасы” саясий негиз болот, анын иштөөсү үчүн зордук-зомбулуктар токтотулушу керек.

2-июнда бир нече жүз орусиячыл козголоңчу Украинанын чыгышындагы Луганск шаарынын четиндеги чек арачылардын гарнизонуна чабуул жасашкан. Бул козголоңчулардын акыркы кездеги чоң казаттарынын бири болду. Салгылашууда 5 жикчил өлтүрүлгөнү кабарланды.

Ошол эле күнү Луганск облбийлигинин кеңсесинде болгон жардыруудан эки адам жайран болду. Орусиячылдардын айтымында, имаратка Украин армиясы абадан сокку урган. Киев береги айыптоону четке какты.

Орусия Украин маселесинде Улуттар уюмунда жалгыз калууда. БУУнун Башкы ассамблеясы 27-марттагы жыйында Крымдын болочогу боюнча өткөрүлгөн референдумду таануудан баш тарткан. Орусия 16-марта өткөрүлгөн референдумга шылтап, автономияны Украинадан аннексиялап алган. Орусия Коопсуздук кеңешинин Крымды аннексиялоону айыптаган резолюциясына вето жарыялаган. Бул резолюцияны кеңештин 13 мүчөсү колдоп, Кытай добуш берген эмес.

Виталий Чуркин 2-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынынан соң украин аскерлери жүргүзүп жаткан кеңири масштабдагы операцияга байланыштуу Кызыл Крест уюму Украинанын чыгышындагы гуманитардык кырдаалга аябай кабатырланганын да айтты.

Буга чейин Орусия Сириядагы кандуу булоондорду айыптаган жана гуманитардык алааматты токтотуу боюнча сунуш кылынган төрт резолюцияны вето укугун пайдаланып өткөрбөй койгон. Ошон үчүн Орусия жогорудагы резолюцияны Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн Сирияда гуманитардык коридор түзүү боюнча талкуудан алаксытуу максатында сунуш кылган деп боолгойт атын атабоону сураган батыштык дипломат.

Ал эми Украинанын БУУдагы элчиси Юрий Сергеев 2-июндагы маалымат жыйынында Орусиянын Коопсуздук кеңешине резолюция киргизгенин "ыймансыздык" деп атады:

- Орусия Федерациясы киргизген резолюция цинизмдин жана ыймансыздыктын далили. Жакында Украинанын бир бөлүгүн басып алган жана аннексиялап алган, Украинанын чыгыш аймактарындагы терроризмди жана тополоңдорду каржылаган өлкө эми жөнгөрүү планын сунуш этүүдө.


Британиянын элчиси Марк Лайалл Грант антитеррордук операция жүрүп жаткан аймактарда “азык-түлүк тартыштыгы жок”, “шаарлар курчоого алынбаган”, “кризистин масштабы анык эмес”, ошон үчүн гуманитардык коридордун зарылдыгы жок деп түшүндүрдү кабарчыларга.

Франциянын элчиси Жерар Аронун сөзүнө караганда, Коопсуздук кеңешинин бир нече мүчөсү Улуттар уюмунун гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгынан Украинанын чыгышындагы абал тууралуу кошумча маалымат алуу зарыл деп табышкан.

XS
SM
MD
LG