Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:39

"Уландан" чыгарылган 54 миллиондун изи


"Уландан" уурдалган миллиондор изи
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:33 0:00

"Уландан" уурдалган миллиондор изи

Төмөнкү сүрөт 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында Каракол шаарында тартылган. Анда ошол маалдагы бийлик таптаган “Биримдик” партиясынын көзгө басар талапкерлери турат.

Биз саясий чөйрөдө “төрө” деп чоң сый-урматка татыган Төрөбай Зулпукаровдун эки четиндеги Талантбек Иманов менен Курманбек Дыйканбаев тууралуу сөз кылабыз.

"Биримдик" партиясынын талапкерлери Каракол шаарында.
"Биримдик" партиясынын талапкерлери Каракол шаарында.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештеги өкүлү, “Биримдик” партиясынан талапкер Курманбек Дыйканбаев 2020-жылы октябрда бийлик алмашкандан кийин кармалган. Улуттук коопсуздук кызматы ага шайлоо учурунда “Дастан” заводунун жетекчисинен 7 миллион сом алды деп айып таккан.

Cүрөт Талантбек Имановдун Инстаграм баракчасынан алынды.
Cүрөт Талантбек Имановдун Инстаграм баракчасынан алынды.

Ал эми бул сүрөт социалдык тармактарга 2020-жылы 25-июнда жүктөлгөн. Ортодо “Дастан” заводунун ошол учурдагы директору Талантбек Иманов, анын экономика жана каржылык иштер боюнча орун басары Мавлут Аширбекова турат. Аширбекованын сол тарабында "Дастан" ачык акционердик коомуна караштуу "Улан" ишканасынын азыркы директору Руслан Осмоналиев. Ал эми Талантбек Иманов кучактап турган жаран – "Альфа Легион" компаниясынын негиздөөчүсү Айбек Азизов.

Бул сүрөт интернетте жарыялана электе, тагырагы 2020-жылы май айында "Улан" ишканасынын жетекчилиги "Альфа Легион" менен жасалма келишим түзүп, бюджеттик акчадан 54 миллион сом чыгарып кетти деп айыпталган. УКМК бул факты боюнча кылмыш ишин козгогон.

Мамлекеттик ишканадан миллиондор кандай жол менен кымырылганын, бул кылмышка шектелгендер соттон кантип акталып кеткенин айтып беребиз.

"Уландан" уурдалган 54 миллион

УКМКнын басма сөз кызматы 2020-жылы 6-ноябрда маалымат таратып, "Улан" ишканасынын жетекчилиги кармалганын билдирген. Алардын маалыматында Жазык кодексинин 205-беренеси ("Аманат мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуп салуу") менен сотко чейинки тергөө иши башталганы айтылган.

“УКМК "Дастан" жана анын туунду ишканасы "Улан" ААКнын кызматтык адамдары чет өлкөдөн буйрутма менен атайын жабдык алдыруу жөнүндө жасалма келишим түзүү аркылуу бюджеттик каражатты өзүнө ыйгарып алганын аныктады. 2020-жылы "Дастан" ишканасы чет өлкө менен 3 млн. долларга келишим түзүп, анын 695 миң долларын аталган корпорациянын жетекчилиги туунду ишканасы "Улан" менен кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим түзүү аркылуу өзүнө алган. Көрсөтүлгөн каражатты алып калуу максатында "Улан" ишканасынын жетекчилиги 54 млн. сомго кайсы бир компания менен атайын жабдык жеткирүү жөнүндө жасалма келишим түзгөн. Бул каражатты кийин "Улан" ишканасынын директору "Ж.Р.Ж." өзүнө ыйгарып алган”, - деп жазылган атайын кызматтын билдирүүсүндө.

УКМКнын "Дастан" жана "Улан" ишканасы боюнча тараткан маалыматы.
УКМКнын "Дастан" жана "Улан" ишканасы боюнча тараткан маалыматы.

УКМКнын маалыматындагы Ж.Р.Ж. – Жампеишов Руслан Жумашевич.

Каражатты кымырып алды деп айыпталган Жампеишов “Улан” ишканасына директор болуп 2020-жылы 24-мартта дайындалган. Андан бир күн мурун, 23-мартта Талантбек Иманов “Дастандын” башкаруусун колго алган. Иманов ага чейин бир нече жыл “Уланды” жетектеген эле. Аталган ишкананын 76 пайыз акциясы “Дастанга” караштуу.

Руслан Жампеишов Талантбек Имановдун өкүл баласы болуп эсептелет. Ал акча чыгарууга “атасынын” катыштыгы жок экенин айтып келет.

Руслан Жампеишов.
Руслан Жампеишов.

“Ал киши менен Каракол шаарында чогуу жүрүп, эчак эле таанышканбыз. 10-15 жыл болуп калды. Үйлөнгөндө Талантбек Имановду өкүл ата койгом. Жанагы иш боюнча Имановду көп эле жабыштырышты. Бирок анын тиешеси жок. Ошол эле учурда Иманов менен болгон мамилемди танбайм", - деди Жампеишов телефондон.

“Уландан” уурдалган 54 миллион сом которулган жеке компаниянын аты УКМКнын маалыматында, соттун чечиминде ачык көрсөтүлгөн эмес. Биз - “Альфа Легион" жоопкерчилиги чектелген коому экенин аныктадык.

Оsoo.kg сайтында “Альфа Легиондун" директору Джамансариев Карыпбай Алымбекович экени көрсөтүлгөн.

Джамансариев Карыпбайдын аты-жөнүнүн баш тамгалары, туулган жылы, күнү 54 млн. сомго байланыштуу соттун чечиминдеги маалыматка дал келет.

"Альфа Легион" боюнча Osoo.kg сайтындагы маалымат.
"Альфа Легион" боюнча Osoo.kg сайтындагы маалымат.

“Альфа Легионду" Карыпбай Джамансариев башкарса, анын ээси Азизов Айбек Бактыбекович деген жаран. Биздин ишенимдүү булактар Айбек Азизов Имановдун көздөй адамдарынын бири экенин ырастады. Муну Имановдун Инстаграм баракчасына жүктөлгөн сүрөт дагы далилдеп турат. Иманов сүрөттөгүлөрдү жакын адамдары катары сыпаттаган.

Иманов бул сүрөткө: "Дос, тууган-урук, кесиптештер жана башка жакын адамдарыбызды күн сайын эстеп, алардын ал абалынан кабар алуудан өткөн жакшы нерсе барбы?" деген жазуу калтырган.
Иманов бул сүрөткө: "Дос, тууган-урук, кесиптештер жана башка жакын адамдарыбызды күн сайын эстеп, алардын ал абалынан кабар алуудан өткөн жакшы нерсе барбы?" деген жазуу калтырган.

Айбек Азизов “Улан” ишканасынын алдындагы "Полигон" деп аталган жабык акционердик коомунун да директору.

54 млн. сом уурдалган учурдагы “Дастандын” директору Иманов, анын алдындагы “Уланды” жетектеген Руслан Жампеишов, “Альфа Легиондун” директору Джамансариев Карыпбай, ээси Айбек Азизов – баары Каракол шаарында туулуп өскөн.

Айбек Азизов менен байланышканыбызда уурдалган акчага тиешеси жок экенин айтты.

"Компаниянын негиздөөчүсү анын иштерине кийлигишпейт. Уставда ушундай жазылган. Бул директордун жумушу да. Талантбек Иманов менен байланышым жок. Аны министр катары эле тааныйм".

Биз Азизовго Иманов менен чогуу түшкөн жогорудагы сүрөт тууралуу сураганыбызда "эски тааныштардан" экенин моюнга алды. Азизов журналисттерге компанияга байланыштуу документтерди көргөзөм деп, бирок кийин кайра баш тартып койду.

Ошентип “Дастанга” келген 3 млн. доллардын 54 млн. сому алгач заводго караштуу “Улан” ишканасына которулуп, андан кийин “Альфа Легион” компаниясы менен түзүлгөн жасалма келишимдин негизинде чыгарылып кеткен. Биз ага катышкан адамдардын ич ара байланышын дагы көрсөтүп бердик.

Тергөөдө, андан кийин соттук териштирүүдө акча уурдалган маалда “Дастанды” жетектеп турган Талантбек Иманов жөнүндө бир дагы сөз болгон эмес.

Соттон кыскартылган иш

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2022-жылы 19-январда 54 млн. сомго байланыштуу чечим чыгарды. Анда айыпталуучу ”Уландын” директору Руслан Жампеишов менен “Альфа Легион” компаниясынын жетекчиси Карыпбай Джамансариев тергөө учурунда 7 млн. сом, сот жүрүп жаткан маалда 46 млн. 108 миң сом уурдалган каражатты кайра ордуна кайтарганы айтылат.

Биринчи май райондук соттун чечими.
Биринчи май райондук соттун чечими.

19-январда Руслан Жампеишов менен Карыпбай Дамансариевдин иши кыскартылган. Дал ушул күнү Талантбек Иманов үчүн да маанилүү болгон - Жогорку Кеңеш анын талапкерлигин Санариптик өнүктүрүү министрлигине караган.

Парламентте депутат Жеңишбек Токторбаев талапкерге "УКМК сизге кылмыш ишин козгоп, кийин кайра кыскартылган экен. Эмне болгон иш эле? Айтып койсоңуз", - деп суроо узаткан.

Иманов кылмыш иши козголбогонун айткан. "Дастан" заводунда бир нече жыл иштеген депутат Улукбек Ормонов да парламентте суроо берген:

Улукбек Ормонов.
Улукбек Ормонов.

"Кылмыш иши козголгону факт. "Улан" заводу боюнча козголгон. Ал жерде Талантбек Орускулович жетекчи болуп иштеген. Ошол кылмыш иши жабылдыбы? Суроо ушул боюнча болду да. Өкмөт мүчөлөрү, ушул иштер боюнча билесиздерби?".

Бул суроолорго Иманов тыңгылыктуу жооп берген эмес. Анын ордуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сөзгө аралашкан.

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

"Азыркы учурда Кыргызстанда камалбаган саясатчы калган жок. Биздин жаш талапкердин дарегина ар кандай сөздөр айтылып жатат. "Бир айга камалып чыккан" деген сыяктуу. Мындай факт болгон эмес да. Балким, болсо болгондур. Бирок сот күнөөлүү деп таппагандан кийин президент ишеним көрсөтүп жатат".

Депутат Токторбаев кандай далил менен Имановго кылмыш иши козголуп, кайра кыскарып кеткенин айтып жатканы белгисиз. Бул иликтөө жасалып жатканда эл өкүлү биздин суроолорго жооп бербей койду. Ишти тергеген УКМК дагы маалымат берген жок.

Уурдалган акчанын учу кайда?

Биздин иликтөөнүн экинчи каарманы, ошол учурдагы президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев “Биримдик” менен шайлоого аттанган. Ушул эле партиянын тогузунчу тизмеси менен Талантбек Иманов да жарышка түшкөн.

"Биримдик" партиясы 2020-жылкы парламенттик шайлоодо.
"Биримдик" партиясы 2020-жылкы парламенттик шайлоодо.

Бул сүрөт 2020-жылы үгүт өнөктүгүндө Каракол шаарынан тартылган. Анда Курманбек Дыйканбаев шайлоочулардын алдында сүйлөп жатса, артында Талантбек Иманов турат. Сүрөттө ошол учурдагы депутаттар Аида Касымалиева, Төрөбай Зулпукаров да көрүнөт. Бирок бул шайлоонун жыйынтыгы талапкерлердин таттуу планын бузуп, бийлик алмашуу менен аяктады.

24-ноябрда Улуттук коопсуздук кызматы Курманбек Дыйканбаевди кармайт. Ал Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен айыпталып, атайын кызматтын тергөө абагына камалган.

УКМК “ал саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисинен 7 миллион сомдон ашык акча каражатын которууга мажбурлаганы аныкталды. Эгерде баш тартса, ээлеген кызматынан бошотуу менен коркуткан”, - деген маалымат тараткан.

Sot.kg сайтындагы маалыматта Курманбек Дыйканбаев 7 млн. сомду “Дастан” заводунун жетекчиси Талантбек Имановдон алганы жазылып турат. Иманов Дыйканбаевге алгач 200 миң, андан кийин 6 млн. 800 миң сом берген. Эки талапкердин ортосундагы миллиондорду Имановдун “Дастан” заводундагы орун басары Мавлут Аширбекова ташыган.

Биринчи май райондук соттун чечиминин айыптоо бөлүгү. Анда Дыйканбаевдин Имановдон кантип акча алганы жазылган.
Биринчи май райондук соттун чечиминин айыптоо бөлүгү. Анда Дыйканбаевдин Имановдон кантип акча алганы жазылган.

Быйыл 24-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Курманбек Дыйканбаевдин аракетинде "кылмыштын курамы жок" деп таап, аны толук актады. Анткени сотто Дыйканбаев 7 млн. сомду Талантбек Имановдон "карызга алгам" десе, Иманов “чогулткан акчамдан бергем” деп көрсөтмө берген.

Иманов "аласасын алганын, азыр эч кандай доосу жоктугун" айткан.

Бул иш тууралуу Курманбек Дыйканбаев "Азаттыкка" мындай деп кыска жооп берди:

Курманбек Дыйканбаев.
Курманбек Дыйканбаев.

“Менин күнөөм жок. Эч нерсеси далилденген жок. 7 миллион боюнча шашпай айтып берем. Азыр мени аралаштырбай тургула”.

Бирок коопсуздугунан улам аты-жөнүн айтып, ачык сүйлөгөндөн чочуган жаран “Азаттыкка” иштин төркүнүн түшүндүрүп берди.

“2020-жылы “Биримдик” партиясы Каракол шаардык кеңешине болгон шайлоого катышкан. Талантбек Иманов партиянын тизмесин түзүп, анын каржылык иштерин көзөмөлдөп турган. Кийин парламенттик шайлоого “Биримдик” менен барган. Имановдун жанындагылар “Дастан” заводунун акчасы шайлоого которулганын айтып жүрүшкөн. “Биримдик” Караколго көп акча чачкан. “Дастандан” чыгарылган акчанын бир бөлүгүн Курманбек Дыйканбаев алганы айтылып жүрөт. Анткени Иманов Караколдон талапкер болсо, Дыйканбаев Түп районунан шайлоого катышкан. Октябрь окуяларынан кийин эле Руслан Жампеишов кармалып, анын артынан Иманов камала турганы айтыла баштаган. Бирок 2-3 ай камакта отурган Жампеишов өкүл атасына каршы көрсөтмө берген эмес. Алар жаңы келген бийлик менен сүйлөшүп алып, жоопкерчиликтен кутулуп кетти”.

Министрдин кечиккен жообу

"Азаттык" бир айдан бери министр Талантбек Имановдон интервью алуунун аракетинде. Министр эки курдай убада кылып, жакын арада суроолорубузга жооп бере турганын айткан эле. Иманов мырзага Жогорку Кеңештин алдынан жолугуп, микрофон сунганыбызда "интервью берем" деген убадасын кайталады.

"Басма сөз кызматкерим аркылуу сүйлөшкүлө. Интервью берем. Иликтөөңөрдүн көп нерсесине макул эмесмин. Мен силерге интервью бергенде айтып берем. Мына, маалымат кызматым турат. Ошолор менен макулдашкыла".

Талантбек Иманов интервью бере турганын 30-майда айткан.
Талантбек Иманов интервью бере турганын 30-майда айткан.

Биз министрге суроолорубузду кат түрүндө да жибердик. Бирок азыркыга чейин куш тилиндей жооп келе элек.

Улуттук коопсуздук кызматы “Улан” ишканасынын директорун кармаганда "Дастан" жана анын туунду ишканасы "Уландын" жетекчилери жасалма келишим түзүү аркылуу бюджеттик каражатты өзүнө ыйгарып алганын аныктадык” деп маалымат тараткан. Бирок тергөөдө “Дастандын” ошол учурдагы башчылары жөнүндө сөз жок. Эки айыпталуучу кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетти.

Талантбек Иманов болсо жыл башынан бери Санариптик өнүктүрүү министрлигин жетектеп жатат. Мекемеге “Евразиялык сактык банкы”, Кыргыз телеком”, “Альфа телеком” ишканалары жана “Дастан” заводу өттү.

Мындан эки жыл мурун 54 млн. сом уурдалган “Дастан” заводунун алдындагы “Улан” ишканасын азыр Руслан Осмоналиев башкарууда. Ал Талантбек Имановдун жубайы Назгүл Машырова ээлик кылган “Реестр Сервис” компаниясынын директору. Мындан улам кайра 2020-жылдагыдай схема башталып, мамлекеттик ишканалардан миллиондор чыгарылып кетпейби деген суроо жаралат.

"Азаттык" буга чейин бозгундагы Максим Бакиевдин өнөктөшү, энергетика тармагында чуулгандуу иштерге айыпталган Алексей Ширшов менен министр Талантбек Имановдун байланышын, алардын буга чейин “Евразиялык сактык банкын” башкарууга катышканын документтер менен далилдеген.

Иликтөөдөн кийин Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүү сунушу берилип, бирок ал сөз бойдон калды.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG