Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Каддафиден калган химиялык куралдардын коркунучу


Ливия. Өкмөттүк күчтөр Сиртедеги каддафичилердин өңүттөрүн аткылашууда. 26-сентябрь, 2011
Ливия. Өкмөттүк күчтөр Сиртедеги каддафичилердин өңүттөрүн аткылашууда. 26-сентябрь, 2011

Ливиянын Улуттук өткөөл өкмөтүнө караштуу күчтөр Муаммар Каддафинин киндик каны тамган Сирте шаарын камоону күчөтүүдө.

Жаңы өкмөт мойнунда стабилдүүлүктү орнотуу, анын ичинде өлкөнүн ар кайсы бөлүгүндө калган химиялык заттарды жана ракеталарды көзөмөлгө алуу милдети турат. Бул жөнүндө 26-сентябрда БУУнун Коопсуздук Кеңеши эскертти.

Муаммар Каддафинин бийлиги тушунда Ливиянын ар кайсы бөлүгүнө катылган массалык кыргын салчу куралдар террорчулардын колуна өтүп кетиши ыктымал. Ошон үчүн аларды күзөтүүнү токтоосуз күчөтүү зарыл. Мындай эскертүүнү Улуттар Уюмунун баш катчысынын найыбы Линн Паскоу 26-сентябрда Нью-Йоркто Ливиянын жаңы өткөөл өкмөтүнүн мүчөлөрү менен болгон кездешүүдө жасады:

БУУнун башкатчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Линн Паскоу Коопсуздук Кеңешинин жыйынындан кийинки пресс-конференцияда. Нью-Йорк, 26-сентябрь, 2011
-Каддафинин өкмөтү чогулткан көп сандагы кыргын салчу куралдарды, анын ичинде “Жер-Аба” ракеталарын көзөмөлгө алуу Улуттук Өткөөл Кеңеш менен эл аралык коомчулуктун милдети. Береги куралдар террорчулардын колуна тийгени аябай коркунучтуу. Химиялык куралдарга зарыл материалдарды көзөмөлгө алуу да абдан маанилүү.

Каддафинин режими химиялык куралдарды жасоого 1980-жылдары киришкен жана 1987-жылы Чад аскерлерине каршы согушта колдонгон. Ачуу жыттуу иприт газы жана нервди шал кылчу зарин Рабта ишканасында өндүрүлгөн.

Дүйнөдөгү химиялык куралдарды жасоочу эң чоң ишкана эсептелген Рабта комплекси 1992-жылы Бириккен Улуттар уюму санкция киргизгенден кийин токтотулган. Каддафи санкциядан кутулуу үчүн 2003-жылдын аяк ченинде массалык кыргын салчу куралдарды өндүрүүдөн баш тартат. Кийинки жылы химиялык дүрмөттүү 3200 даана снарядды эл аралык байкоочулардын көзөмөлү астында жок кылат. Бирок ошондон кийин да химиялык куралдарды жасаганга керектүү 23 тонна иприт, зарин жана башка материалдар сакталып калганын Триполи ырасмий түрдө жарыялаган.
Козголоңчу Триполинин түштүк четиндеги ал-Масер токоюнан табылган куралдарды көтөрүп баратат. 25-август, 2011

Ливия химиялык куралдар жөнүндөгү келишимге ылайык, 15 тоннага жакын химиялык заттарды жок кылганын 2010-жылы эле чет элдик инспекторлор тастыкташкан. Анткен менен Каддафинин өкмөтү 9,5 тонна ипритти, ошондой эле белгисиз көлөмдөгү фосген газы менен заринди чөлдө жашырып койгону Триполидеги АКШ элчилигинин ачыкка чыгып кеткен катынан маалым болгон.

Бир апта мурда Ливиянын чөлдүү ортоңку бөлүгүндөгү ал-Жуфра авиа базасынын жанынан чоң көлөмдө химиялык заттар табылды. Эл аралык Хьюман Райтс Уоч уюмунун изилдөөчүлөрү да Мисурата жана Аждабия шаарларына чукул жерден эсепсиз курал, анын ичинде химиялык заттар дүрмөттөлчү снаряддар жана ракеталар сакталган эки кампаны табышты.

Пентагондун маалымдашынча, АКШ аскерлери Ливиядагы химиялык куралдар сакталууда деп шектелген жерлерди бекем көзөмөлдөөдө.

Ливиянын утурумдук өкмөтүнүн башчысы Махмуд Жибрил. Чоң Сегиздин Нью-Йорктогу жыйынында сөз сүйлөөдө. 20-сентябрь 2011
Ливиянын убактылуу өкмөт башчысы Махмуд Жибрил дүйшөмбү күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөп, Каддафи бийликтен кетирилген менен регионго жана дүйнөгө коркунуч туудура берерин айтты:

- Каддафи али эркиндикте. Анын акча, алтын жана башка байлыгы көп. Каддафинин колундагы чоң байлык ал менин өлкөмдөгү гана эмес, Африка чөлүндөгү жана жээгиндеги, атүгүл Африкадан башка жактардагы кырдаалды дестабилдештире алат дегенди түшүндүрөт. Бул Каддафинин кубатын ашырып-көбүртүп айтуу эмес. Ал баякыдай террорчулугун кайра улантышы мүмкүн.

Каддафичилер колуна тийген массалык кыргын салчу куралдарды “шейит өлүү үчүн” пайдаланышы мүмкүн деген чочулоосун өткөн айда Британия тышкы иштер министри Уильям Хейг да билдирген.

Ушу тапта өкмөттүк күчтөр Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги Сирте шаарын, чөлдөгү Бани Валид жана башка жерлердеги каддафичилердин өңүттөрүн артиллериялык куралдардан тынбай аткылашууда. Өкмөт башчы 26-сентябрда НАТОну эл өмүрүнө коркунуч болбогон жерлерди бомбалоону токтотпоого үндөдү. Каддафинин өкүлү дүйшөмбү күнү билдиргенге караганда, Каддафи Ливияда калып, жаңы өкмөткө каршы согушту токтотпойт.

XS
SM
MD
LG