Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

БУУ: Аялдарды кордоо - жихадчылардын согуш тактикасы


Уурдалган жана сексуалдык кордук көргөн кыздар. Ирак
Уурдалган жана сексуалдык кордук көргөн кыздар. Ирак

Улуттар Уюмунун билдиришинче, 2014-жыл “Ислам мамлекети” өңдүү экстремистчил уюмдардын “сексуалдык зордуктоолору, аялдарды сексуалдык кулчулукка сатуулары жана күчтөп күйөөгө берүүлөрү” менен өзгөчөлөнөт.

БУУнун башкатчысы 13-апрелде жарыялаган докладда куралдуу топтордун сексуалдык зордук-зомбулуктарына терең тынчсыздануу айтылат. Бул изилдөөдө дүйнөнүн 19 өлкөсүндө сексуалдык жана башка зордуктоолорду жасаган 45 экстремисттик уюшма көрсөтүлөт. Алардын арасында Ирак менен Сириядагы “Ислам мамлекети” тобу, Нигериядагы “Боко Харам”, Мали жана Сомалидеги “аш-Шабаб”, “ал-Каиданын” Ливан, Йемен, Ливиядагы бучкактары бар. Бул экстремисттик топтордун сексуалдык зулумдуктары алардын стратегиясы, идеологиясы жана каржы булактарынын максаты, ошондой эле террордук тактикасы деп белгиленет докладда.

Улуттар Уюмунун башкатчысынын жаңжалдуу аймактардагы сексуалдык зордук-зомбулуктар боюнча атайын чабарманы Зайнаб Хава Бангуранын айтымында, диний-экстремисттик топтордун сексуалдык кордоолору бүгүн мамлекеттер аралык мүнөзгө айланды:

Зайнаб Хава Бангура
Зайнаб Хава Бангура

- Биринчи эң маанилүү жана катаал көрүнүш - сексуалдык зулумдуктар террордук тактика катары колдонулууда. Бул өлкөлөр, региндор аралык экстремисттик жана террордук топтор күчөгөндөн улам болууда. Береги нерсе биз үчүн чоң проблема.

Акыркы жарым жылда Иракта 1,5 миңдей аял ушундай идеологиянын курмандыгы болду. Жихадчылар Иракта туткунга алган же уурдаган этностук жана диний азчылыктардын же алардын идеологиясына моюн толгогон адамдардын кыз-келиндерин Сириянын базарларында сатышкан.

Атайын чабарман Зайнаб Хава Бангура 14-апрелде Улуттар Уюмунун сайтында чыккан аудиомаекте айтышынча, террорчул уюмдар диний жана этностук азчылыктарды байыртан байырлаган жерлеринен кууп чыгып, алардын табигый кен байлыктарга мол жерлерине ээ болууну көздөшөт.

- Экинчи көрүнүш-адамдар этностук, диний жана сексуалдык азчылык болгону үчүн чабуулга алынууда; алар табигый кен байлактары мол жерлерден күчтөп айдалууда же Колумбиядагыдай, ал жерлерди маңзаттарын өстүрүү үчүн пайдаланышат же “Ислам мамлекети” тобу жана башкалар сыяктуу ал жерлерди басып алууну каалашат.

Сексуалдык забын-зордуктарга каршы күрөшүү маселеси былтыр июнда Лондондо өткөн дүйнөлүк конференцияда да талкууланган. Береги жыйында сүйлөгөн Улуттар Уюмунун элчиси, атактуу киноактриса Анжелина Жоли жаңжалдуу аймактарда аялдарга сексуалдык запкы көрсөткөн адамдарды жоопкерчиликке тартууга чакырган:

- Биз эч качан билбей калыптырмын дегенге ынанбашыбыз керек. Биз мындай чатактарга аралашкан адамдар жазаланбай калуусун токтотуубуз абзел. Анүчүн согуш аймактарындагы зордуктоолор эл аралык уюмдардын, БУУнун Коопсуздук кеңешинин, региондук уюмдардын жана бул жыйынга чогулган ар бир өлкөнүн тышкы саясатынын күн тартибиндеги башкы темасы болушу шарт.

Анжелина Жоли Ирактагы йезид азчылыктары менен жолугууда. 25-январь, 2015-жыл
Анжелина Жоли Ирактагы йезид азчылыктары менен жолугууда. 25-январь, 2015-жыл

Улуттар Уюмунун жогорудагы доклады “Боко Харам” уюмунун желдеттери Нигериянын түндүгүндөгү Чибок шаарындагы мектеп-интернаттан 219 кызды уурдап кеткен окуяга бир жыл болоор алдында жарыяланды. 2014-жылы 14-апрелде уурдалган секелек кыздардын тагдыры бүгүнгө дейре беймаалым. Былтыр майда Нигерия өкмөтү кыздарды бошотууга жардамдашчу маалымат үчүн 300 миң доллар сыйлык жарыялаган.

Бул окуя дүйнөдө чоң нааразылыктарды жараткан. АКШ, Кытай жана башка мамлекеттер Нигерияга окуучу кыздарды табууга жардамдашабыз деп убада кылган.

“Боко Харам” уурдалган кыздарды жана аялдарды, Улуттар Уюмунун акыркы докладында көрсөтүлгөндөй, уруп-сабап же өлөсүңөр деп коркутуп жатып, күйөөгө чыгарат.

Эл аралык мунапыс уюмунун билдиришинче, 2014-жылдын башынан бери согушчандар 2 миңдей кызды жана аялды ашпоздукка, сексуалдык кулчулукка жана желдет кылуу үчүн уурдашкан.

XS
SM
MD
LG