Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:40

UWC кыргызстандык окуучуларды күтөт


Эл аралык коллеждер биримдиги (UWC) Кыргызстандын 9-10-класстарынын окуучулары үчүн Германия менен Свазиленддеги алдыңкы университеттерде акысыз окуу үчүн эки орун бөлдү. Мектеп окуучулары үчүн ачылган бул конкурс тууралуу биримдиктин Кыргызстандагы өкүлү Салтанат Сандыбаева “Азаттыкка” айтып берди.

"Азаттык": UWC деген кыргызстандык окуучулар үчүн жаңы нерсе. Бул биримдиктин түпкү маанисин түшүндүрүп бере аласызбы?

Салтанат Сандыбаева: Буга чейин бир да кыргызстандык мектеп окуучусу UWC мектептеринде окуган эмес. Биздин балдар ушундай программа бар экенин билчү эмес, дүйнөдөгү мыкты мектептердин башын бириктирген уюм тууралуу маалыматы жок эле. UWC - "United World Colleges" же "Дүйнөдөгү коллеждердин биримдиги" деп которулат. Бул 16 өлкөдөгү 17 коллежден турган уюм.

Салтанат Сандыбаева.
Салтанат Сандыбаева.

Уюм э​л аралык стандарттагы аттестат берген система менен иштейт. Кадыресе мектептерден айырмасы - окуу системасындагы көп тараптуулук, бардык тармакты камтыганы болсо керек. Жакында эле бул биримдиктин Сингапурда өткөн конференциясына катышып келдим.

Биз UWCге кирген эки мектеп менен тааныштык. Алардын билим берүү системасына көз салдык. Биринчиден, ал жакта 9-10-класстын балдары билим алышат. Дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдөн чогулган балдар экен. Эгер дүйнөнү кыдырып чыгуу мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, анда бул коллежден бардык улуттун өкүлдөрүн жолуктурса болот.

"Азаттык": Кыргызстандык мектеп окуучуларына быйыл канча орун берип жатышат? Окуу акысызбы? Ага тапшыруу шарттары кандай? Мектеп окуучулары деп жатпайсыңбы, ага канчанчы класстын балдары тапшыра алышат?

Салтанат Сандыбаева: Кыргызстан быйыл бул биримдикке алгач ирет кирип жаткандыктан, биздин окуучуларга эки орун берилди. Орундардын бирөө Германиянын Роберт Бош мектебине, экинчиси Африкадагы Свазиленд өлкөсүнө берилген. Германияга өткөн окуучунун бардык каражаттары UWC тарабынан каржыланат. Ал эми Свазиленддики жарым-жартылай каржыланат. 2018-жылдын 15-январына чейин www.kg.uwc.org сайтынан каттоого турса болот.

Конкурска 15-16 жаштагы бардык мектеп окуучулары катыша алышат. Сайтта атайын анкета бар. Аны толтуруп, суроолорго жооп бериш керек. Эң башкы талап - англис тилин мыкты билүү. Буга кошумча математика сыяктуу негизги сабактардан да суроолор берилет. Мектеп окуучусунун кошумча талант-шыгы бар болсо да сынактын жыйынтыгына кошумча упай кошулат.

Лидерлик сапаттары, кыйын учурда жол таба билүү, аналитикалык ой жүгүртүүсү текшерилет. 15-январдан кийин катышуучуларды тестирлөөгө чакырабыз. Быйыл эле бул программага киргендиктен, эң күчтүү, акылдуу окуучуларды тапканга аракет кылабыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG