Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

АКШ 11-сентябрь алааматын эскерүүдө


АКШнын Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларында дүйнөдөгү эң ири террордук чабуул жасалганына туура он бир жыл болду.

Салт боюнча Нью-Йоркто бир кездери Дүйнөлүк соода борбору жайгашкан жерде ал каргашалуу күнү набыт болгон 3 миңдей кишинин ысымдары окулат. Экинчи президенттик мөөнөткө аттанган Барак Обама АКШ исламга каршы эмес, "ал-Каида" жана терроризм менен күрөшүп жатканын баса белгиледи.

АКШ тарыхындагы эң ири теракттардын курмандыктарын эскерүү иш-чаралары ошондой эле Пентагон менен Пенсилванияда өтүүдө. 2001-жылдын 11-сентябрында "ал-Каиданын" согушкерлери ала качкан учактар Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борбору жана Коргоо министрлигинин имараттарына чабуул жасашкан. Дагы бир учак жүргүнчүлөр террористтерге туруштук бергенден кийин Пенсилвания штатында кулап түшкөн.

Экинчи президенттик мөөнөткө талаптанып жаткан Барак Обама каргашалуу окуянын 11 жылдыгын утурлай сүйлөгөн сөзүндө Америка эч качан ислам, же башка бир динге каршы согушпайт деп кайталады:

- 11 жылдан кийин бир дагы душман, бир дагы террордук кол салуу бизди өзгөртө албайт деп так айта алабыз. Биз – америкалыктарбыз, сүйүктүү өлкөбүздү коргойбуз жана сактап калабыз. Кайгылуу окуянын жылдыгында арабыздан кеткен адамдарды эскерели, алар коргогон баалуулуктарды бекем тутаарыбызды көрсөтөлү. Бирдиктүү өлкө, бирдиктүү улут катары алдыга жыла берели.

Теракттардан кийинки 11 жылдын ичинде "ал-Каиданын" көпчүлүк лидерлери, алардын катарында уюмдун ана башы Усама бин Ладен жок кылынды.

Үстүбүздөгү аптада террористтердин азыркы жетекчиси Айман ал-Завахри анын орун басары Абу Яхья ал-Либи июнда Пакистанда америкалык пилотсуз учактын соккусунан набыт болгонун бышыктады. Ак үй ал-Либини "ал-Каиданын" башкы менежери деп атачу.

Бин Ладен демекчи, бир нече күн мурун америкалык Си-Би-Эс телеканалы "ал-Каиданын" ана башын өлтүрүү операциясына катышкан атайын күчтөрдүн мурдагы мүчөсү, "Оңой эмес күн" деген чуулгандуу китептин автору менен алгачкы маекти көрсөттү.

Марк Оуэн деген ат менен белгилүү офицер Исламабаддын чет жакасындагы үйдө болгон окуяларды баяндаган. Операциянын айрым жагдайлары Вашингтондун расмий версиясына каршы болуп чыкты. Буга чейин Пентагон аны аскердик сырды шардана кылгандыгы үчүн сот жообуна тартарын эскерткен.

АКШ сая түшүп көзүн тазалаган террорчулардын саны өскөн сайын, тилекке каршы 11-сентябрь кол салууларынын кесепеттеринен көз жумган адамдар да көбөйүүдө.

Кесиптик коопсуздук жана саламаттыкты сактоо боюнча Улуттук институт 10-сентябрда жарыялаган маалыматка ылайык, ошол теракттардын натыйжасында пайда болгон ар кыл илдеттер адам өмүрлөрүн дагы эле алып кетүүдө. Алсак, Дүйнөлүк соода борборунун имараттары кыйраган кезде жайылган уулуу чаңдын айынан соңку 11 жылда 1 миңдей киши каза тапты. Нью-Йорк шаарынын өрт өчүргүчтөр бөлүмү ал күнү 55 кызматкери жан бергенин айтып келсе, бүгүн эскерүү тактысына 64 кишинин ысымы жазылган.

Дүйшөмбүдө АКШ өкмөтү 11-сентябрь теракттарынан жабыркагандарга медициналык жардам берүү программасына рак оорусунун дагы 50 түрүн киргизди.

Ал тапта Нью-Йоркто 11-сентябрга арналган музейге байланышкан чыр жөнгө салынды. Ал тууралуу дүйшөмбүдө Нью-Йорк жана Нью-Жерси штаттарынын губернаторлору, Нью-Йорк шаарынын мэри жарыялашты. Улуттук музейдин баасы боюнча талаштын айынан курулуш иштери бир нече айдан бери токтоп турган.

Баштапкы план боюнча ал 11-сентябрда ачылмак. Бирок музейдин жетекчиси эскерүү комплексин бүткөрүү үчүн дагы бир жылдан ашуун убакыт керек деп билдирди. Долбоор 164 миллиард долларга бааланууда.

XS
SM
MD
LG