Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:45

АКШ: Экиге бөлүнгөн Конгресс


Өкүлдөр палатасынын жаңы спикери Жон Бейнер биринчи сессияны ачып жатып, толкунданып, көз жашын жашыра алган жок. Вашингтон, 5-январь, 2011-жыл
Өкүлдөр палатасынын жаңы спикери Жон Бейнер биринчи сессияны ачып жатып, толкунданып, көз жашын жашыра алган жок. Вашингтон, 5-январь, 2011-жыл

АКШда жаңы Конгресс ант берип, ишин баштады. Былтыр ноябрда болгон шайлоодо республикалык партия жеңип, Өкүлдөр палатасында кайрадан үстөмдүк кылып калды.

Президенттин партиялаштары Сенатта көпчүлүктү сактап калууга жетишкен. Байкоочулар Конгресстин жаңы курамынын ишке кириши менен Кошмо Штаттарда оңой эмес саясий сезон башталып жатат дешет.

Конгресстеги Өкүлдөр палатасынын спикери болуп республикачыл көпчүлүктүн лидери Жон Бейнер шайланды. Ал бул кызматта демократтардын өкүлү Нэнси Пелосини алмаштырды.

Бейнер эми республикачыл депутаттар шайлоо кампаниясында берген убадаларын аткарып, элдин ишенимин акташы керек деп билдирди: "Биз бүгүн оңой эмес кырдаалда чогулуп жатабыз. Ар бир 10 жараныбыздын ичинен дээрлик бирөө жумушсуз. Америкалык үй-бүлөлөр медициналык тейлөө үчүн барган сайын кымбат төлөп жатышат. Карызыбыз жакында бүтүндөй улуттук экономиканы жаап калат. 112-конгресстен көп иш-аракет жана чечкиндүү кадамдар талап кылынат. Биз маселелерди чечүүнү колго алышыбыз керек. Элдер өзгөрүүлөр үчүн добуш беришти. Биз бүгүн алардын үмүтүн актоого киришип жатабыз".

Ноябрда өткөн шайлоонун натыйжасында Конгресс экиге бөлүнүп калган. Өкүлдөр палатасында республикачыларга 242 мандат, демократтарга 193 мандат тийсе, Сенатта президент Обаманын демократ партиялаштары 6 орун жоготушканы менен, чакан көпчүлүктү сактап калышты.

Эми демократтардын жаңы демилгелери катуу каршылыкка туш болчудай. Республикачылар атүгүл буга чейин кабыл алынган айрым мыйзамдарды кайра карап чыгууга белсенип жатышканын жашырышпайт.

Атап айтканда, партиянын лидерлери федералдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн 100 миллиард долларга кыскартууну, эмгек кодексин өзгөртүүнү, салык системасын реформалоону, мыйзамсыз имиграцияга каршы чараларды күчөтүүнү, эл аралык жардамга кеткен каражатты кыскартууну жана президент администрациясынын ишин жакындан анализдеп чыгууну көздөп жатышат.

2-январда NBC News каналына берген интервьюда республикачыл сенатор Линдсей Грэхэм шайлоо америкалыктар карыздардын көбөйүшүнө чечкиндүү чараларды күтүп жатышканын көрсөттү деди: "Акыркы шайлоодо ачык айкын ишара айтылды. Америка эли демократтардын 2008-2010-жылдары жүргүзгөн саясатына нааразы. Себеби карыздар көбөйдү. Өкмөттү эпсиз кеңейтип жиберишти".

Кийинки аптада Конгрессте көпчүлүктү түзгөн республикачылар Барак Обаманын эң дымактуу долбоорун жокко чыгаруу аракет ин баштоого ниеттенишүүдө. Сөз саламаттыкты сактоо системасын реформалоо жөнүндө жүрүп жатат. Былтыр жазында кол коюлган жаңы мыйзамга ылайык, 30 миллиондон ашуун америкалыктар медициналык камсыздоого ээ болушмакчы. Аны ишке ашыруу үчүн орто класстын өкүлдөрүнө салык жеңилдиктери берилип, кирешеси аз америкалыктар үчүн Medicare программасын кеңейтүү каралган. Бул программа бюджеттен каржыланат жана 65 жаштан улуу жарандарга медициналык кызмат көрсөтүүнү тейлейт. Оппозиция мыйзам өлкөнү социализмдин жолуна түртүп жатат деп сындап келатат.

Бирок спикерлик кызматынан кетип жатып, Пелоси партиялаштары менен бирге демократтардын жетишкендиктерин коргоого бар аракетин жумшай турганын журналисттердин алдында белгиледи: "Өкүлдөр палатасындагы демократтар америкалыктардын экономикалык коопсуздугун камсыздоону ойлоп кабыл алган чечимдерди - саламаттыкты сактоо жана банк системаларын реформалоо долбоорлорун мурдагыдай эле жактайбыз".

Обама болсо экономикалык өсүш же жумуш орундарын түзүү өңдүү маанилүү маселелерде республикалык партия менен кызматташууга жетишсе болот деген үмүттө.

XS
SM
MD
LG