Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

АКШ президенти «эң оор жумалар алдыда турганын» эскертти


АКШ президенти Дональд Трамп. 2-апрель, 2020-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп. 2-апрель, 2020-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп өлкөдө коронавирустан көз жумгандар көбөйүшү ыктымал экенин эскертип, жаңы илдетке каршы күрөшкө көп сандагы аскерлер тартыларын кошумчалады.

«Тилекке каршы, алдыдагы эки жумада адам өлүмү көп катталат»,-деди Трамп 4-апрелде Ак үйдөгү брифингде. Ал Нью-Йорк жана Луизиана сыяктуу штаттар баарынан көп жабыркарын кошумчалады.

АКШ президентинин айтымында, учурда бийлик ар бир штат канча санда өпкөнү жасалма деп алдыруучу аппаратка жана башка тийиштүү каражаттарга муктаж экенин тактап жатат.

Америка ушул тапта коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны боюнча биринчи орунда турат. 5-апрелге карата 312 миңдей кишиден COVID-19 аныкталып, сегиз жарым миң киши каза тапты.

XS
SM
MD
LG