Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Обама-Ромни: "Оома" шайлоочулар кимге ыктайт?


Биринчи теледебат кезде республикачыл талапкер Митт Ромни суроого жооп берип, президент Барак Обама угуп турган кез. Денвер, 3-октябрь 2012
Биринчи теледебат кезде республикачыл талапкер Митт Ромни суроого жооп берип, президент Барак Обама угуп турган кез. Денвер, 3-октябрь 2012

16-октябрда биринчи теледебатта өзүн сөөгү бош көрсөтүп койгон демократ-президент Барак Обаманын алдында албан милдет турат.

Президент шайлоочуларды өз мүдөөсүнө ишендирип, республикачыл Митт Ромнинин сөзүнүн кемтигин таап, анысын элге ачып айтып, шайдоот болууга тийиш. Акыркы сурамжылоолорго караганда, 6-ноябрдагы президенттик шайлоодо Обама жана Ромнини колдойбуз дегендердин саны теңчамал болуп калган жана талапкерлер үчүн “оомачыл” шайлоочулардын маанайын өзгөртүү маанилүү.

90 мүнөттүк теледебат бул жолу Нью-Йорктун колтугундагы Хемпстид шаарчасындагы Хофстра университетинде өтөт. Президентке талапкерлер ички-тышкы саясат боюнча алып баруучу-модератор ылгап койгон суроолорго катар, аудиторияда отурган жөнөкөй адамдарга түз жооп беришет.

Жеймс Төрбер Вашингтондогу Америка университетинин Конгресс жана президенттик изилдөөлөр борборунун башчысы.

Анын оюнча, президент Обама
Америкалыктар биринчи теледебатты Денвер универстетинин сыртына орнотулган экрандан көрүшүүдө. 3-октябрь, 2012
Америкалыктар биринчи теледебатты Денвер универстетинин сыртына орнотулган экрандан көрүшүүдө. 3-октябрь, 2012
учурду колдон чыгарбоо жана демилгени колго алуу үчүн телетаймашта аябай илбериңки болушу зарурат:

- Президент Обама профессордой болгондон көрө өзүн дилгир талапкердей көрсөтүшү абзел. Ал өзүн жайдары кармап, стратегиясы элге жеткендей айкын жана ою тунук болушу, жумуш менен камсыздоо боюнча эмне кылганы жатканын даана айтышы зарыл. Бул дебатта, өзгөчө, аудиториядан берилген суроолорго астейдил мамиле жасап, жообун Америка элине багыттоосу шарт. Ошондой эле өз позиция менен Ромнинин позициясынын айырмасын көрсөтүш керек.

Эксперттердин айтышынча, шейшемби күнү дебатта залда отурган адамдардын суроолорун түз беришкени Обама үчүн оңтойлуу. Себеби ал Ромниден айырмаланып, бейрасмий жагдайда өзүн эркин кармап, элдин көңүлүн таап сүйлөгөнгө көнгөн.

Таймашка Обама жардамчы-кеңешчилери менен Виржиния штатындагы чакан курортто акырыкы үч күн камданышты. Жардамчыларынын билдиришинче, президент эмне үчүн анын саясаты Мит Ромнинин саясатына караганда орто катмардын кызыкчылыгына мыкты жооп берерине шайлоочуларды ынандырганга камбыл турат.

Мит Ромни сөз эрөөлүнө Бостон шаарынын четинде даярданды. 3-октябрдагы 1-теледебаттан берки күндөрү Ромни жана башка республикачыл саясатчылар Ливиянын Бенгази шаарындагы АКШ консулдугуна жасалган чабуулга өзгөчө көңүл бурушту. 11-сентябрдагы чабуулда АКШ консулу жана үч америкалык өлгөн. Муну алар Ак үй чет өлкөдөгү өлкөнүн коопсуздугун камсыздай албайт деп сындоо үчүн пайдаланышты.

Денвердеги теледебаттан кийин президент Обама жары Мишель Обаманын кучагында. 3-октябрь, 2012
Денвердеги теледебаттан кийин президент Обама жары Мишель Обаманын кучагында. 3-октябрь, 2012
Фрэнк Ньюпорт Gallup Poll сурамжылоо мекемесинин башкы редактору. Ал президентке талапкерлер согуш темасына көп токтобойт деп боолгойт. Анткени америкалыктар үчүн экономиканын абалы жана жумушсуздук маанилүү экенин сурамжылоолор көрсөткөнүн айтат:

- Талапкерлер сурамжылоолордун жыйынтыгын окушат. Алардын өз изилдөөчүлөрү да бар. Ошон үчүн алар элге маанилүү темалардан жакшы кабардар. Митт Ромни же Обаманын Ооганстанды талкуулаганын укпаганыбыз себеби, алардын масилээтчилери бул маселе коомчулук үчүн маанилүү эмес, бул басым жасачу өзгөчө тема эмес деп айтышкан да.

Ал эми Жеймс Төрбер болсо, Барак Обама биринчи телеэрөөлдөгүдөй кенебес болбой, Ромни өкмөттүн иши же болочок планы тууралуу жасачу билдирүүлөргө өз баасын айбат берүүгө тийиш деп эсептейт:

- Президент, менин оюмча, губернатор Ромнини акыркы эрөөлдө жасаган түрдүү билдирүүлөрүн кайталаганга түртөт. Өзгөчө өкмөттүн колун караган америкалыктардын 47 проценти тууралуу өнөктүк маалында айткан сөзүнө көңүл бурат.

Сурамжылоор көрсөткөндөй, 3-октябрдагы алгачкы теледебаттан кийин кээ бир шайлоочулар Митт Ромниге ооп кетишкен. Мисалы, Демократтык партиянын тапшырмасы боюнча жүргүзүлгөн иликтөө президент Обаманын төрт жылда жетишкен ийгиликтери жөнүндө дебатта айткан сөзү көз карандысыз жана жалгыз бой аялдар жакшы муюткан эмес.
XS
SM
MD
LG