Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Дүйнө Обаманы куттуктап жатат


АКШ -- Барак Обама жеңишке жеткени билинген алгачкы мүнөттөрдө. Чикаго, 6-ноябрь, 2012.
АКШ -- Барак Обама жеңишке жеткени билинген алгачкы мүнөттөрдө. Чикаго, 6-ноябрь, 2012.

Дүйнө лидерлери АКШдагы президенттик шайлоодо жеңген Барак Обаманы жеңиши менен куттуктоодо.

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Обаманы экинчи ирет президент болуп шайланышы менен куттуктап, аны Сириядагы согушту тезинен токтотууга, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин кайрадан жандандырууга кечикпей киришүүгө чакырды.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Обама менен алдыда трансатлантикалык мамилелерди жакшыртыш үчүн бирге иштейбиз деп үмүттөнүп жатканын айтты.

"Мен президент Барак Обаманы кайра шайланышы менен куттуктайм. Биз бири-бирибизди жакшы билебиз. Мен Обама менен Германия-АКШ, кеңирирээк айтканда, Евробиримдик-АКШ ортосундагы алаканы да жакшыртыш үчүн иштейбиз дегим келет. Мен ага бүгүн ийгиликтерди каалагым келип турат", - деди Меркел.

Владимир Путиндин расмий өкүлү билдиргендей, орус президенти Обаманын кайра шайланышын “чоң сүйүнүч” менен кабыл алды жана Вашингтонго куттуктоо телеграммасын да жиберди.

Ал эми премьер Дмитрий Медведев шаршембиде Вьетнамдагы маалымат жыйынында сүйлөп, Обаманы жакшы билээрин, Орусия үчүн ал “алдын ала оюн болжоп билсе боло турган саясатчы” экенин айтты. Бирок эң оболу ал президент болуп Митт Ромни шайланбай калганына кубанып жатканын жашырбады.

"Биринчиден, мен дүйнөдөгү эң ири жана таасирдүү мамлекеттердин биринин башына Орусияны өзүнүн душманы деп билген адам келбегенине сүйүнүп жатам, - деди орус премьери. - Бул күлкүнү келтирет, акылынан адашкандык".

Биргелешкен билдирүүсүндө Еврокомиссиянын президенти Хосе Мануэл Баррозу менен Евробиримдиктин президенти Херман Ван Рөмпөй алдыда Обама менен “тыгыз кызматташтык” улантыла берет деп ишенишээрин айтышкан.

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен болсо Обаманы куттуктап, анын евро-атлантикалык мамилени жакшырткан “өзгөчө лидерлик” сапатын мактап өттү.

Британиянын премьер-министри Девид Камерон алдыда Обама менен кызматташтыкты улантууга дилгир экенин билдирди.

"Мен Барак Обаманы кайра шайланышы менен куттуктайм. Мен акыркы бир нече жыл аны менен иштешкениме аябай кубанычтамын жана биздин кызматташтык дагы алдыдагы төрт жыл бою улантылат деп сүйүнүп турам", - деди британ премьери.

Франциянын президенти Франсуа Олланд Обама республикачыл талапкер Митт Ромнини жеңгенин АКШ үчүн “бул өлкө глобалдык маселелер менен дагы да тыгыз байланышта болоорун билдирген сигнал” деп атады. “Обаманын жеңиши Кошмо Штаттары эле эмес, бүтүн дүйнө үчүн маанилүү нерсе”, - деди ал.

Өзүнүн мурдатан берки душманы Иран менен мамилеси боюнча Обаманын дипломатиялык аракеттерине ичи чыкпаган Израил деле баары бир АКШнын президентин жеңиши менен куттуктоодон четте калган жок.

Президент Шимон Перез өз сөзүндө “Обама Ирандын ядролук программасы жаратып жаткан коркунучту кандай кылса да жок кылууга аракет кылат” деп толук ишенээрин билдирди.

"Ал террор, согуш коркунучун жок кылыш үчүн колдон келгендин баарын жасайт деп ишенем. Ал Иран жөнүндө мурда айтканын жасайт. Мен буга толугу менен ишенем. Азыр ага жүктөлүп жаткан жоопкерчилик оңой нерсе эмес", - деди жөөт президенти Перес.

Ал арада Палестинанын президенти Махмуд Аббас да өзүнүн куттуктоосун жиберип, Обаманы кантсе да Жакынкы Чыгышта тынчтыкка жетишүү аракетин улантууга үндөдү.

Ооганстандын жана Пакистандын президенттери Хамид Карзай менен Асиф Али Зардари экөө тең Обаманы кайра мамлекет башчылыгына келиши менен куттуктап, Кошмо Штаттары менен мамиле дагы жанданат го деп үмүт артышаарын айтышты.

Ал эми талип козголоңчулары тараткан билдирүүсүндө Обаманы Ооганстандагы согушта утулганын моюнга алуу менен аскерлерин тезинен өлкөдөн чыгарып кетүүгө чакырышты.

Кытайдын Тышкы иштер министринин айтымында, президент Ху Цзиньтао менен премьер-министр Вен Цзябао Обамага телефон чалып куттукташкан.

Ал эми Сириянын оппозициялык кыймылы – Сирия Улуттук кеңеши – өз өлкөсүндөгү жаңжалды чечүү вазийпасы Обаманын негизги максаттарынын бири болот го деп үмүт артаарын айтты.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да 8-ноябрда эртең менен Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обаманы экинчи ирет мамлекет башчысы болуп шайланышы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында: "Кыргызстан менен АКШ ортосундагы өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу кызматташуу мамилелери, өз ара урматтоо жана кыргыз-америка мамилелерин мындан ары кеңейтүүгө биргелешип багыт алуу, өз ара мамилени реалдуу мазмун менен байытуу мамлекеттерибиздин элдеринин кызыкчылыктарына жооп берет жана Борбордук Азияда экономикалык өнүгүүнүн милдеттерин практикалык жактан чечүүгө жана коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшөөрүнө ишенем", - деп айтылат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG