Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Жээнбеков: Cаясий маданиятты үйрөнсөк


Барак Обаманын шайлоодогу утушу, АКШ-Кыргызстан алака-катышы тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” маек курду.

Равшан Жээнбеков: Америкалык изилдөөчү, эксперттердин айтымында, Барак Обама жеңет деген сөздөр бар болчу. Бирок акыркы мүнөткө чейин экөөнүн тең мүмкүнчүлүктөрү бирдей экенин бардыгы эле баса белгилеп жатышкан.

Керек болсо айрым эксперттер Ромни өтөт деп да ойлоп жатышкан. Анткени акыркы төрт жыл ичинде бийликте турду, алар экономикада көп өзгөрүүлөрдү жасай алган жок. Экономика ошол кыйын абалда турат, өсүү жок, жумушсуздуктун деңгээли өзгөргөн жок.

Жалпысынан Американын абалы оор, ошондуктан Митт Ромни утуп кетиши мүмкүн деген ойлор да бар болчу.

“Азаттык”: Талапкерлердин шайлоодогу маданиятынан Кыргызстан үлгү алса болобу? Анткени Ромни ошол замат жеңилгенин мойнуна алып, Обаманы куттуктаганга жетишти. Кыргызстанда “жеңилген күрөшкө тойбойт” деп ушул багытта көп сындар айтылып келет.

Равшан Жээнбеков: Туура айтасыз. Кыргызстанда күчтүү, турукташкан саясий маданият жок.

Экинчиден, Кыргызстанда атаандаштык да жок. Аны бир эле мамлекеттин ичинде шайлоо убагында эле эмес, Жогорку Кеңештин ичинде да чече албай жатабыз. Мисалы, Америкада президенттер өздөрүнүн партиясында абдан чоң атаандаштыктан суурулуп келип, андан кийин эки партия бири-бири менен атаандашып, жеңилгени Митт Ромниге окшоп жеңилгенин мойнуна алып, саясий маданиятын көрсөтүп жатат. Жаңы шайланган президентти биринчилерден болуп өздөрү куттуктаганы чындыгында эле жогорку деңгээлдеги саясий маданият болуп эсептелет.

“Азаттык”: Америкадагы шайлоого дүйнө жүзү кулак түрүп, көз салып турушту. Социалдык тармактарда кызуу талкууланды. Эң кымбат шайлоо болгонун эске албаганда АКШдагы шайлоо эмнеси менен баалуу?

Равшан Жээнбеков: Бүгүнкү күндө Америка алсыраганына карабастан баары бир дүйнөдөгү күчтүү мамлекет. Экинчиден, Американын саясаты башка мамлекеттерге таасирин тийгизбей койбойт. Өзгөчө бизге окшогон чакан мамлекеттерге. АКШнын президенти кандайдыр бир деңгээлде саясий, социалдык, экономикалык турмушубузга таасир бергендиктен бүт бардык мамлекеттер шайлоого кунт коюп, кызыгуу менен мамиле кылышат.

“Азаттык”: Шайлоо өнөктүгү маалында Ромни да, Обама да көп нерселерди айтышкан. Мисалы, Ромни тышкы саясат боюнча бир катар сындарды айткан болчу. Ошондуктан Митт Ромни президент болуп калса, АКШнын саясатында өзгөрүүлөр болот деп божомолдонуп жаткан. Эми Обама Ромнинин айрым айткандарын эске алышы мүмкүнбү?

Равшан Жээнбеков: Мен антип айта албайм. Анткени өзгөчө тышкы саясат боюнча экөөнүн көз карашы башкача болчу. Мисалы, Барак Обама дүйнөдө сый, башка мамлекеттер менен эсептешкен, дипломаттык саясатты жүргүзөм десе, Митт Ромни өзгөчө диктатордук мамлекеттерге АКШнын көз карашы катаал болорун, дипломаттык мамиле эмес, катуу мамиле түзөбүз деген оюн айтып келген. Бул эки ача пикир.

Ошондуктан Обама Ромнинин саясатын жетекчиликке албайт. Ал буга чейин төрт жыл жүргүзгөн саясатын улантат болуш керек. Обаманын убагында АКШ Орусия, Кытай менен жеңилирээк, сый мамиледе болгон. Ушул эле мамиле уланышы мүмкүн. Ошол эле учурда Кыргызстанга болгон саясаты деле ошол бойдон калат.

Кийинки кезде эки өлкөнүн саясатын өтө жакшы деп айта албайбыз. Америка мурдагыга караганда Кыргызстанга каржылык жардам бербей калды, биздин бюджетке көп колдоолор болбой калды. Өздөрүнүн кандайдыр бир деңгээлде жардамдары бар, алар уланып жатат. Бирок мурункудай көңүл буруусун токтотту.
XS
SM
MD
LG