Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Обама тарапкерлери “Обамада”


Сүрөттө Барак Обаманын Атлантадагы тарапкерлери жеңишти майрамдашууда.
Сүрөттө Барак Обаманын Атлантадагы тарапкерлери жеңишти майрамдашууда.

Барак Обаманын жеңишин Бишкектеги америкалыктар “Обама” аттуу барда белгилешти.

Чар тарабына Барак Обаманын сүрөттөрү илинген Бишкектеги “Обама” барына таң эртеден Кыргызстандагы америкалыктар чогула баштаптыр. Биз барга келгенде студенттер, ыктыярчылар, ишкерлерден турган он чакты америка жаранын кездештирдик. Алардын көпчүлүгү экиден-үчтөн бөлүнүп, өз-өзүнчө отуруп алышкан экен. Айрымдары бири-бири менен сүйлөшүп жатса, кай бири компьютерлерин чукулап, шайлоонун жыйынтыгын карап жатты.

Орто жаштагы америкалык ишкер Билл Райарсон демократтардын жеңишин бул жолу Бишкекте белгилегенине кубанганын айтты:

- Биз Барак Обама кайрадан шайланганын угуп алып, “Обама” барына белгилөө үчүн келдик. Мен мындай жыйынтык болоорун күткөм. Ошентсе да кээ бир пессимист адамдар Обама жеңиштен куру калат деп ойлошкон. Чындыгында Обама барандуу ийгиликке жетти. Менимче, Обама жеңгенден кийин АКШнын саясаты мурдагы боюнча эле калат. Америкада шайлоонун жыйынтыгы кеминде түнкү саат он экиден кийин айтылат. Андан соң уктап каласың. Азыр болсо жыйынтыкты таң эрте уктум. Эми жеңишти белгилөө үчүн менде бакандай бир күн бар.

Барга келгендердин көпчүлүгү Барак Обама үчүн добуш беришкенин жашырышкан жок. Маселен, Колорадо штатынан келип, Кыргызстанда изилдөө жүргүзүп жүргөн студент Дуглас Винтер “Азаттыкка” өз чечимин түшүндүрүп берди:

- Биз Обамага добушубузду бердик. Бирок алгач Обама жеңилип калабы деп сарсанаа болдук. Азыр болсо сыра ичип, тамак жеп, майрамдап жатабыз. Жеке өзүмдү алсам, мен Обамага ардагерлер, аялдар жана гомосексуалдардын укуктарын коргоо жатында жүргүзгөн саясаты үчүн добуш бердим.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2200гө жакын америкалык шайлоочу бар. Президенттик шайлоодо алардын көпчүлүгү интернет аркылуу Кыргызстанда туруп эле добуш берип коюшту. Алардын бири Нью-Жерси штатынан келген студент Конор:

- Бизде өлкө ичинде болбогондор үчүн атайын система иштейт. Мен Нью-Жерси үчүн бюллетенимди бир жума мурда интернет почта аркылуу жөнөтүп жибердим. Анда мен президент үчүн добуш бердим. Мен Обаманын экономика жаатындагы, өлкө ичиндеги жана тышкы саясатын колдойм. Ал Американы жана дүйнөнү жаркын келечекке алып келерине ишенем. Азыркы саясий кырдаалды эске алганда Обама экономика тармагына көбүрөөк көңүл бурат жана дүйнөлүк аренада чоң секирик жасайт деп ойлойм. Конгресстеги тарапкерлеринин колдоосу менен Обаманын тышкы саясаттагы таасири күчөп жатат.

Барак Обаманын жеңишин белгилөө үчүн Бишкектеги “Обама” барына келген америкалыктардын арасынан республикачыл Ромнинин тарапкерлерин табуу кыйынга турду. Аларды издеп жатып, кыргызча билген америкалыктарды да жолуктурдук. Ак-Талаада ыктыярчы болуп иштеп жаткан пенсильваниялык Аарон Мидлонг жана аламүдүндүк ыктыярчы Саша Бироу “Азаттык” менен ой бөлүштү:

Аарон Мидлонг: Эгер Митт Ромни жеңсе деле жеңишти майрамдамакпыз. Шайлоодогу эң маанилүү нерсе - бул демократия. Андыктан ким жеңсе да майрамдайбыз.

Саша Бироу: Төрт жылда Обама жакшы иштеди. Бул нерсе уланат деп ишенем.

Кыргызстанда жүргөн америкалыктардын көпчүлүгү жаңы шайланган президент экономикага жана тышкы саясатка көңүл бурса деген ниеттерин билдиришти.


Шайлоодогу жеңиш Бишкекте да белгиленди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:04 0:00
XS
SM
MD
LG