Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:46

АКШ менен Ирандын лидерлери жолугуп калышы ыктымал


Кошмо Штаттары менен Иран алты жылдан берки эң жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөргөнү жатышат. Иран менен АКШнын башкы дипломаттары 26-сентябрда Нью-Йоркто дагы беш өлкөнүн өкүлдөрү менен чогуу жыйын өткөрөт.

26-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунда өтө турган жолугушууга Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф, АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри, Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусиянын тышкы иштер министрлери катышмакчы.

Иран менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсү жана Германиянын ортосундагы сүйлөшүүдө Ирандын ядролук программасы жана ага байланыштуу Бириккен улуттар уюму киргизген оор санкциялар талкууга алынат.

Ак үйдүн билдиришинче, БУУнун башкы жыйынынын чегинде Ирандын жаңы президенти Хасан Роухани менен АКШнын президенти Барак Обаманын да көздөшүп калышы ажеп эмес.

24-сентябрда Обама менен Роухани баш жыйындын 68-сессиясынын ачылышында чыгып сүйлөшүүдө.

АКШ менен Ирандын ортосундагы эң жогорку жолугушуу 2007-жылы АКШнын ошол кездеги мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен Ирандын мурдагы тышкы иштер министри Манучехр Моттакинин ортосунда Египеттин Шарм эл-Шейх курортунда өткөн эле.

АКШ менен Ирандын 1980-жылдан бери дипломатиялык алакасы жок. 1979-жылдагы Ирандагы Ислам ыңкылабынан кийин Вашингтон бул өлкө менен алакасын токтотуп койгон. Ал ыңкылапта төңкөрүшчүлөр АКШнын Тегерандагы элчилигин басып алышып, Вашингтон колдогон Ирандын шахы кулатылган болчу.

Роухани бүгүнкү Ирандагы салыштырмалуу сабырдуу саясатчы деп саналат. Ал июндагы добуш берүүдө шайлоочулардын кеңири колдоосуна ээ болгон.

Роуханинин буга чейинки айткандарына караганда, ал Ирандын ядролук программасы боюнча ийкемдүү иш жүргүзө тургандай. Ага чейинки президент Махмуд Ахмединежад Ирандын ядролук программасы менен катар башка маселелерде да Батыш менен тирешкен мамиледе болуп келген.

Ядролук маселеден тышкары АКШ менен Иран Сирия жаңжалы боюнча да караманча эки башка турумда болуп келатышат. Тегеран Сириянын президенти Башар ал-Асаддын кызуу жактоочусу болсо, Вашингтон Асаддын бийликтен кетишин талап кылып, химиялык курал колдонулган деген шек менен Сирияга сокку ураарын эскерткен.

Ирандын тышкы иштер министри Зариф 23-сентябрда Нью-Йоркто Европа биримдигинин тышкы иштерин тейлеген Кэтрин Эштон жана Британиянын тышкы иштер катчысы Уиллиам Хааг менен жолукту.

Сүйлөшүүдөн кийин Хааг кабарчыларга эгер Иран өзүнүн ядролук программасы атомдук курал жасоону максат кылат деген Батыштын шектенүүсү боюнча "конкреттүү кадамдарга барса", ортодогу алакалар оңолушу мүмкүн экендигин билдирди:

– Британия президент Рохуани менен тышкы иштер министри Зарифтин Ирандын тышкы дүйнө менен мамилесин жакшыртуу тууралуу билдирүүлөрүн колдойт. Биз ал билдирүүлөрдү талкуулап, аларды ишке ашыруунун жолдорун сөз кылдык. Азыр Иранга сөзүн иш менен айкаштырууга убакыт келди. Эгер мындай кадамдар жасалса, иштиктүү мамиле түзүүгө мүмкүн болот.

Иран ядролук программасы курал жасоо максатын көздөбөйт деп келатат. Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Иранга уранды байытуудан баш тартканы үчүн төрт катар санкция киргизген. Анткени байытылган уранды энергия өндүрүү үчүн да, ядролук куралга да колдонсо болот.

АКШ менен анын өнөктөштөрү да өз санкцияларын киргизишкен. Натыйжада Ирандын экономикасында чечүүчү мааниге ээ болгон мунай экспорту кыскарып, ошондой эле өлкөнүн эл аралык банк системасынан колдонуу мүмкүнчүлүгү чектелип калды.

XS
SM
MD
LG