Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

АКШ-Сауд Арабия: Иран эл аралык нормаларды жосунсуз бузду


Cауд Арабиянын АКШдагы элчиси Адел ал-Жубейир. Cүрөт 2007-жылы тартылган.
Cауд Арабиянын АКШдагы элчиси Адел ал-Жубейир. Cүрөт 2007-жылы тартылган.

Эки өлкө Вашингтондогу сауд элчисин өлтүрүүнү пландаштырууга катышы бар адамдарды жоопко тартууга бирге аракеттенет.

Ак үйдүн билдиришинче, эки жак мындай бүтүмгө президент Барак Обама жана падыша Абдулла береги окуя боюнча пикир алмашкандан кийин келди.

АКШ президенти менен Сауд Арабия падышасы ирандык эки жаран мерчемдеп, ишке ашпай калган кутумду “фундаменталдык эл аралык нормаларды, этиканы жана мыйзамды жосунсуз бузуу” деп аташты. Мындай билдирүү шаршемби күнү Барак Обама жана Абдулла падыша телефондон баарлашкан соң жасалды.

11-октябрда АКШ бийликтери Саудиянын Вашингтондогу элчисин жок кылууну көздөгөн кутумдун бети ачылып, ага Ирандын коопсуздук күчтөрү менен байланыштагы ирандык эки жарандын тиешеси бар экенин маалымдаган.

Алар Саудиянын Вашингтондогу элчиси Адел ал-Жубейирди ресторанда бомба жардырып өлтүрүүнү пландашкан.

Кутумчулардын бири, Мансур Арбабсияр 1,5 миллион долларлык операцияны ишке ашыруу үчүн АКШдагы банктардын бирине 100 миң доллар жөнөткөнү тастыкталган.

Иран жана АКШ жарандыгы бар Арбабсияр камакка алынып, айыбын мойнуна алган. Анын соту 25-октябрда башталат. Арбабсиярдын шериги Гулям Шакури АКШ тараптын ырасташынча, азыр Иранда жүрөт.

Бирок мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон ашкере болгон кутум “Ирандын эл аралык террорчулукка улам көп аралашып баратканын күбөлөйт”,-деп билдирди. Анын өкүлү Виктория Нулэнд Вашингтон Иранга эл аралык саясый-экономикалык кысымды күчөтүүнүн амалын кылып жатканын жарыя кылды:

- Качан да болсо, биз бул сыяктуу санкция жасаганда, бөтөн өлкөлөрдү биздин кадамыбызды көрүп, аларда мүмкүнчүлүгү болсо, колдон келген чараны колдонуусуна дем беребиз. Ошол эле мезгилде, балким алардын байланышы биздикинен бөлөкчө болушу ыктымал. Ал үчүн алардан Иран менен болгон карым-катнашын карап көрүүнү, кандай экономикалык жана саясый чараны колдоно аларын таразалап көрүүнү сурайбыз.

Нулэнд айымдын айтышынча, Кошмо Штаттар кээ бир өлкөлөрдүн мурда Иранга каршы киргизилген эл аралык санкцияларды толук аткаруусун талап кылат.

АКШнын Каржы министрлиги 12-октябрда кутумга тиешеси бар деп шектелген беш адамга жана “Махан” аба жолдор компаниясына каршы санкция жарыялады.

Мансур Арабсияр Нью-Йорктун Манхэттен райондук сотунда сурак берип жатканда тартылган сүрөтү. 11-октябрь, 2011
Мансур Арабсияр Нью-Йорктун Манхэттен райондук сотунда сурак берип жатканда тартылган сүрөтү. 11-октябрь, 2011
Министрликтин билдирүүсүндө, Шакури катарындагы төрт адам Ирандын “Кудс” атайын күчтөрүнүн мүчөсү экени, ирандык авиакомпания болсо “Кудс” менен Ливандагы шиит согушчандарынын “Хезболла” тобун ташыганы белгиленет.

Иран бийликтери бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин айтып, АКШнын Тегерандагы кызыкчылыгын коргогон Швейцариянын элчилиги аркылуу нааразылыгын билдирди.

Тышкы иштер министри Али Акбар Салехи болсо баштап койгон “бузук оюну үчүн АКШ бир күнү кечирим сурайт” деп сөз бергенин Ирандын өкмөттүк булактары кабарлашты.

Перс булуңундагы өлкөлөрдүн Кызматташуу кеңеши ашкере болгон кутумду “эл аралык мыйзамдарды жана келишимдерди адепсиз бузуу” деп сындашты.

Бул тушта америкалык гезиттер 56 жаштагы Мансур Арбабсиярды эч нерседен тайбас жанкечтиден көрө “жолунан адашкан өң карама” деп мүнөздөшүүдө. “Нью-Йорк Таймстын” жазышынча, Техаста инженердик кесипке окуган Арбабсияр түрдүү иштерди баштап, баарын чыр-чатак менен соттошуп жатып бүткөн. Эски дос-тааныштарынын айтымында, эки аялы менен тең ажырашып кеткен Арбабсияр не динге, не саясатка кызыккан эмес. Туш келгенде марихуана чегип, аракты каалашынча ичет экен. Арбабсиярдын экинчи аялы Аустин шаардык телеканалга курган маегинде мурдагы күйөөсүнүн ак экенине ишенгенин билдирди.

"Ассошэйтед Пресс" агенттиги америкалык ырасмий булактарга шилтеп кабарлаганга караганда, ирандыктардын бети ачылган кутуму профессионалдык эмес деңгээлде уюштурулган жана анын жүрүшүндө бир катар орой жаңылыштыктарга жол берилген.

XS
SM
MD
LG