Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Орус бийлигинин аракеттери сынга кабылды


Кошмо Штаттар, Евробиримдик жана эл аралык укук коргоо уюмдары Орусиядагы тынч митингге чыккан жүздөгөн адамдардын кармалышын айыпташты. Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын болжол менен 1560дай тарапташы 12-июнда Орусиянын бир катар шаарларында өткөн коррупцияга каршы демонстрациялар маалында кармалышкан.

Ар кандай маалыматтар боюнча баш калаа Москвада кармалгандардын саны 850дөн ашса, Санкт-Петербург шаарында 500дүн тегерегинде болду.

Орусия милициясынын 12-июндагы аракеттерине байкоо салган Москвада жайгашкан "ОВД-Инфо" бейөкмөт уюму билдиргендей, кармалгандардын көбү 13-июндун таңында бошотулду.

Саясат таануучу Дмитрий Орешкин "Азаттык" радиосунун орус кызматына курган маегинде каршылык акциялары басаңдабай, тескерисинче, күчөп жатканын белгиледи.

- Миңден ашык адамды камашты. Алар эми эртеби, кечпи бошотулушат. Он миңдеген адамдар дагы бир жолу, ал эми айрымдар биринчи жолу бийликтин аларга болгон мамилесин түшүндү. Басаңдабай эле, каршылык акциялары оргуштап, жаңы адамдар кошулуп, айыл жергелерине да тарап баратат. Беш жыл мурда бул бир гана чоң шаарларда өтчү көрүнүш эле.

Навальный 12-июнда баш калаадагы уруксатсыз акцияны баштаар алдында үйүнүн алдында кармалды. Шейшембиге караган түнү Москванын Симоновский соту Навальныйды 30 күнгө камоо чечимин чыгарды. Ал экинчи ирет митинг өткөрүү эрежелерин бузуп, тартип коргоо органдарына баш ийбегени үчүн айыпталды. Иш менен таанышууга убакыт сураган Навальныйдын адвокаттарынын өтүнүчүн сот четке какты. Навальный шаар бийликтеринин тоскоолдуктарына карабай ушунча элдин топтолушуна сыймыктанарын сот өкүмүн күтүп жатып журналисттерге айтты.

- Мен өз көзүм менен акцияны көргөн жокмун. Москва менен Санкт-Петербургда көп адам чогулганын билем. Эки жакта тең бийлик тыюу салуу менен митингге чыккандардын санын азайтууга аракет кылышты. Ошого карабай ушунча киши чыкканына сыймыктанам.

Навальныйдын чакырыгы менен эл митинг өткөрүүгө уруксат берген Сахаров атындагы кең көчөгө чыкпай, Тверь көчөсүнө жөнөшкөн. Бийлик демонстранттардын бул кадамын провокация деп атады. Бул пикирге Сахаров проспектисине келгендердин айрымдары да кошулушту.

- Биз бул жерге келдик. Анткени дал ушул жерде мыйзамдуу митинг өтүп жатат. Навальный атайын ушундай чагымчыл кадамга барып, биздин жана силердин балдар майрам белгилеп жаткан жакка элди алып жөнөйүн деди. Навальный бар жерде ызы-чуу бар,-деди акцияга чыккандардын бири.

Оппозициячыл активист Юлия Галямина да Навальныйдын акыркы мүнөттө кабыл алган бул чечими Сахаров кең көчөсүнө чыккандарды сыйлабаган кадам болуп калды деп эсептейт. Ал эми Навальныйдын дагы бир тилектеши Илья Яшин буга бийликтин аракеттери түрттү деп эсептейт.

- Мен ар кандай конспирологиялык гипотезаларды угуп жатам. Мен Сахаров кең көчөсүнөн алыс эмес жашайм. Өз көзүм менен көргөндөй, Навальныйдын командасы акыркы мүнөттөргө чейин аянттагы сахна, үн маселесин чечкенге аракет кылышты. Бирок мэрия буга болушунча тоскоолдук кылды. Ошол себептен ушундай кадамга барышты. Менимче бул туура чечим болгон.

12-июнда Вашингтондогу Ак үй Орусияны бардык кармалган демонстранттарды бошотууга чакырып, кармоолор "негизги демократиялык баалуулуктарга шек келтирерин" айтты.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини тынч акцияга чыккан демонстранттарды кармоо эркин пикир билдирүүнүн негиздерине коркунуч келтирерин айтса, Эл аралык Мунапыс уюму демонстранттарга каршы күч колдонууну “бийликтердин фундаменталдык адам укуктарын толугу менен тебелөө” катары сыпаттады.

Буга чейин 26-марттагы антикоррупциялык жүрүшкө Орусия боюнча он миңдеген адам катышып, Москвада полиция миңдей адамды кармап, анын ичинде Навальный 15 суткага кесилген болчу.

Өкмөткө каршы акцияларга Навальный жетектеген "Коррупцияга каршы күрөшүү фонду" быйыл мартта жарыялаган фильм себеп болгон. Анда Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин мүлктөрү иликтенет. Фонд премьердин декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлктөрү деп Орусиянын булуң-бурчундагы жана Италиядагы хансарайларды, жер тилкелерди, жүзүмзарларды, андан тышкары яхталарды көрсөткөн.

Оппозициячы Алексей Навальный 2018-жылкы президенттик шайлоого катышарын да жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG