Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:02

АКШ менен Кытай аскердик сүйлөшүү жүргүзөт


Кытай аскерлери Циндао шаарынын аэропортунда. 9-июнь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттар менен Кытай аскердик чөйрөдө сүйлөшүү өткөргөнү жатат. АКШнын 26-июнда Бээжинге барган коргоо министри Жим Мэттис жолугушууларда стратегиялык деп эсептелген маселелерге көңүл бурары күтүлүүдө. Ал ушул айдын башында Кытайды Түштүк-Кытай деңизиндеги аралдарды аскерлештирип жатканы үчүн кескин сындаган, ал эми Бээжинге сапарын утурлай Кошмо Штаттар Арктикада өз турумун бекемдөөгө умтулушу керек экенин айтып чыкты.

Пентагондун башчысы буга чейин Бээжинде акыркы ирет 2014-жылы болгон. Андыктан Жим Мэттистин бул иш сапары - президент Дональд Трамптын администрациясындагы коргоо министринин Кытайда биринчи жолу болушу:

- Бул менин биринчи иш сапарым. Мен алар стратегиялык карым-катыш деп эмнени түшүнөөрүн билгем келет. Алар менен сүйлөшүү үчүн бара жатам, - деди Мэттис Вашингтондон жолго чыккандан кийин кабарчылар менен болгон маегинде. Ал ошондой эле Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан арылышы да сүйлөшүүлөрдүн башкы темаларынын бири болорун кошумчалады.

АКШнын коргоо министри Бээжинге келген учур. 26-июнь, 2018-жыл.
АКШнын коргоо министри Бээжинге келген учур. 26-июнь, 2018-жыл.

Бээжинден болсо Кытайдын Коргоо министрлигинин өкүлү Пентагондын башчысынын 26-28-июндагы иш сапарында эки армиянын мамилеси боюнча пикир алышуу болорун, Кытай аскердик карым-катышты эки өлкөнүн жалпы кызыкчылыгына жана эл аралык коомчулуктун күткөнүнө төп келген иш деп эсептей тургандыгын, аскердик мамиле эки өлкөнүн алакасында турукташтыруучу маанилүү жагдай экенин билдирди.

АКШ менен Кытайдын алакасы боюнча адистер адатта алардын карым-катышына “стратегиялык ишенбестик” деген мүнөздөмө беришет.

Ушул айдын башында АКШнын коргоо министри Сингапурдагы эл аралык конференцияга катышкан. Анда ал Кытайды "Түштүк-Кытай деңизиндеги аралдарды милитаризациялап жатканы" үчүн кескин сындап, эгер бул жараян улана берсе кесепеттери оор болорун эскерткен.

Бээжин анда АКШнын сынына Түштүк-Кытай деңизи анын “суверендүү аймагы” экенин баса көргөзүү менен жооп берген:

- Биринчиден, "Кытайдын Түштүк-Кытай деңизин милитаризациялашы" деген маселени көтөрүп калп айтууну токтоткула. Экинчиден, Түштүк-Кытай деңизинин аймагында кыйынчылык жаратууну токтоткула. Үчүнчүдөн, Кытай кандайдыр аскердик кемеден же учактан коркпойт. Тескерисинче, өлкөнүн эгемендигин жана коопсуздугун, Түштүк-Кытай деңизиндеги тынчтыкты жана туруктуулукту коргош үчүн чечкиндүү түрдө тиешелүү чара көрөбүз, -деген Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чунинг 6-июнда.

Анын бул сөздөрүнүн алдында АКШнын B-52 бомба таштоочу учагы Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу аралдын жанынан учуп өткөнү кабарланган.

АКШнын аскердик кемеси Түштүк-Кытай деңизинен өтүп бараткан кези. 2017-жыл.
АКШнын аскердик кемеси Түштүк-Кытай деңизинен өтүп бараткан кези. 2017-жыл.

Түштүк-Кытай деңизи - эл аралык соодада үчүн маанилүү жол. Бул деңиздин бөлүктөрүн Кытайдан Вьетнам менен Тайвандан тышкары Бруней, Малайзия, Филиппин да талашып жүрөт. Жакында Бээжин бул дениздеги Спратли аралдарына кемеге каршы ракеталарын, “Жер-Аба” тибиндеги ракеталарын, башка аскердик жабдуусун жайгаштырып, Вуди деген аралга бомба таштоочу учагын кондурган. Бул тууралуу 26-июнда “Ассошейтед пресс” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Талдоочулардын түшүндүрмөсүндө, Түштүк-Кытай деңизи аркылуу азыр дүйнөлүк сооданын 40% жүрөт же жылына 5 триллион доллардык товар ташылат, деңиз ошондой эле мунай менен газга бай, ошондуктан анын мааниси зор.

Спратли аралы. 2015-жылы тартылган сүрөт.
Спратли аралы. 2015-жылы тартылган сүрөт.

АКШнын коргоо министри Кытайдагы иш сапарына чейин Аляскага да тийип өттү. Ал Орусия, Кытай менен катар Арктика аймагында өз турумун бекемдөөгө Кошмо Штаттар да умтулушу зарыл экенин, анын ичинде жээктерди кайтарууну күчөтүп, муз жаргычтарды жана башка атайын кемелерди көбөйтүшү керек экенин айтты.

Мунай менен газдын эң ири кору бар экени айтылып жүргөн, мааниси улам артып бара жаткан Арктикада Кытайдын аймагы же жээги жок.

Түндүк муз же Арктика океанынын көрүнүшү.
Түндүк муз же Арктика океанынын көрүнүшү.

Анткен менен Бээжин жыл башында Арктикадада жаңы кеме жолдорун өнүктүрүүнү президент Си Цзиньпиндин “Бир жол - бир алкак” долбооруна кошуу пландарын жарыялаган болчу.

Муздуу чөлкөмдө жаңы деңиз жолдорун ачуу мүмкүнчүлүгү глобалдык жылуулуктан улам пайда болду.

Кытай буга чейин өз тарабынан муздуу чөлкөмдөгү кол тие элек кен байлыктарды өздөштүрүүдө Греландияга жардам бере баштаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG