Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Сенатор Макконнелл Обамага колдоо көрсөттү


АКШ Конгрессинин жогорку палатасы - Сенаттагы республикачыл көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл менен президент Барак Обама. 8-сентябрь, 2011-жыл
АКШ Конгрессинин жогорку палатасы - Сенаттагы республикачыл көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл менен президент Барак Обама. 8-сентябрь, 2011-жыл

Президент Барак Обамада Иран менен түзүлгөн ядролук келишим боюнча республикачыл конгрессмендер менен тирешүүдө “ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү чоң”.

Мындай пикирин АКШ Конгрессинин жогорку палатасы - Сенаттагы республикачыл көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл 17-августта өзү жашаган Кентукки штатынын бизнесмендери менен жолугушууда айтты.

АКШ Конгрессинин эки палатасында тең республикачылар үстөмдүк кылат. Ушундан улам Сенат жана Өкүлдөр палатасы Иран менен алты держава түзгөн ядролук келишимди жактырбайт деп боолгонууда. Келишимди конгрессмендер сентябрь айында колго салышат. Президент Обама эгер ядролук келишимди жокко чыгарган мыйзам долбоору кабыл алынса, вето укугун пайдаланып, аны өткөзбөсүн мурдатан эле айтып жүрөт. Президенттин ветосун аттап өтүү үчүн республикачыларга конгрессмендердин үчтөн экисинин добушу керек.

Президент Барак Обама вето укугун пайдалануусу үчүн Сенаттагы 34 жана Өкүлдөр палатасындагы 146 демократтын колдоосуна ээ болушу абзел. Буга чейин Иран менен 14-июлда жетишилген келишимди колдоорун 20 сенатор-демократ билдирген. Ал эми Өкүлдөр палатасынан 48 демократ колдоору анык.

Обама “Эки палатанын ар биринде үчтөн бир плюс бир добушка ээ болсо, жеңиши мүмкүн. Ошондуктан анда азырынча ийгиликке жетүү ыктымалы чоң”, - деди Сенаттагы республикачыл көпчүлүктүн лидери Митч МакКоннелл 17-августта Кентуккидеги жолугушууда.

"Ассошиэйтед пресс" агенттигинин билдиришинче, МакКоннелинин алдагы сөзү демократтар менен республикачылар расмий эмес жагдайда айтып жүргөн кепти кайталайт.

Ушу чакта Тегеран менен келишимдин каршылары жана жактоочулары жайкы өргүүдө жүргөн конгрессмендерди өз тарабына оодаруу үчүн миллиондогон доллар сарптап, пропаганда жүргүзүшүүдө.

МакКоннеллдин айтымында, Сенаттагы кайсы бир республикачы келишимди колдоору күмөндүү. Кокус Обама вето укугуна зарыл добушка ээ болсо, анда келишимди келерки президент кайра карап көрүшү мүмкүн. "Эмки президент республикачыл партиядан болуп калышы ыктымал" деди сенатор.

Демократтар арасында президент Обаманын чоң дипломаттык ийгилиги деп саналган келишимге каршы чыкканы да бар. Ал партияда үчүнчү адам эсептелген сенатор Чак Шумер. Шумер менен Обама ортосундагы келишпестик сенатор 2003-жылы Иракка каршы согушту колдоп, добуш бергенден башталат деп түшүндүргөн 7-августта Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест:

- Президент Обама менен сенатор Шумер арасындагы эки башка көз караш 2003-жылга барып такалат. Бул баарын айтып турат. Ошон үчүн Шумердин билдирүүсү өкүнүчтүү болсо да Ак үйдөгү эч кимди таң калтырбады. Бирок бул Өкүлдөр жыйыны менен Сенаттагы демократтардын басымдуу бөлүгүн келишимди колдоого мобилизациялай алабыз деген ишенимибизди буза албайт...

18-августта ньюжерсилик демократ Роберт Менендез да Иран менен түзүлгөн ядролук келишимге каршы добуш бериши мүмкүн экенин каңкуулаган.

Ошол эле учурда аризоналык сенатор Жефф Флейк ядролук келишим үчүн добуш берерин жарыя кылган. “Анын акыр-аягында арабыздагы калган адамдар сыяктуу бүтүм жасаганы мени кубандырды. Андай чечим Американын кызыкчылыгына толук жооп бербейт”, - деди 17-августтагы кездешүүдө Сенаттагы республикачыл көпчүлүктүн лидери Митч МакКоннелл. Ал, өзү айткандай, Иран менен ядролук келишимге каршы болсо да, документ АКШ-Израил арасындагы узактан келаткан союздаштык мамилеге зыянын тийгизбейт деп ишенет.

XS
SM
MD
LG