Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:07

Ядролук келишимди аткартчу резолюция даярдалууда


"Кыян" гезитинин ядролук келишимге арналган сырткы бети. Иран, 15-июль 2015
"Кыян" гезитинин ядролук келишимге арналган сырткы бети. Иран, 15-июль 2015

АКШ Иран менен түзүлгөн ядролук келишимдин мазмунун кенен чагылдырган резолюциянын долбоорун даярдоодо. Дипломаттардын айтымында, долбоор 15-июлда БУУнун Коопсуздук кеңешине киргизилет.

Келишим республикачылар үстөмдүк кылган АКШ Конгрессинде катуу сындалат деп жоромолдонууда. Бирок президент Обама келишимди жокко чыгарган ар кандай чечимге вето жарыялаганга даяр турганын эскерткен.

Ядролук келишимдин деталдарын БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө тааныштырчу резолюция долбоорун АКШнын уюмдагы элчиси Саманта Пауэр даярдоодо. Бул резолюция Коопсуздук кеңеши Иранга каршы киргизген санкцияларды Вена келишиминде каралган чектөөлөр менен алмаштырат, дейт Пауэр айым.

Резолюцияны Коопсуздук кеңешинин вето укугуна ээ мүчөлөрү: Британия, Кытай, Орусия жана Франция колдошкон. Бул өлкөлөр АКШга катар Иран менен сүйлөшүүгө такай катышкан.

АКШнын Жакынкы Чыгыштагы союздашы Израилдин өкмөтү ядролук келишимди колдободу. Анын алдында президент Барак Обама премьер-министр Бинямин Нетаняху менен телефондон баарлашканда Вашингтондун коопсуздук боюнча Израил алдындагы милдеттенмеси өзгөрбөйт деп убада кылган эле. 14-июлда Ак үйдүн кабарлашынча, келишим “Ирандын терроризмди колдоосу жана Израилге багытталган коркутууларына байланыштуу тынчсызданууларды жокко чыгарбасын” да Обама айткан.

Премьер-министр Б. Нетаняху ядролук келишимге байланыштуу билдирүү жасоодо. Иерусалим, 14-июль 2015
Премьер-министр Б. Нетаняху ядролук келишимге байланыштуу билдирүү жасоодо. Иерусалим, 14-июль 2015

Нетаняху келишим Ирандын экономикалык абалын жакшыртып, терроризмди колдоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет деп кооптонот:

- Келаткан он жылдыкта келишим Иранга-Тегерандагы террорчу режимге-миллиарддаган доллар сыйлык ирети кайтат. Иран ченемсиз акчаны дүйнөдөгү террорчулугун, региондогу агрессиясын жана Израилди жок кылуу аракетин каржылоого сарптайт.

Дүйнө лидерлери Венада жетишилген келишимди жакташты. Бирок президент Обаманын тышкы саясаттагы чоң ийгилиги эсептелген келишим АКШ Конгрессинде катуу сынга кабылары айкын. Конгрессте көпчүлүктү түзгөн республикачылардын пикири тууралуу Сенаттын Аскердик тейлөөлөр комитетинин төрагасы Жон МакКейн мындай дейт:

- Бул келишим Иран эч качан ядролук куралга ээ болбосун деген демилгеден улам Иран жазыксыз жана чектөөсүз жүрбөс үчүн жаралганын биз билебиз. Бул келишимде Ирандын региондогу терроризмдин башкы демөөрчүлүгүнө тиешелүү эч нерсе жок. Ал төрт өлкөдө: Ирак, Сирия, Иран жана Ливанда жүргүзгөн агрессия да көз жаздымда калган.

Президент Хасан Роухани Бушер АЭСинин контролдоочу залында. Бушер порт шаары. 13-январь 2015
Президент Хасан Роухани Бушер АЭСинин контролдоочу залында. Бушер порт шаары. 13-январь 2015

Ядролук келишимди талдап, электен өткөрүү үчүн Конгрессте эки ай убактысы бар. Ага чейин Барак Обама АКШ Иранга каршы киргизген санкцияларды жеңилдете албайт. Бул мөөнөттү республикачылар Иранга каршы жаңы санкция киргизгенге же бар санкцияларды кармап турганга зарыл кол топтоо үчүн пайдаланышы ыктымал.

Ал эми көз карандысыз сенатор Берни Сандрес Иран менен алты держава макулдашкан келишимди эл аралык коомчулук үчүн чоң жеңиш деп билет:

- Мен оболу президент Барак Обамага, мамкатчы Жон Керриге азыркы оомал-төкмөл жана коркунучтуу дүйнөдө Иран ядролук куралдуу болуусуна жол бербеген келишимди түзүүдөгү эмгегине кол чабам. Бул чоң жетишкендик. Келишимдин жоболорунда шайтан жашынганы анык. Биз баарыбыз анын деталдарын изилдеп окушубуз керек. Бирок бул алдыга ташталган чоң кадам.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин АКШ даярдап жаткан резолюциясынын долбоору Ирандын ядролук келишимдин шартын аткаруу мөөнөтүн да аныктайт. Маалыматтарга караганда, эгер Иран келишимди бузса, резолюция экономикалык чара колдонууга уруксат берет, бирок ар кандай аскердик чара колдонуу жөнүндө анда сөз жок.

Ак үйдүн белгисиз калууну оң көргөн даражасы улук кызматкеринин Франс пресс агенттигине айтышына караганда, долбоор келерки аптада сунуш этилиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG