Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:47

Сирия согушун токтотууга кам көрүлүүдө


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын Мамкатчысы Жон Керри Парижде. 13.01.2014
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын Мамкатчысы Жон Керри Парижде. 13.01.2014

Сириядагы жарандык согушту токтотууда Ирандын ролу кандай болот? Бул суроо АКШнын Мамкатчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 13-январда Парижде өткөн кездешүүсүндө талкууланды.

Жон Керри кездешүүдөн кийинки маалымат жыйында Сириядагы куралдуу жаңжалга баткан эки жак тең согуш тынч жол менен жөндөлүш керек деген пикирде экенин билдирди. Согуш туткундарын алмашуу мүмкүнчүлүгү да оппозиция менен сүйлөшүлгөнү жана оппозиция өз колундагы туткундардын тизмесин түзө турганы да маалымдады.

Сириянын улуттук коалициясы 22-январда Женевада болчу сүйлөшүүгө катышар-катышпасын жума күнү чечет. Керри сүйлөшүүгө Сириянын улуттук коалициясынын төрагасы Ахмад Жарба катышат деп ишенет.

Иран өкмөтү Сирия президенти Башар Асаддын режиминин негизиги союздашы. Өлкөнүн тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф 12-январда Бейрутта жасаган билдирүүсүндө:”Биз эч кандай шарты жок чакыруу алсак гана “Женева-2” тынчтык конференциясына катышабыз. Бирок чакыруу алуу үчүн аракет кылбайбыз” - деди.

Жекшемби күнү АКШ Мамкатчысы Жон Керри Парижде сүйлөп, Иран тараптан Сириядагы кризисти жөндөө боюнча кандайдыр бир демилге болсо, аны колдоорун айтты. Анын сөзүнө караганда, Иран менен кызматташуу үчүн Тегеран 2012-жылы июнда жарыяланган “Женева коммюникесине” макул болушу абзел. Сириядагы чатакты жөндөө боюнча сүйлөшүүнүн биринчи айлампасында кабыл алынган бул документ Сирия оппозициясын Асад башындагы режимди алмаштырчу өткөөл өкмөттү таанууга үндөйт.

Керри айткандай, 22-январда Швейцарияда өтчү тынчтык сүйлөшүүсү Сирия оппозициясына ишенсе болобу деген суроого да жооп берүүгө тийиш.

Ар түркүн группалардын башын кошкон Сириянын улуттук коалициясы тынчтык сүйлөшүүсүнө катышар-катышпасын так айта элек. Президент Асаддын өкмөтүн кулатууну каалаган ондогон топтордун өкүлдөрү улуттук коалицияга кирбей калган деп сындалгандан кийин, оппозициялык күчтөрдүн эң ириси ушундай арсар позицияны карманууда.

11 мамлекеттин, анын ичинде АКШнын өкүлдөрү 12-январда Сирия улуттук коалициясынын төрагасы Ахмад Жарбага кайрылып, Швейцариядагы сүйлөшүүгө катышуусуна кепилдик бергенге чакырды. Ошол эле маалда Керри Жарба баштаган оппозиция өкүлдөрү тынчтык сүйлөшүүсүн улантуу үчүн Женевага келерине ишенет.

Сирия улуттук коалициясы Женевадагы тынчтык сүйлөшүүгө катышуу маселесин 17-январда колго салат. Сүйлөшүү башталар замат ок атууларды токтотууга макулдук берди.

Жон Керринин айтымында, сүйлөшүүгө Асаддын өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн да катышканына мүмкүнчүлүк бар:

- Асаддын режими тууралуу айтсак, бизге эң биринчи күндөн тарта алар сүйлөшүүгө даяр деп айтышкан. Орусиянын тышкы иштер министри Лавров мага бир нече мертебе алар сүйлөшүүдө болоорун дагы айтты. Ошентип эки тарап жана ошондой эле 30 же андан да көп мамлекеттер чогулуп, бул калайманды токтотууга аракет кылат деп ишенем.

Оппозиция лидери Жарба Сириядагы үч жылдан берки жарандык согушту токтотууда дипломатиялык аракеттер “маанилүү белестен” ашты деген оптимисттик маанайда. Бул согушта маалыматтарга караганда, кеминде 130 миң адам өлүп, миллиондор үй-жайын таштай качты.

XS
SM
MD
LG