Линктер

бейшемби, 21-февраль, 2019 Бишкек убактысы 20:10

Усубалиев өз атын көчөгө коюуга каршы болчу


Турдакун Усубалиев. Архивдик сүрөт.

Ишмердүүлүгү өлкөбүздүн тарыхындагы урунттуу окуялар менен ажырагыс байланыштагы Турдакун Усубалиевдин ысымын Бишкек шаарынын Киев көчөсүнө ыйгаруу демилгесин айрым депуттаттар көтөрүп чыгышты.

Буга мазмундаш демилгелер көчөгө, географиялык объектиге же калктуу конушка ысымын ыйгаруу Т. Усубалиевдин 80, 85 жылдык мааракелерине утурлай көтөрүлүп келген.

Азыр бийликте болбогон соӊ, менин пикирим менен чечим кабыл ала турган ыйгарым укуктуу кызматкерлер эсептешеби же жокпу, бул алардын иши. Бирок, өз оюмду коомчулукка жаран катары айтууга түрткөн айрым жагдайлар бар. Биринчиден, мамлекеттик ишмердин кадырына жетип, анын мурастарын барктоо - ушул учурдагы мамлекеттик, бүткүл коомдук маселе жана бизден кийинки нечен муундун озуйпасы. Экинчиден, Турдакун Усубалиевдин кеп-кеӊешин, акыл-насаатын көп уккан, нечен ирет жүз көрүшүп, пикирлешүү бактысына, биргелешип айрым урунттуу маселелерди чечүү сыймыгына туш болгон киши катары Т. Усубалиевдин ысымын көчөгө ыйгаруу идеясына өз оюмду билдирүүнү туура таптым.

Насили ак сөөк Турдакун Усубалиев саясатта көр пендечилик үстөмдүк кылган кезде жаманатты болуудан сактанууга, жалган жалаалардан факт менен актанууга мажбур болсо болгондур, асты мактанууга умтулуп же мактоого кызыккан эмес. 1999-жылдын башында Кыргыз Республикасынын өкмөтү токтом чыгарып, Т. Усубалиевдин 80 жылдык мааракесин өткөрүүгө белсенип кирише баштаган эле. Кайран киши өзү бул демилгеге каршы чыгып, «эч ким элге кылган эмгегин колко кылууга акысы жок, журт кыйналып турган чакта шатыра-шатман той өткөрүү натуура болот» деп каршы чыккан. Мен анда Кочкор районунда акимдин биринчи орун басары элем, кезиккенде да, телефон аркылуу сүйлөшкөнүмдө да маселени жеке мен чече тургансып, жарыктык киши мага өз позициясын чечмелеп түшүндүрүп берген эле. Ошентип, өз мааракесин өткөрбөө тууралуу адатынча ишенимдүү жүйөлөрдү келтирип президентке кат жазып, оозеки да кайрылып, ал өтүнүчү канааттандырылган болчу.

2011-жылы депутат Каныбек Иманалиев экөөбүз кеӊешип, «акыры кийин Т. Усубалиевдин үй-музейин түзүү зарылчылыгы келип чыгат, баары бир ысымын да ыйгарыш керек, ошондуктан өзү салдырган, илим-билимдин очогу болгон китепканага ыйгаруу туура болчудай, бирок а кишинин оюн угалы» деп атайы жолуктук. Экөөлөп оюбузду түшүндүрдүк, ынабады. Турдакун Усубалиев азыр да, кийин да кайсы бир объектинин атын өзгөртүп, ысымын ыйгарууга ошондо караманча каршы чыккан эле.

Кайсы бир мезгилде башка объектиге ысымын ыйгаруу тууралуу кыйытканыбызда эскерүү, мурасты тута билүү, улуулардын эмгегин барктоо, дегеле жол улап кетүү ар бир кийинки жетекчинин, ар бир кийинки муундун экзистенциалдык маселеси, ниетине жана дараметине жараша экенин бизге күлө багып айтканы бар.

Менин оюмча, Киев көчөсүнө (бардык азыр аты бар көчөлөргө же конуштарга сыяктуу эле) Т. Усубалиевдин ысымын ыйгаруу анча жаркын идея эмес. Биринчиден, жогоруда айткандай, ал кишинин өзү аты жатталып калган объектиге жаңы ысымды ыйгара салууга каршы болчу.

Экинчиден, Шабдан баатыр көчөсүнүн атын өзгөртүп, 7-апрель деп атап, ал эми Шабдан баатырдын ысымын Чүй проспектисинин бир кесимине ыйгара салган Бишкек шаарынын мэриясынын чечимин «Наше право» коомдук фонду сотко берип, азыр териштирилип жатат. Анткени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы 2020-жылы боло турган эл каттоого байланыштуу калктуу конуштардын жана көчөлөрдүн атын өзгөртүүнү токтото туруу тууралуу токтомуна ылайык, Бишкек мэриясы 2020-жылдын 31-декабрына чейин көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө мораторий жарыялаган. Сотто ушул жагдай жүйө катары келтирилген. Бул доо процессуалдык эрежелерге ылайык далайга чейин барат. Эми ушундай шартта «Т. Усубалиевдин ысымын ыйгарабыз, анын элесин түбөлүккө калтырабыз, 90 жылдык мааракесине ургаалдуу барабыз» деген изги ниет соттук териштирүү, коомдогу пикир келишпестик менен коштолбойт деп ким кепил боло алат? Анын ысымы кайым айтышуунун, ыксыз флэшмобдун, кир-чаӊгыл оюндардын бутасына алынса канттик? Ысымын Киев көчөсүнө ыйгаруу кайым айтышууга алып келсе, аны каалабаган Т. Усубалиевдин ысымына доо кетсе, Турдакун Усубалиевдин өзүндөй болуп кашкөйлүк менен коргоп чыга алабы, ошол чечимди кабыл алган муниципалдык бийлик? Же адатыбызча демилгечини сала берип, болбосо «каап, байкабай калыптырбыз, биз Айдын аркы бетине инвестиция тартып жүргөн кезде болгон окуя экен» деп бири бирибизге шылтап кутулабызбы? Көчөлөрдүн аттарын өзгөртүүнүн муниципалитеттин бюджет үчүн финансылык-экономикалык, жарандар үчүн коммуникативдик, турмуш-тиричилик пайда-зыянын, саясий, моралдык, идеологиялык кунун эсептеген киши барбы?

Стратегиялык чечимдерге эмес, реактивдүү кадамдарга көбүрөөк ыктап, алдын ала болжоп, изги окуя жараткандын ордуна, окуя болуп, боесу канган соӊ тез кубулуп туруучу коомдук пикирди ээрчиме, шашма, олдоксон аракеттенүү (же аракеттенимиш) адатыбыз кала элек болгондуктан ушул суроолор аргасыз жаралып отурат.

Ошондуктан Т. Усубалиевдин көчө менен чектелбей турган, бир муундун жашы менен өлчөнбөгөн, бир конушка, аймакка жана өлкөгө сыйбаган улуу мурастарын жалпы журттун байлыгына жана болочок муундун энчисине айлантуу зарыл. Акты ак дейт кыргыз баласы. Усубалиевдин экономикалык, маданий, интеллектуалдык жана саясий мурастарынын баркына жетүү озуйпасы туру, алдыбызда. Менимче, өкмөт муну жакшы билет, коом түшүнөт. Анткени бийлик жана коом «эсилим эгер кайра жаралсаӊ, биздин жерде туула көр» деп эл эӊсегидей кашкөй инсандарды, эл алдында ак кызмат өтөгөн журт аталарын жана эл куту болгон асылдарды урматтоо жана кадырлоо салтын бекемдөөсү абзел.

Алмаз Кулматов, мамлекеттик ишмер

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG