Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:25

Өзбек түрмөсүндө карантин аймагы курулат


Ташкент облусунун Зангиата районундагы аялдар колониясы.
Ташкент облусунун Зангиата районундагы аялдар колониясы.

Өзбек бийлиги Ташкенттин жанында түрмөдө коронавируска чалдыккандар үчүн карантин аймагын курууну пландаштырууда.

Бул тууралуу 4-августта Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында (ЖАМК) өткөрүлгөн ыкчам кеңешмеде айтылды. Маалыматка караганда жакында Ташкент облусундагы Ангрен шаарында жазасын өтөп жаткан 3000 киши баткыдай карантиндик аймак курулат.

Өзбек ИИМинин Курулуш башкармалыгы жана башка ыйгарым укуктуу органдары жаңы карантин зонасынын долбоорун башташты. Мындан тышкары, айрым жаза өтөө жайларында COVID-19 жуккандарга медициналык жардам көрсөтүш үчүн медициналык борборлорду түзүү пландаштырылган.

Атын атагысы келбеген ИИМдин өкүлү 4-августта ыкчам жыйынга катышканын жана ал жыйында кабыл алынган айрым чечимдер жөнүндө «Азаттыктын» өзбек кызматына айтып берген:

«Жолугушуу учурунда ЖАМКтын башчысы Адилов 300 миллион сум, төрт кычкылтек баллону, 60 даана пульсоксиметр жана бир нече жасалма дем алдыруучу аппарат «COVID-19 борборун» түзүүгө бөлүнгөнүн айтты. Мындан тышкары, донорлордон келген жана бюджеттик каражаттын эсебинен коронавируска чалдыккандарга дары-дармек жана Кытайдан жаңы тесттер сатып алынарын кабарлаган. Ташкенттин түрмөсүнүн коменданты Абдурасул Мажидовго бул маселе боюнча тийиштүү көрсөтмө берилди».

Министрликтин борбордук фондунан өлкөнүн жаза аткаруу мекемелеринде тез жайылып бараткан коронавируска каршы күрөшүүгө жетиштүү каражат бөлүнөрү да айтылды.

Өзбек түрмөлөрүндө күн сайын коронавирус жуккан кызматкерлер жана жаза өтөгөндөр көбөйүп баратканы маалым болду.

«Шашылыш өткөрүлгөн жыйында Бухара аймагындагы «​Каравулбазар» ​убактылуу кармоочу жайында коронавирус жуккан деген шек менен 70ке жакын адам, анын ичинде камактагылар, ыкчам кызматкерлер жана күзөтчүлөр карантинге алынганы белгилүү болду. Жолугушууда ошондой эле Ташкент облусунун Таваксай жана Алмалык шаарларындагы колониялардын 20 кызматкерине жана жаза өтөгөндөргө коронавирус диагнозу коюлганын билдик», - деди ИИМдин кызматкери.

Учурда Өзбекстандын башка түрмөлөрүндө, өзгөчө Ташкент облусунун Заңгиата районундагы аялдар колониясында COVID-19 канчалык жайылганы белгисиз.

Өзбекстандын туңгуч президентинин кызы Гүлнара Каримова да 2019-жылдын март айынан тартып дал ушул аялдар колониясында жазасын өтөп жатат.

Сот процесстери онлайн режимде, «​Таштүрмө» ​менен соттордун ортосунда түзүлгөн видео байланыш аркылуу өтөт.

Ал эми ушул эле райондо жайгашкан таанымал «Таштүрмө» же №1 тергөө изолятору күчөтүлгөн карантинге өттү. Улуттук гвардиянын офицерлери жана тергөө абагынын күзөтчүлөрү, ошондой эле камакта отурган жети киши коронавирус жуккан деген шек менен карантинге алынган. Бул тууралуу атайын бөлүмдүн башчысы майор Кахрамон Хасанов маалымат берди:

«Биздин бир нече кызматкерибиз ооруканага жаткырылган. Сот процесстери онлайн режимде, «​Таштүрмө» ​менен соттордун ортосунда түзүлгөн видео байланыш аркылуу өтөт. Биздин тергөө изоляторубузда катуу карантиндик чаралар киргизилген. Жакын арада бул балээден арылабыз деп үмүттөнөбүз».

Ошондой эле «Таштүрмөнүн» кызматкери Чаман Муминова камактагыларга тыштан келген тамак-ашты кабыл алуу убактылуу токтотулганын билдирген. Ал учурдагы оор кырдаалга байланыштуу камактагылардын адвокаттары жана жакын туугандары менен жолугушууга тыюу салынганын кошумчалаган.

Быйыл 22-майда өзбек өкмөтү атайын токтом кабыл алган. Ага ылайык, мындан ары өлкөдөгү түрмөлөрдө жана тергөө изоляторлорунда кармалган адамдардын өлүмү жана ден соолугунун абалы тууралуу маалымат жашыруун болбошу керек. Бирок ошого карабастан, расмий Ташкент жабык жайларда COVID-19 жугузган же өлгөн адамдардын санын коомчулуктан жашырып келет.

Ал эми 30-майда өзбек өкмөтү түрмөлөрдө коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирген.

10-августка карата Өзбекстанда коронавирус жуккандардын саны 30 миң адамдан ашып, каза болгондордун жалпы саны 196 кишиге жетти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG