Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Ташкен ажырашкандарды гезит менен коркутту


Ташкенттин мэри Рахмонбек Усманов.
Ташкенттин мэри Рахмонбек Усманов.

Өзбекстандын баш калаасы Ташкен шаарынын мэри өлкөдөгү ажырашуулардын санын азайтуу максатында мындан ары эки жолго түшкөн түгөйлөрдүн аты-жөнүн маалымат каражаттары аркылуу жарыяланып турарын билдирди. Бул тууралуу ал 17-октябрда өткөн расмий жыйында маалымдады.

Ташкен шаарынын мэри Рахмонбек Усманов 2016-жылдын тогуз айында 3586 түгөй ажырашканын билдирди. Бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 144кө көп дегенди билдирет. Ал эми жалпы статистикага ылайык, Ташкенде жаңы түзүлгөн бүлөлөрдүн 32% ажырашууга жеткен.

Бул көрсөткүчтү кыскартуу максатында Усманов эки жолго түшкөн түгөйлөрдүн аты-жөнүн ар бир 15 күн сайын кечки саат 11де "Ташкен" телеканалынан жарыялап, “Кечки Ташкен” гезитине чыгарып турууну сунуштады.

Мигрант күйөөлөр талап кылган ДНК-тест

Мигрант күйөөлөр талап кылган ДНК-тест

17-октябрда өткөн социалдык маселелерге арналган жыйынга бир катар жогорку даражадагы аткаминерлер катышты. Алардын арасында борбор калаанын башкы имамы Анвар Турсункулов, вице-премьер-министр Эльмира Боситкова, Ташкендин прокурору Батыр Кудратхаджаев жана полициянын башчысы Баходир Курбанов да бар.

Маркум президент Ислам Каримовдун бийлигинин маалында шаар мэрлигине келген Усманов мындай жол менен ажырашуулардын санын азайтса болот деп ишенет. Атургай бул кадам жардам бербесе ажырашкан түгөйлөрдүн сүрөттөрүн да телеканал аркылуу көрсөтөрүн эскертти.

56 жаштагы Рахмонбек Усманов Өзбекстандагы ажырашууларга келин менен кайнене ортосундагы пикир келишпестик себеп болуп жатканын айтты. Ошол себептен үй-бүлөдөгү талаш-тартыштардын жаралышына себепкер болгон келин-кайненелер телевизиондук ток-шоуларга да катышарын кошумчалады.

Өзбекстандык "Супер келинчек" тасмасынан алынган кадр.
Өзбекстандык "Супер келинчек" тасмасынан алынган кадр.

Шаар башчысы Усмановдун сөздөрү биринчи жолу мындай коомдук талаш-тартыш жаратып жаткан жок. Ушул жылдын март айында ал эки миллион калкы бар баш калаадагы трамвайларды “эффективдүү” эмес деп атап, бул транспорт жүргөн рельстер акырындан жок кылынарын айткан. Ал мындай чечими тууралуу бийлик чехиялык компаниядан 20 миллиондой долларга 20 жаңы трамвайдын кыймылдаткычын жана трамвай вагондорун сатып алгандан кийин айткан.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG